Кыргыз-тажик чек арасындагы “сакалчандар” ким?
Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Сүрөттүн булагы, social
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 19-сентябрда өткөн маалымат жыйында чек арадагы чырды “Тажикстандын алдын ала пландалган агрессиясы” деп атап, Тажикстан тараптан кол салууга жарандык эле кийимчен, “сакалчан жана колдорунда куралы бар адамдар” аралашканын, байкалганын белгиледи.
“Алар Кыргызстандын аймагын ылгабай аткылашты. Аскердик жана жарандык инфраструктура аткылоого кабылды. Мындан тышкары алар тарабынан колго түшкөн аскер кызматкерлерибизди кыйноого алуу фактыларын аныктадык. Алар өтө мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Буга чейин биз муну көргөн эмеспиз. Буга чейин чыр-чатактар болуп, жоокерлер октон каза болгон. Мында сөөктөрдү шылдыңдоо болду. Бул террористтик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө гана мүнөздүү”, - деди Иманкулов.
Би-Би-Си мындан улам шек жаратты деген сүрөт, виделорду иликтеп, изилдеген журналисттик материалдардын айрымдарына токтолду.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстанга кол салууга Ооганстандын жарандарынын катышкандыгынын “төгүнгө чыгаргыс далилдерин алдык” деп белгиледи. Ошондой эле Иманкулов ооган бийлиги алардын жарандыгын тастыктаганын айтты.
*Бүгүнкү күндө Ооганстандагы бийлик иш жүзүндө “Талибан” кыймылына таандык. “Талибан” - Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп табылган жана анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Тажик тарапта согушкан “кара кийимчен, белгисиз, сакалчан адамдар” тууралуу алгачкы жолу Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы 14-сентябрдагы чыңалууда кабарлаган. Анда Тажикстанын аскерлери Баткен районундагы “Самаркандек” чек ара заставасына кол салып, эки жай тургун жарадар болгону кабарланган. Анын эртеси күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “колунда куралы бар сакалчан жарандар” дагы деле чек арада болгонун, алар “даярданып жатышы мүмкүндүгүн” эскерткен эле.
Ал эми 16-сентябрда чек арадагы чыңалуу күчөгөндө Кыргызстандын атайын кызматы салгылашууга Тажикстандын жай тургундары да катышканын билдирип, тажик аскерлери аларды “тирүү калкан” катары пайдаланып жатканын белгилеген.
Тажикстандын бийлиги бул маалыматты четке кагып, кыргыз тарапты “атайын багыттагы түзүмдөрдү (спецназ)” колдонууга айыптаган.
Кайсы “сакалчандар” тууралуу сөз болуп жатат?
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр башталгандан тарта Тажикстандын соцтүйүндөрүндө куралдуу кагылышууга байланыштуу видеолор таратыла баштаган. Алардын айрымдарын кыргыз Чек ара кызматы да жарыялаган - анда камуфляж кийген, бирок аскердик белгиси жок куралчан кишилерди көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми башка видеолорду Кыргызстандын бир топ иликтөөчү журналисттери изилдеп чыкты.
MediaHub’дын журналисттери тажикстандык “hojai_alo_official” Телеграм-каналында Хужант шаарынын айланасындагы Мастчох жана Гулистон аймактарында жай тургундарды “мобилизациялоо сыяктуу көрүнүш” болгонун аныктаган. Анда жарыяланган сүрөттөрдө жергиликтүү тургундар имараттардын алдына жана стадиондо чогулганын көрүүгө болот. Белгилей кетчү жагдай - учурда бул Телеграм-канал өчүрүлгөн.
Болжол менен Баткен районунун Ак-Сай айылында тартылган башка бир видеодо жарандык кийимчен, куралчан кишилер тажик тилинде “мен аттым, бул Тажикстандын арстандары” деп айтып жатканы көрсөтүлгөн.
Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы “курал көтөргөн кара кийимчен белгисиз сакалчан адамдар” деп сыпаттаган кишилерди “Политклиника” басылмасынын иликтөөчүлөрү тапты. Ошондой эле журналисттер тажик жарандары чогулган стадион Согди облусунун Бустон айылында жайгашканын аныктады. Ал жерде тажикстандыктар камуфляж жана жарандык кийимчен тизилип турганын көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, social
Мындан сырткары, “Политклиника” тажик аскерлери жай тургундарды “тирүү калкан” катары колдонуп жатканын ырастады. Журналисттер видеолордун биринде тажик аскерлери менен бирге жарандык кийимчен, Тажикстандын желегин көтөргөн кишилердин аралашып, чогуу жүргөнүн аныктаган. Баса, жай тургундар тажик аскерлери менен аралашып жүргөнүн Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы жарыялаган видеодо да көрүүгө да болот.
Шох Искандаровдун согушкерлери

Сүрөттүн булагы, asiaplustj
19-сентябрда “Политклиника” мурдагы талаа командири делген тажик генералы Шох Искандаров (Мухаммадшах Искандарзода) жетектеген согушкерлер Баткенге кол салганы тууралуу иликтөө жарыялады. Искандаров Бустан шаардык милициясын жетектейт.
Видеолордун биринде камуфляж кийген ондогон согушкерлер жардырылган танкка барып жатышат. Видеонун тартылгандардын сүйлөүүсүндө алардын арасында Шох Искандаров бар экенин айткан.
“Мына элдер согуштан кайтышты. Мына генерал Шох. Кайттык согуштан. Мына урулган танка. Мирзокужо ака ушуну урду. Ризвон, мына менин шакиртим Ризвон Шох. Мына танка. Ичиндеги өлүктөрдү алып кетишиптир”, - деп которду “Политклиника” тажик согушкердин сөздөрүн.

Сүрөттүн булагы, social
Иликтөөчүлөр видео “Достук” чек ара заставасынын жанында тартылганын аныктады. Журналисттер бир нече видеолорду салыштырып, Шох Искандаров куралчан кишилердин арасында болгонун дегенге ынанышат.
Бишкек шаарынын мэринин мурдагы кеңешчиси Асхат Осмонов атайын кызматтагы булактарына таянып, Искандаров 2021-жылдын апрель-май айларында Тажикстандын ар кайсы аймактарынан келген тургундарына курал-жарак таратканын билдирген. Кыргызстандын УКМКсы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Кыргыз жарандары кагылышууга катышканбы?
Ал арада Tajikstan News Фейсбук баракчасында “кыргыз аскерлери жай тургундарды куралдуу кагылышууга катышууга мажбурлап жатат” деген маалымат чыккан. Посттун автору Асанбай Бердияров делген жарандын сөздөрүнө таянып, “16-сентябрга караган түнү кыргыз аскерлери келип, жай тургундарды Тажикстанга кол салуу үчүн" чогултканын билдирген.
“Биз чогулгандан кийин бирөөнө чалып: жолдош генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, биздин фронтто 194 киши, алардын арасында карылар, орто жаштагылар жана жаштар бар деп трубканы коюп, аскердик тапшырманы аткарганга биз даярбыз деди”, - деп жазылган Tajikstan News Фейсбук баракчасында.
Анткен менен Factcheck басылмасы бул маалыматты изилдеп, маалымат чындыкка дал келбегенин аныктаган. Журналист Ярослав Тартыков постко тиркелген кыргыз тектүү карыянын сүрөтү 2013-жылдын январында The Apricity форумунда “Тюрки туранидского расового типа” деген темада жарыяланганын аныктаган.
Сүрөттөгү киши Тажикстандын Мургаб аймагында жашаганы аныкталган. Мургаб Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусуна караштуу. Кыргызстандык бир топ журналисттер жана активисттер видео, фотолордон сырткары дагы башка тастыктай турган далилдерди топтоп, аны эл аралык коомчулукка, уюмдарга жеткирүү зарылдыгын айтып жатышат.












