Тажик прокуратурасы чек арадагы окуя боюнча кыргыздарга кылмыш ишин козгоду

Тажикстандын Башкы прокуратурасы чек арадагы жаңжал боюнча кыргызстандык жарандарга карата кылмыш ишин ачты.
Башкы прокуратуранын сайтына жарыяланган маалыматта Кыргызстандын чек ара аскерлери жергиликтүү калктын коштоосу менен чатакты биринчи болуп баштады деп айтылат.
Кылмыш иши "Агрессивдүү согушту баштоо же жүргүзүү" деген берене менен козголгон.
Кыргызстандын мурдакы аскер прокурору Кубат Кожоналиев Тажикстандын Башкы прокуратурасынын кыргыз аскерлерине кылмыш иш козгогонун тескерисинче кылмыштын бетин жашыруу аракети деп баалады. Ошол эле убакта кыргыз тараптын эл аралык уюмдарга куралдуу агрессия жөнүндө кайрылуу жасаганы, чек арадагы куралдуу кагылышууга эл аралык реакция курч болуп жаткандыгы Дүйшөмбүнү кабатыр кылып жаткан болушу мүмкүн дейт.
Баткенде чек арадагы чектеш айылдарга Тажикстан тараптан куралдуу кол салуу болуп, отуздан ашык карапайым тургун каза болду, үйлөр, мектептер, бала бакчалар, дүкөндөр, башка мал- мүлк өрттөлгөнү жөнүндө активисттер документ топтоп, эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу даярдап жатышат. Лондон, Франкфурт-на-Майне, Сан-Франциско сыяктуу чоң шаарларда Тажикстандын куралдуу агрессиясын айыптаган акциялар болду. Ушундай эле чоң нааразылык жүрүшү бүгүн Нью-Йоркто өткөн жатат.
Каза тапкандардын бири - Интернационал айылындагы он гүлүнүн бири да ачыла элек, алтынчы класстын окуучусу Мадина Рахматжанова. Элди карай минометтон ок жаадырышканда энеси экөөнө тийген. Энеси Бишкектеги ооруканада.
Лейлекте Тажикстан тараптан кыргыз айылдарын көздөй ок атылып, чек ара тилкесиндеги тургундар үй-жайын таштап качып чыкты. Бул окуяларда 178 киши жаракат алып, 40 миңден ашуун киши коопсуз жайга көчүрүлдү.

"Тажик тарап минометторду, гранатометторду, пулемётторду колдонуп жатат. Бир нече тик учактар дагы аймакта учуп жүрөт. Чек аранын бардык аймактарында аскердик тирешүүлөр болуп жатат. Биз позицияларыбызда бекем турабыз",-деген 29-апрель күнү кечинде Баткендеги өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге берген маегинде.
Ушул эле күнкү атышуулар жөнүндө Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы билдирүү тараткан:
"Саат 14.05те "Головной" аймагында тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталды. Атышуу учурунда Кыргызстандын жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышты. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине ок чыгарган. Минометтон аткылоонун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кетти. Тажикстандын коопсуздук кызматкерлеринин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын атайын багыттагы "Бөрү" отряды Тажикстан Республикасынын Ходжа Алло чек ара заставасын басып алган",-деп кабарлаган.
"29-апрелде тажик тарап кыргызстандык чек ара бекеттерин жана тозотторуна жапырт ок атты. Ошондой эле "Ми-24" тик учагын көтөрүп, андан Баткен районундагы Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарын аткылады",-деп айтылган Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.
Тажикстан набыт болгондор жана жаракат алгандар тууралуу расмий маалымат чыгара элек. Айрым басылмалар ондон ашуун киши өлүп, 90го чукулу жаракат алганын жазып жатышат.














