Кыргызстан аза күтүүдө

Аянт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда президенттин жарлыгы менен 1-2-май күндөрү жалпы улуттук аза күтүү жарыяланды.

Улуттук аза күтүү учурунда өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу түшүрүлөт. Маданий, көңүл ачуучу программалар өткөрүлбөйт. Өкмөт курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрөт деп айтылды расмий таратылган маалыматта.

29-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда каза тапкан кыргызстандыктар саны 34 кишиге жетти.

Каза тапкандардын бири - Интернационал айылындагы он гүлүнүн бири ачыла элек, алтынчы класстын окуучусу Мадина Рахматжанованын дагы өмүрү жалп өчтү. Куралдуу кол салгандар айылдагы элди карай минометтон ок жаадырышкан. Ошондо Мадина менен анын энесине ок тийген.

Күйүп жаткан кых

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын Баткендеги чек арадагы окуяларга арналып тартылган иллюстрациялык сүрөтү

УКМК 29-апрелде кечинде болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" аскер бөлүгү үч кызматкеринен айрылганын ырастады. Андан сырткары 22 аскер кызматкери жаракат алган. Алардын экөөнүн абалы оор деп айтылган. Чек арадагы ок атышуудан 154 жаран жаракат алды.

Баткендин эки районундагы онго жакын айыл жабыр тартып, ондогон турак-үйлөр өрттөлдү. УКМК бир нече чек ара бекеттери жана тозотторуна ок атылып, өрт чыкканын билдирген. Ошондой эле 30га чукул май куюучу бекеттер өрттөлдү.Өкмөт жалпы чыгымдарды эсептеп бүтө элек.

Эксперттер бул окуялар чек ара жаңжалыбы же агрессиябы деген суроону коюп жатышат.

29-апрелде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайда тилкесиндеги электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаган. Пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр-чатак орун алды. Анын арты ок атышууга жетти. Мунун алдында эки өлкөнүн жергиликтүү бийлиги жолугуп, бирок маселе чечилген эмес.

Көк-Таш айылын көрсөткөн карта

Айрым кыргызстандык эксперттер жана журналисттер "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык экенин тастыктаган архивдик документтерди коомдук сайттарга жарыялашты. Анда СССР учурунда өткөн кылымдын 70-жылдары Кыргыз ССРинин мелиорация жана суу чарба министрлигинин буйрутмасы менен курулганы, Баткенге караштуу экени көрсөтүлгөн.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы 972 чакырым чек ара сызыгынын 375 чакырымы тактала элек. Чыр-чатактардын көбү Тажикстандын Баткен аймагындагы Ворух анклавынын тегерегинде көп катталган. СССР ыдырап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылышкан. Тажикстан тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары сунуш кылганы белгилүү. Ошентип тараптар чек ара тактоо маселесинде орток пикир таба албай келишет.

Соңку жаңжал СССР ыдырап, эки өлкө эгемендүүлүккө жетишкен 30 жыл ичиндеги эң оор, өтө опурталдуу жана кандуу окуя болуп калды. (AbA)