Баткен: Тараптар ок атышууну токтотууга макулдашты, бирок абал чыңалуу бойдон

Ташиев менен Ятимов

Сүрөттүн булагы, ozodi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камчыбек Ташиев тажикстандык атайын кызматтын башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүжүргүздү

Макала жаңыланып турат.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда ири куралдуу кагылышуу болуп, алдын ала маалыматтар боюнча 24 кыргыз жараны каза болду. Алардын арасында октон каза болгон 15 жаштагы өспүрүм кыз бар. Мындан сырткары, 87 адам жарадар болгону маалымдалды. Жергиликтүү тургундар коопсуз аймактарга көчүрүлдү.

Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тажик аскерлери Баткен жана Лейлек районундагы бир нече чек ара заставаларына чабуул жасаганын кабарлаган. Тажик тарап Кыргызстандын аскерлерин айыптоодо.

УКМКнын Чек ара кызматы 17-сентябрь саат 03:00го карата кырдаал чыңалуу бойдон экенин кабарлады.

16-сентябрдачек арадагы кырдаал боюнча Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Жыйынга президент, парламент спикери, министрлер кабинетинин башчысы, башкы прокурор, Тышкы иштер министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы жана башкалар катышты. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров Самарканддан кайтып келгени кабарланган.

Чек арадагы чыңалуу эки өлкөнүн лидерлери Самарканддагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жүргөндө болуп жатат. Саммитке барган президент Садыр Жапаров Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Эки өлкөнүн лидерлери ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берүүнү макулдашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жеринде иш алып барышат, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.

Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Куралдуу жаңжалдын хронологиясы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара отряддарын жана [Баткен районундагы] Эки-Таш, Чыр-Дөбө жана Кум-Таш аймактарында кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти. Куралчан топтор Мазар жана Ортобоз участкаларын да аткылоодо. Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасын миномёттор менен аткылай баштады”, - деп билдиришти мекемеден.

Саат 08:25ке карата Тажикстандын чек арачылары Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарына чабуул жасаганы кабарланды. Саат 14:10до Баткен шаарынын аймагындагы аэропорттун айланасы, ошондой эле калаанын четиндеги объектилер жана шаар ичиндеги жарандык инфраструктуралык объектилер тажик ракеталык комплекстеринен аткыланганы кабарланды. 

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул багытта турган КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда”, - деп берилет Чек ара кызматынын маалыматында.

Баткендин жергиликтүү тургундары соцтармактарга тараткан сүрөт

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткендин жергиликтүү тургундары соцтармактарга тараткан сүрөт

Мекемеден тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонуп жатканын белгиледи. Кийинчерээк Тажикстан ракеталык системаларды, оор техника жана авиацияны колдонуп жатканы да кабарлады. Ал эми кыргыз тарап "ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн колдо болгон бардык техникаларды жана куралдарды колдонуу менен адекваттуу чараларды көрүүдө".

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тажикстан "Кыргызстандын аймактарын басып алууга аракет жасап жатат" деп билдирди.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууну токтотуу аракетине карабай, тажик тарап биздин аймакты басып алууга аракет кылып жатат. Чатак болгон аймакка аскердик оор техникаларды алып келип, болгон куралдарды колдонуп, Кыргызстандын аймагын көздөй аткылоону улантууда. Учурда чек аранын бардык аймагында каршылашуу жүрүп, кагылыш уланып жатат", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Саат 14:30да УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алганын кабарлады.

“Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан айылдардын конуштарынан ок чыгарууда, [кыргыз жоокерлери] алардын позицияларына жооп кайтарууда. Тажик тарап өзүнүн жарандарын “тирүү калкан” катары пайдаландыктан жай тургундардын арасында чоң жоготуулар болууда”, - деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле Чек ара кызматы кыргыз аскерлери Тажикстандын “Ляккан” жана “Богдари” чек ара заставаларына сокку уруп, тажик тараптын көптөгөн оор техникасын жараксыз абалга келтиргенин белгиледи.

Ал арада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен саат 16:00дон тарта ок атышууну токтотууну макулдашты.

Коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундар

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундар

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдары жана Төрт-Көчө тилкесинин, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада-1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият жана Ленин айылдарынын тургундарын коопсуз аймактарга көчүрүлө баштаганын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саат 21:00до жалпысынан 136 миң тургун эвакуацияланганын кабарлады. БУУ Кыргызстанга 400 тонна гуманитардык жардам жиберүүгө даяр.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь саат 01:30га карата Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 24 кыргызстандык каза болгонун кабарлады. Буга чейин 15 жаштагы кыз дүйнө салганы тууралуу маалымат тастыкталган болчу.

Сөөктөрдүн 12си Баткен облустук бириккен ооруканасына, 10у Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборуна, экөө Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген.

Мындан сырткары, 87 адам жарадар болду - алардын көбүнчөсүсүнүн денесине ок тийген же жарылуудан алган жарааттар. Алардын ичинен:

  • Баткен облустук бириккен ооруканасына - 28;
  • Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борбору - 21;
  • Улуттук госпиталь - 20;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору - 6;
  • Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борбору - 3;
  • Сүлүктү Жалпы дарыгерлик практика борбору - 3;
  • Улуттук хирургия борбору - 1.

Ал арада Бишкек жана Ош шаарларында Баткендин тургундары үчүн гуманитардык жардам чогултула баштады.

Ал эми Тажикстандын УКМК Чек ара кызматы чыңалууга кыргыз тарапты айыптады. Мекеменин билдиришинче, "Көк-Таш" чек ара заставасынын аскерлери "Исфара" отрядынын "Дүйшөмбү" заставасын аткылаган. Ошондой эле тажик тарап кыргыз аскерлерин "Исфара шаарына караштуу Кожалы, Куммазор, Сурх, Сомониён жана Кульканд аймактарын, ошондой эле Гафуров районунун Хистеварз, Бобожон жана Овчикалъача айылдарына чабуул жасоого" айыптады.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал 14-сентябрда курчуп баштады. Анда тажик аскерлери чек ара заставаларын жана Самаркандек айылын аткылап, төрт жай тургун жана эки чек арачы жарадар болушкан. Тажик тараптан эки аскер каза болуп, 10 киши жабыркаганы кабарланган.

Баткен элине жардам...

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн атайын түйүн ачылды. Аталган пунктка күнүмдүк турмушка керектелүүчү жардамдар кабыл алынат. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, спорт сарайдын эки чатыр тигилип, гуманитардык жардамды кабыл алуу башталды. 

ӨКМ спорт сарайдын алдына эки чатыр тигип, гумжардамды кабыл алып баштады

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ӨКМ спорт сарайдын алдына эки чатыр тигип, гумжардамды кабыл алып баштады

Жеринде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы, майор Эрнест Жусуповдун жетекчилиги астында кызматкерлер жарандардан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алып, топтолгон жардамды жеткирүү ишин көзөмөлгө алып жатышат. 

Кабыл алынган жадамдардын топтомунда кесме, ун, өсүмдук майы, гигиеналык каражаттар жана башкалар бар.

Жарандар гумжардам үчүн азык-түлүктөрдү алып келе башташты

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарандар гумжардам үчүн азык-түлүктөрдү алып келе башташты

Буга чейин соцтармактарда "Үй бар" деген жазуу менен жол тосуп турган адамдардын сүрөтү тараган. Алар чек арага чектеш жайгашкан айылдардан качкан тургундарды өз үйлөрүнө чакырып жатышканы айтылган.

Үйбар

Сүрөттүн булагы, social media

Сүйлөшүүлөр

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь күнү саат 15:56да Telegramm-каналына жарыялады.

Бирок 17:00го карата абал чыңалуу бойдон калган, кыргыз тарап ок атышууну токтотконун билдирип, бирок тажик тараптан аткылоонун интенсивдүүлүгү кескин азайтканы менен "чек аранын айрым жерлеринде тажик аскерлери маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларын аткылап турат" деп кошумчалаган.

Саат 18:30да тажик тарап Лейлектеги Жаңы-Жер жана Кулунду айылдарына ок чыгарышканы кабарланды.

УКМКнын Чек ара кызматы 17-сентябрь саат 03:00го карата кырдаал чыңалуу бойдон экенин кабарлады.

Саат 00:10-00:40 аралыгында УКМКнын Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев тажикстандык кесиптеши, генерал-полковник Ражабали Рахмонали менен “Гулистон - Автожол” өткөрмө бекетинде жолугушуу өткөрдү. Ага Баткен жана Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн башчылары да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар саат 9:00дон баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ар кандай провокациялык көрүнүштөргө жана ок атышууга жол бербөөгө макулдашты. Бул үчүн биргелешкен оперативдик штаб түзүлдү, ага эки өлкөнүн жергиликтүү УКМК жетекчилери жана Баткен менен Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн башчылары кирет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нааразылык нотасын жолдоп, тажик тараптын ээнбаш аракеттерин айыптады. Анда тажик тарап бардык келишидерди бузуп, Кыргызстандын чек арасына аскердик оор техника топтоп, Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арасынын бүт периметри боюнча чек ара бекеттерин жана жарандык объектилерге чабуул коюп, аткылап жатканы айтылат.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек арадагы көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырганы кабарланды.

ЖККУнун реакциясы

ЖККУнун баш катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт боюнча эки тарап менен тең сүйлөштү.

ЖККУнун баш катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт боюнча эки тарап менен тең сүйлөштү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЖККУнун баш катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт боюнча эки тарап менен тең сүйлөштү

ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зас Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү бүгүн эртең менен болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар чыр-чатакты тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн токтоосуз ок атууну токтотуу жана азыркы кырдаал боюнча компетенттүү органдар аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын билдиришти.

Ал арада "Бир дүйнө - Кыргызстан" жана "Люди меняющте мир" укук коргоо уюмдары Бириккен улуттар уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Евробиримдикке кайрылуу жолдоп, "Тажикстандын аскерий агрессиясын токтотууга көмөк көрсөтүүнү" өтүндү.

"Тажикстандын бийлиги кырдаалды көзөмөлдөй албай жатат"

УКМКнын Чек ара кызматы кырдаал боюнча билдирүү таратып, тажик тарап чек ара жана жарандык объектилерге “чыккынчылык менен кол салганын” билдирди. Ошондой эле мекеме кыргыз-тажик чек арасында провокациялар көбөйүп баратканын, ал жерде аскер эмес белгисиз адамдар “куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын” белгиледи.

“Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп жатышат”, - дейт Чек ара кызматы.

“Мунун баары мамлекеттик чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана Тажикстандын бийликтери кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, анын үстүнө куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө”, -деп кошумчалашты мекемеден.

Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого, ошондой эле чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырды. (ЕВ)

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: