Кыргызстан-Тажикстан: чек арада ок атууну токтотуп, аскер күчтөрүн алып кетүүгө макулдашты

29-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда каза тапкан кыргызстандыктар саны 33 кишиге жетти.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 29-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда каза тапкан кыргызстандыктар саны 34 кишиге жетти

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын Баткендеги жолугушуусунда чек арада ок атууну толук токтотуу, аскерлерди чыгарып кетүү боюнча келишимге жетишилди.

Бул тууралуу жолугушуудан кийин эки өлкөнүн УКМК жетекчилери, делегацияларды баштап барган Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов маалымат берди.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Кечке жуук чек арадагы курчуган кырдаал турукташа баштаганы айтылууда. Буга чейин жаңжал учурунда Тажикстанда барымтада кармалды деп айтылып жаткан 10 кыргызстандык жаранды тажик тарап бошотту. Тажик жарандары Лейлектин Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев баштаган 10 кишини барымталап алган.

1-майда чек арадагы жалпы кырдаал оор болду. Кыргыз расмийлери кырдаал боюнча тынымсыз маалымат таратып турду.

УКМКнын Чек ара кызматы саат 18:15ке карата кырдаал салыштырмалуу стабилдүү деп маалымат таратты.

Өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсүнөн кийин ок атышууну токтотуу, чек арага жакын келген аскердик күчтөрдү артка алып кетүү тууралуу макулдашуу болгон. Тажикстан тараптан бөгөлүп калган Ош-Исфана жолу кайра ачылды деп айтылган расмий маалыматта.

Саат 16:00дө Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды.

УКМКнын саат 15:00гө карата билдирүүсүндө Тажикстан кошумча күчтөрдү жана техникаларды чек арадан чыгарып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузганын айтып чыкты. Тажик тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын чек арага топтоону улантып жатканы белгилүү болду.

Мунун алдында эле президенттер Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу кайра сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары эки тараптын чек ара аймактарынан бардык аскер техникалары чыгарыла тургандыгын дагы бир жолу тастыктады. Мындан тышкары, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасынын периметриндеги бардык аскердик техникаларга ревизия кылуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын биргелешкен комиссиясын түзүүнү макулдашышты",-деп айтылат расмий таратылган маалыматта.

Президент С.Жапаровдун кайрылуусу:

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Бүгүн түшкө жуук чек арадагы абал кайра чыңалып, Лейлек районундагы Арка айылына тажик аскерлери ок чыгарган. Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти деди УКМК.

Саат 12.45ге карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалганы айтылды.

"Баткен облусунун Лейлек районунун Арка жерлигинде тажик аскер кызматчылары Кыргызстандын жарандарнын турак жайларын көздөй ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган.Чек ара кызматынын чек ара турумдары коргонуу позицияларын ээлешти",-деп айтылат расмий кабарда.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев Аркадагы ок атуудан бир киши жаракат алганын ырастады.

"Болжолу мина коюлушу мүмкүн болгондуктан ал жерге өтө албай жатабыз. Үйлөр өрттөнгөнү көрүнүп турат. Тажик тарап айылды ээлеп алып, туусун илип алды деген маалымат чындыкка дал келбейт",-деди Суваналиев "Интерфакс" агенттигине.

"Кырдаал тынчый элек, тажиктер күч түзүмдөрүн толук алып чыгып кете элек. Жашаган жерин таштай качкан жарандар үчүн деп гумжардамдар келип жатат. Аны уюштуруу жагы кыйынга турууда. Себеби, жыйырма бир миңге жакын адам эвакуацияланды. Азыркы кырдаалда мындан башка эч нерсе айта албайм",-деди Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.

Тажик тарап Төрт-Көчө аймагында жолду толугу менен бөгөп алган. Тажикстан тараптан аскер техникаларынын кыймылдары байкалды деди чек ара кызматы.

Лейлекке жөнөтүлгөн гуманитардык жардам жол жабылгандыктан кайра артка кайтууга мажбур болгон.

Кыргызстан эки күндүк аза күтүү жарыялады. 29-30-апрелде, 1-майда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда каза тапкан кыргызстандыктар саны 34 кишиге жетип, 160тан ашууну жаракат алды.