Тажикстан: мамлекеттик телеканалдар чек ара чатагы тууралуу үн каткан жок

Тажикстандын маалымат каражаттарына ылайык, чек арадагы жаңжалда 8 киши каза таап, 110 киши жаракат алды. Тажик өкмөтү расмий маалымат тараткан жок.
Коомдук медиада чек арадагы тирешүүдө каза тапкан аскердин сүрөтү жана ысымы аталууда. Бирок муну дагы Тажикстандын бийлиги төгүндөгөн жок. Би-Би-Си Тажикстандагы журналист Сохраб Зиага байланышып, өлкөдөгү кырдаалды жана реакцияны сурады.
Сохраб Зиа: Тажикстандагы абал Кыргызстандай эле чыңалып турат. Калктын басымдуу бөлүгү чек арадагы абалды талкууга алып жатышат. Дүйшөмбү шаары жаңжал чыккан аймактан алыс болгондуктан, баш калаадагы тургундар кадыресе турмушун улантып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Тажикстандын өкмөтүнүн реакциясы кандай болду?
Сохраб Зиа: Бардык расмий маалымат булактарында чек ара маселесин бир гана диалог аркылуу чечсе болору айтылат. Тажикстан коңшу өлкөлөр менен достук мамиле, анын ичинде Кыргызстан менен кылымдар бою келе жаткан шериктештик мамилесин колдоо өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритети экени айтылат. Жарандардын реакциясы ар түрдүү болуп жатат. Калктын басымдуу бөлүгү чек ара маселесин тез арада сүйлөшүү аркылуу чечүү керек экенин айтышууда. Ошол эле учурда айрымдар отуз жылдан бери чечилбей келген маселе, диалог аркылуу чечилеби деген суроо жолдоп жатышат.
Би-Би-Си: Жергиликтүү медиа бул окуяларды кандай чагылдырышты?
Сохраб Зиа: Расмий маалыматтан тышкары мамлекеттик медиа агенттиктери чек арадагы кырдаал тууралуу сөз кылган жок. Мисалы, мамлекеттик ТВ каналдар чек арадан бир дагы кадр көрсөткөн жок. Өкмөт канча киши жаракат алганын же каза тапканын дагы расмий жарыялаган жок. "Азияплюс", "Сугньюс" жана эл аралык медиа агенттиктери гана чек арадагы кырдаалга кеңири токтолду.








