Баткен: Бул атайын даярдалган кол салууга окшоп турат. Токон Мамытовдун маеги

Тараптар кыргыз тажик чек арасында ок атышууну токтотууга макулдашты. Ага чейинКыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты кыргыздардын чек ара бекеттерин жана жарандык объектилерин согуштук оор техника менен аткылап жатканын билдирген.
Өткөн жылкы чек арадагы куралдуу жаңжалда эки тараптан тең адамдык жоготуулар болгон. Андан кийин да тирешүү утур-утур кайталанып келди. Азыркы атышуу бул жылдагы эң чоң конфликт болуп саналат.
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Токон Мамытов Би-Би-Сиге бул окуя Самаркандда ШКУнун саммитинде, региондогу мамлекеттердин лидерлери жолуккан учурда болуп жатканын баса белгиледи. Генерал Би-Би-Сиге өз көз карашын, пикирин билдирди.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Би-Би-Си: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кайрадан ок атылды. Күндүз атайын кызмат “бардык периметрде ок атышуу болуп жатат, абал тынч эмес” деп билдирген эле. Соңку окуяны сиз кандай чечмелеп, кандай талдап жатасыз?
Т. Мамытов: Эми, кечээки жана бүгүнкү болгон чатак башкалардан айырмаланып, кичине кооптуу болуп жатат. Бүгүн эртең менен чек арада коңшу мамлекеттин күч түзүмдөрү, чек ара аскерлери кол салып, миномет, пулемет, автомат менен аткылаганы, анын төрт-беш жерден башталганы, бул баягы мындан бир жыл мурун болгон окуяны кайталап жатат да. 2021-жылы апрелдин аягында болгон окуя. Ошондо да өзүңөр билесиңер, так ушул айылдардан башталган. Кулунду, Максаттан баштап, Көк-Таш, Орто-Бозго чейин, так ушул беш-алты чекиттен алар бизге сокку уруп, анан биздин жерге кирип келген. Бүгүн дагы таң атпай ушул окуя кайталанып жатат.
Бул маселенин дагы бир кооптуу болгону, өзүңөр байкасаңар, бүгүн бул окуянын баары Фергана өрөөнүндө болуп жатат. Фергана өрөөнүнүн бир бурчунда ШКУнун саммити өтүп, кеминде он мамлекеттин президенттери келип, дүйнө жүзүнө тиешелүү масштабдуу маселелер чечилип жатса, ошол эле учурда Фергананын бир бурчунда кайсы бир мамлекет кыргыз мамлекетине кол салып, чек арада жаңжал чыгарып жатат. Бул эмне? Сценарийби? Же кошуналарыбыз башка бир мамлекеттердин бир тапшырмасын аткарып жатабы?
Кошуналарыбыз, бул тажик эли биздин туугандарыбыз. Мындайча айтканда достугубуз бар, тууганчылыгыбыз бар, куда-сөөк да болуп келебиз. Тарых боюнча дагы, азыркы элдин реалдуу турмушунда дагы карым-катнаштагы элбиз. Бирок ошого карабастан, мындай одоно жолдорго барып жатат. Албетте, бул кооптуу. Мен ойлойм, ушул азыр мындай жолго барып жатканы, табышмактуу болуп жаткандай. Бул жеке кыргыз коомчулугу, жеке кыргыз өкмөтү эмес, бул азыр дүйнө жүзүндөгү анын ичинде бүгүн эртең менен президенттер Самарканддан ШКУнун сессиясын баштайлы дегенде эле суук кабар келсе, кандай ойдо болушат? Кошуналар ушуну ойлонуштубу?
Анысы аз келгенсип, эми коңшулар бүт баарын өздөрү баштап коюп, кыргыздар баштады деп бүт күнөөнү кыргыздарга артып, кыргыздарды күнөөлөп жатат да. Мен ойлойм, азыр ушул ШКУ болуп жаткандан кийин, Ооганстан маселесин карап жатканда ушул маселени дагы карайт болуш керек деген ойдомун. Ошол жерде биздин жетекчи, биздин президент, биздин тышкы иштер министри жүрөт. Ал жерде маселени кабыргасынан коюп, алардан талап кылат болуш керек.
Ок аткандардын арасында сакалчандар бар. Алар ким?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Азыркы кандуу окуя, соңку кандуу окуяны кайталагандай көрүнүп жатат деп жатпайсызбы, эгер ошондой болсо, ошонун өзү эмнеден кабар берет?
Т. Мамытов: 2021-жылы апрелде болгон окуя менен азыр сентябрда болгон окуянын окшоштугу бар дегеним. Биринчи, бул атайын даярдалган окуя, факт болуп жатат. Экинчиден, мурункусу чоң даярдык болсо, бул жолкусу жыйынтыктоочу репетиция деп ойлойм.
Эгер бул жерде биз чара көрүп, талап кылып, кандайдыр бир маселени кабыргасы менен койбосок болбойт. Ошол эле учурда провокацияга барбашыбыз керек. Себеби алар күтүп жатат. Биз ушундай атып койсок, булар союлун көтөрүп, пулемету менен бизге атса экен, анан ошондо согуш чыгып кетсе экен, чек ара конфликти чыгып кетсе экен дегенге булар кызыктар.
Биз буга барбай, саясий дипломатиялык жол менен чечкенге аракеттенишибиз керек. Ага мүмкүнчүлүк бар. Элчилигибиз бар, күч структураларыбыз да бар, Баткенде жергиликтүү бийлик бар. Ошолордун баары азыр ушул маселелерди кабыргасы менен коюп туруп, тажик тарапка “кел отургула, жооп бергиле! Кайталанып жатат, жаман оюңар бар экен биз муну сезип жатабыз. Ал оюңар, тилегиңер таш капкандай кылабыз, андан көрө жөн отургула. Жөн отуруп, жөн сүйлөшөлү, сүйлөшпөдүкпү, ок-дары колдонбойт, курал колдонбойт, тынчтык, дипломатиялык, саясий жол менен чечебиз дедиңерби, мына сүйлөшүүгө отургула” деген жолго барыш керек.
Би-Би-Си: Сиз кескин талаптарды айтып жатасыз да “уккула, макул болгула, келели” деген. Алар ушуну кабыл алабы?
Т. Мамытов: Эгер биз муну дүйнөлүк коомчулукка туура жеткирсек, ШКУнун катышуучуларына туура маалымат, убагында тез түшүндүрүүбуз керек. “Эми кой өзүбүз эптейлик” деп өз оорубузду жашырбайлы. Ачык-айкын ошол жерде айтып, анан өкмөт дагы азыр кыймылдап, талап койсо. Келгиле деп Бишкекке эмес, ошол Баткенге чакырып, ошол жерден, чек арадан чечип туруп, биздин көзүбүзчө, бизге сөз бергиле жана ушуну уюштургандарды табасыңар, аныктайсыңар, далилдейсиңер, анан чара колдоносуңар, деп туруп, керек болсо иш козгойсуңар дегенге чейин катуу талап коюш керек. Антпесе, болбой калат.
Би-Би-Си: УКМКнын чек ара кызматы буга чейин саналуу күн мурун болгон ок атышууда аскер кийими жок, ошол эле учурда сакалчан кишилерди байкадык, тийиштүү далилдер бар деп жатты эле. Ошонун өзү эмнеден кабар берет?
Т. Мамытов: Бул жерде дагы бир кооптуу нерсе бар. Эл көп көңүл бурбай жатат. Кечээ улуттук коопсуздук кызматы, чек ара кызматы маалымат таратпадыбы, аткандардын арасында сакалчандар бар деп. Алар ким? Же боевиктер же спецназдар. Боевиктер болсо өтө коркунучтуу, спецназ болсо, спецназ киришип жатканы, демек бийликтин макулдугу менен кирет. Кыргызстандын спецназына министр, же президент, же премьер уруксат бермейинче эч ким кыймылдабайт. Демек, ал жакта кандайдыр бир жаман ой-тилектер бар өңдүү. Ошон үчүн кыргыз тарап, кыргыз өкмөтү азыр тез арада, бүгүн, эртең кеч болуп калат. Бүгүн алардын тилегин таш капкандай кылышыбыз керек.
Чоң саясий оюнчулардын колу барбы?
Би-Би-Си: Ушул эле окуяда тышкы күчтөрдүн колу бар деген пикирлер айтылууда. Алар ага жүйө катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулат деген документке кол коюлган учурда ок атылды, бирөөлөр буга каршы деген сөздөр айтылып жатпайбы. Буга кандай дейсиз?
Т. Мамытов: Самаркандда Кытайдын өкүлдөрү менен Кыргызстандын өкүлдөрүнүн ортосунда темир жолдун техникалык-экономикалык негизи жөнүндө документке кол коюлду. Келишимге кийин кол коюлат. Даярдалып бүткөндөн кийин, ал келишимге тиркелип туруп, кийин коюлат, бул бир.
Экинчи, Россия биз чыгыш жакка бурулдук деп жатат. Өзүңөр эстесеңер, мындан 40-50 жыл мурун Кытайдын улуу реформаторлорунун бири “чыгыштан урган шамал, батыштан урган шамалдан күчтүүрөөк болушу керек”, деп айткан. Чыгыш деген эмне, бул Кытай да. Биринчи мамлекет, биринчи держава болом деген мамекет. Мына ошого бурулуп жатканда, албетте, бул көп дүйнө жүзүнүн чоң саясий оюнчуларынын баарына жага бербейт. Кайсы бир күчтүү оюнчуларга жакпаган, ошолордун чырагына май тамгандай болуп жатат да.
Кыргыз-тажик чек арасында ызы-чуу болгону. Саммит болуп жатса, темир жолду курабыз деп төбөсүнөн кол коюлуп жатса, ШКУнун кадыр-баркы өсүп жатса, мындайча айтканда глобалдык дүйнөнүн түзүлүшүн жана анын келечегин аныктап, ошол жолдун өнүгүү багыттарын аныктап жатса, албетте, бул баарына жага бербейт. Эми аны тигил мамлекет, же бул мамлекет деп айта албайм, менде далил жок. Бирок соңку болуп жаткан окуялар ушундай ойго жол берип жатат.
Би-Би-Си: Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарап БТР жана таңк колдонуп жатат деген билдирүү таратты. Негизи, ушул аталган оор куралдар кандай шартта колдонулушу керек? Азыр колдонулганы орундуубу?
Т. Мамытов: Негизи, чек ара чырында мурдагы жазуу жүзүндө дагы, оозеки дагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде алар деле, биз деле макул болгонбуз. Айрым учурларда мүмкүн курал колдонулат. Себеби чек ара бузгандар болот, аткезчилер болот, баңгизат ташыгандар болот. Бирок жөнөкөй адамга, балдарга, өзгөчө кары кишилерге, аялдарга такыр танктар эмес, автомат колдонууга болбойт деген талап менен биз сунуштаганбыз. Алардан макулдук алганбыз. Бирок ошого карабасан бүгүн БТР, БМП, танктар...
Бул мындайча айтканда чек ара чыры болгону менен чек ара конфликтисинин чоң локалдуу бир согушка айландыруу аракети болуп эсептелет. Жанагы чоң танка, БТР, бронетехниканы пайдаланганы – бул даярдык, бул макулдук, тапшырма алгандык жана анча-мынча чек ара чатакты чоң локалдуу согушка айландыруу максатында жасалып жатабы деген ой жаралат.

Сүрөттүн булагы, president
Би-Би-Си: Такай ушундай кагылышууларда Тажикстанда тажик бийлигине баш ийбеген, талаа командирлери бар. Ошолор баш ийбей кетип жатат деген сыяктуу дагы көз караштар дагы айтылып жатат. Алар барбы? Болсо, алардын таасири канчалык?
Т. Мамытов: Тажикстанда мындай жок. Себеби Тажикстандын бийлиги бекем, мыйзам катуу иштейт. Тажикстанда тартип бар, ал жакта, мындайча айтканда, бийликтин вертикалы 20-30 жылдан бери жакшы түптөлүп келген. Ошондуктан ал жерде жөнөкөй эле, боевик пайда болбойт, жөнөкөй эле бирөө да автомат атпайт, жөнөкөй эле бир да жоокер казармада туруп алып эле куралын алып эле кыргыздарды аткылаганга барбайт. Себеби, ал жерде мыйзам иштеп, тартип катуу, талап да катуу. Мен жогоруда айтып жатканым да ошол, ошолорду эске алып туруп, уюшулуп, даярдалган, алдын ала даярдалып туруп, ушул кыргыздын айласын кетиребиз деген мааниде уюшулган конфликт, жанагы локалдуу согушка алып кетчү, айланып кетчү ыкмалар катары пайдаланган макулдашылган нерссе болбосун деген ой жаралып жатат. Мүмкүн азыр сиз экөөбүз сүйлөшүп жаткан учурда дагы алар кайра учактарды пайдаланып жатат. Мына ушундайларды эске алышыбыз керек.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:












