Суваналиев: уурдалган мал-мүлктү кайтарып жатабыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы коогалаңда жабыркаган айылдарга таза суу жана электр энергиясын калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө, деди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев.
"Азыр Лейлек районунда тажик тараптын милициясы менен кызматташып, уурдалган автоунаа, мал-жандыктарды өткөрүп берип жатышат. Таза суу, электр энергиясын калыбына келтирүү аракеттери болууда. Беш күндөн бери суу чыкпай турду. Чарбалык жумуштардын баарын аткарып жатабыз",- деди өкмөттүн Баткендеги өкүлү.
Кыргызстандын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги түзгөн комиссия Баткендеги 29-30-апрелде болгон чек арадагы жаңжалдын чыгымдарын эсептей баштады.
Ошонун жыйынтыгы менен гана өкмөттүк жана башка жардамдар бөлүштүрүлө баштайт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 35 кыргызстандык набыт болду. Каза тапкандардын бири - Интернационал айылындагы он гүлүнүн бири да ачыла элек, алтынчы класстын окуучусу Мадина Рахматжанова. Элди карай минометтон ок жаадырышканда энеси экөөнө тийген. Энеси Бишкектеги ооруканада.
Лейлекте Тажикстан тараптан кыргыз айылдарын көздөй ок атылып, чек ара тилкесиндеги тургундар үй-жайын таштап качып чыкты. Бул окуяларда 178 киши жаракат алып, 40 миңден ашуун киши коопсуз жайга көчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коогада 78 турак-жай, андан сырткары эки мектеп, бир эмкана, үч чек ара бекети, бир бала бакча, сегиз дүкөн, 10 май куюучу бекет, милициянын бир имараты талкаланганын айтты. Комиссиянын жыйынтыгы менен чыгымдардын анык суммасы белгилүү болот.











