Баткен: Түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар катталган жок

Кыргыз-тажик чек арасы 2021-жылы 4-май

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архивдик сүрөт

14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы, Как-Сай Паскы-Арык тилкелеринде Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Анын кесепетинен Кыргызстандын эки чек арачысы, мындан сырткары үч жай тургун жарадар болду. Тажик тарап эки аскерин жоготту жана 11 киши жарадар болду.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ошол эле күнү Согди облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөштү. Андан соң эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки тарап туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттарды алып чыгууга жана чек ара аймактарында биргелешкен күзөт-кайгуул иштерин жүргүзүүгө макулдашты.

Кезектеги ок атышуу кандайча башталган?

Баткен жана Согди облустарынын башчылары жетектеген топтор Достук айылына барды

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткен жана Согди облустарынын башчылары жетектеген топтор Достук айылына барды

УКМКнын Чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, эртең менен кыргыз чек ара бөлүгү Булак-Башыдагы такталбаган тилкеде жүргөн тажик чек ара отрядынан аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган. Бирок Тажикстандын чек арачылары кыргыз тараптын талабын аткарбай, ок чыгарган. Ал эми Кыргызстандын чек арачылары жооп катары курал колдонушкан.

“Чек арачылар ок атышып, жыйынтыгында тажик тарап миномёт колдонгон. 14-сентябрь саат 9:30га карата ок атышуу улам жанданып, токтобой жатат”, - деп билдиришкен мекемеден.

"Миномёттун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган - минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды", - деп кошумчалашты Чек ара кызматынан кийинчерээк.

Көп өтпөй Тажикстан УКМКсынын Чек ара кызматы билдирүү таратып, "Булак-Башы" чек ара заставасынын жоокерлери тажикстандык "Кех" чек ара заставасын "эч себепсиз" миномёттон төрт жолу аткылаганын маалымдады. Тажик тарап окту "жооп иретинде" чыгарганын белгиледи.

Баткен облустук администрациясынан Булак-Башыдагы ок атышуу токтогонун билдиришкен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анткен менен саат 14.00гө карата ок атышуу Баткен районунун Как-Сай жерлигинде уланды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Тажикстандын чек арачылары “Достук” чек ара заставасынын аскерлерине көздөй ок чыгарышкан, ал эми кыргыз жооп кайтарган. Ок атышуу саат 14:40та токтоп, бирок абал чыңалуу бойдон калган.

Саат 15:08де Тажикстандын аскерлери Паскы-Арык тилкесинде кызмат өтөгөн Кыргызстандын "Самаркандек" чек ара заставасына ок чыгарганы кабарланган. Ок атышуу саат 16:14тө токтоду.

"Эрте мененки саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда. Ошентип, саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Баткен районунун акими Учкун Жоробаев "Т-Медиа" басылмасына билдиргендей, тажик аскерлери миномёттон аткан октон жайыт жерден өрт чыккан. Маалыматка ылайык, 20 гектардай аймак өрттөнгөн.

Баткен чек ара отрядынын “Самаркандек” чек ара заставасынын аймагында орун алган куралдуу чыр-чатактын кесепетинен үч жай тургун жарадар болгон. Алар Лейлек районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна түшкөн:

  • Г. уулу Б., 21 жашта. Баштын чач өскөн тарабы жарылуудагы сыныкчалардан сыйрылып кеткен жараат. Абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат;
  • И. кызы Б., 31 жашта. Бел тарабына атылган ок ич көңдөйүнө кирип кеткен. Ич көндөйүнүн ички кан агуусу. З-даражадагы травматикалык шок. Абалы өтө оор, тез арада операцияга алынды;
  • С. Н., 11 жашта. Чачыранды тийип, сол ийининен жана ээгинин сол жагынан жаракат алган. Абалы орточо оор деп бааланат.

“Айрыкча тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак-жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат”, - деп кошумчалашты Чек ара кызматынан.

Тажик тараптын жоготуулары

Тажикстандык медиалар куралдуу кагылышууда 2 чек арачы каза болуп, 11 киши жарадар болгонун жазышты. Маалымтка ылайык, жаракат алгандардын алтоо аскер, бешөө жергиликтүү тургундар.

Мындан үч ай мурун, 14-июнда, Булак-Башы тилкесинде ок атышуу болгон. Анда Тажикстандын "Кех" чек ара заставасы тараптан Кыргызстандын "Булак-Башы" чек ара заставасына ок чыгарылганы кабарланган.

Жооп иретинде кыргыз тарап да тажик постун көздөй ок чыгарган.

“Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөштү. Окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишти”,-деп билдиришкен Баткен облустук администрациясынан.

Бирок буга карабастан кырдаал кайрадан кайра курчуп, тажик тарап гранатомет жана минометтон аткан. Саат 8:10до атышуу токтогон. (ЕВ)