Баткендеги куралдуу кагылышууга бир жыл: Эмнелер өзгөрдү?

Элдияр Бакиров, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Баткен облусунун Көк-Таш айылы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткен облусунун Көк-Таш айылы

Мындан бир жыл мурун Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарда эки өлкөнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын тарыхындагы эң масшабдуу куралдуу кагылышуулардын бири орун алган.

Чыр-чатак 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Тургундардын кайым айтышуусу таш ыргытууга, кийинчерээк Баткен жана Лейлек райондорундагы үч күндүк куралдуу кагылышуусуна айланган.

Жаңжалдын кесепетинен 36 кыргыз жараны каза тапкан — анын ичинде эки жаш бала болчу. Ошондой эле 189 кыргызстандык жарадар болгон. Тажик бийлиги кагылышууда 19 жаран мерт кеткенин жана 87 киши жарадар болгонун тастыктаган. 

1-майда УКМК Камчыбек Ташиев менен тажик атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов ортоундагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки өлкө тең аскерлерин ок атышуу болгон аймактардан алып чыгууну макулдашкан.

Президент Садыр Жапаров 1-2-май күндөрүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.

“Тажикстандан “жардам бер” деп суранбайбыз”

Максат айылында өрттөнгөң мектептин окуу бөлмөсү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Максат айылында өрттөнгөн мектептин окуу бөлмөсү

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тажик аскерлеринин кол салуусунан улам Баткен облусунда 140 турак жай, 34 соода түйүн, 27 май куючу жай, 15 социалдык объект (мектеп, бала бакча, ФАП ж.б.), 5 ашкана жана 3 тойкана кыйраганын маалымдаган. Жалпысынан чыр-чатак Баткен облусуна 1,3 млрд сомдон ашуун зыян алып келген.

Анткен менен Камчыбек Ташиев 2-майда Лейлектин Максат айылынын тургундары менен жолугушууда Кыргызстан Тажикстандан зыянды ордуна келтирүүнү талап кылбастыгын айткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Биздин өзүбүздүн күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз өзүбүздүн элибизге үйдү курабыз. Эгерде кайсы бир убакытта Тажикстан кылган иштерине өкүнүп, жардам берем деп, биз кылган зыянчылыктын ордун толтуруп беребиз деп кайрылса, биз аны карайбыз. Бирок азыркы күндө биз Тажикстандан “жардам бер” деп суранбайбыз”, - деген УКМК төрагасы.

Кыргыз өкмөтү облустагы жабыркаган айылдарга 700 млн сом бөлгөн — анын 500 млну социалдык объектилердин курулушуна, калган 200 млну бузулган үйлөргө сарпталмак. 

Ошондой эле, жарандар жана чет өлкөдө жүргөн мигранттар президенттин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 119 млн 659 миң сом чогулткан. Бул каражаттардын жарымынан көбү жабыркаган айылдарда жылуулук система курууга, жарыктандыруу жана таза суу менен камсыздоого, ошондой эле жабыркаган тургундардын дарылануусуна сарпталган.

Ал эми Түркия өкмөтү берген гранттын эсебинен Баткен облусунда кыйраган 140 турак жайдын ордуна жеңил конструкциядан үйлөр салынган - 100ү Лейлек районунда, 40ы Баткен районунда. Ошондой эле президент Садыр Жапаров жабыркаган 140 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берген.

Бийлик жаңы үйлөр “эки айда бүтөт” деп убадалаганы менен иш жүзүндө курулуш иштери 2021-жылдын октябрында аяктаган. Жергиликтүү активисттер жаңы салынган үйлөр “коопсуздук талаптарына жооп бербейт” деген тыянак чыгарышкан. Активисттердин айтымында, турак жайдын дубалдары “абаны жакшы өткөрбөгөн” ОСП (жыгачтын таарындысынан жасалган материал) жана пластиктен, ошондой эле үйлөрдүн фундаменти болгону 25 см түзгөн.

Мындан тышкары, жеке ишкерлер куралдуу кагылышууда каза тапкан 36 кыргызстандыктын үй-бүлөлөрүнө Баткен шаарынын Чет-Булак тилкесинде жаңы үйлөрдүн курулушун каржылап берген. Жаңы шаарчага Лейлектин Интернационал айылында тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жашар Мадина Рахматжанованын ысмы ыйгарылган.

“Мадина” шаарчасына жаңы салынган үйлөр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Мадина” шаарчасына жаңы салынган үйлөр

Чек араны делимитациялоо

чек ара

Сүрөттүн булагы, Министрлер кабинети

Ташиев менен Ятимов жетектеген өкмөттүк делегациялар 1-майда ок атышууну токтотууну макулдашып, төрт пункттан турган №39 протоколго кол коюшкан. 

Протоколдо Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы айрым талаштуу чек ара тилкелерин 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтерин жана материалдарын пайдаланууну макулдашылган

Атап айтканда, топографиялык жумушчу топтор Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы №43 — №61 жана Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу №135 — №141 чек ара чекиттеринин долбоордук сызыктарын чийип чыкмак.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 9-майга чейин кыргыз-тажик чек арасынын 112 чакырымы тактала турганын айткан, ал кезде өлкөнүн ортосундагы 972 километр чек аранын 519у гана такталган болчу. Министрлер кабинети быйыл февралда чек аранын 81 чакырымы макулдашылганын билдирген

Ал эми президент Садыр Жапаров 15-апрелде кыргыз-тажик чек арасынын жалпы 664 чакырымы такталып бүткөнүн социалдык тармактарда жазды. Жапаров чек араны тактоо иштери “жай жүрүп жатат” деген пикирин айткан. Ошондой эле өлкө башчысы буга чейин президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин чек ара маселесин “чечип кетем деген ниетим бар” деп жазган.

Жапаровдун сөзүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфаранын шаарынын жетекчилиги жана активисттери менен жолугушууда ырастаган. Рахмон акыркы 20 жылда өкмөт аралык комиссиялар чек араны тактоо боюнча 170 жолугушуу өткөргөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, №39 протоколдо Кыргызстан менен Тажикстан Исфара районунун Хожаи-Аъло айылыны Ворух анклавы менен байланыштырган альтернативдик жолду курууну макулдашкан. Учурда Ворухту Тажикстан менен байланыштырган жол Кыргызстандын Ак-Сай айылы аркылуу өтөт. Ал эми айланма жол Ак-Сай айылыны караштуу Капчыгай калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөт.

Хожаи-Аъло-Ворух альтернативдик унаа жолу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хожаи-Аъло-Ворух альтернативдик унаа жолу. Яндекс картасынын негизинде жасалды

Аны менен бирге өкмөт 48 чакырымдык Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай стратегиялык унаа жолунун курулуш иштерин баштаган. Бул жолдун курулушун негизги максаты Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу.

карта

Сүрөттүн булагы, Президенттин басма сөз кызматы

Хожаи-Аъло — Ворух унаа жолунун курулушу бүгүнкү күнгө чейин баштала элек. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 27-28-январында Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде орун алган жаңжалдан кийин тажик тарап альтернативдик унаа жолун куруу маселесин кайрадан көтөргөн.

Бирок Камчыбек Ташиев аталган жолдун курулушу кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенден кийин башталат деп айткан. Ошондой эле Ташиев айланма жол Тажикстан үчүн “транспорттук коридор болбойт” деп кошумчалаган.

“№39 протоколдун аткарылышы боюнча ал жерде толук жазылып турат: Ворухка жолду куруу үчүн биринчиден ал жолдун статусун биз аныктап чыгышыбыз керек. Жолдун статусу мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат [...] Анан жок эле жерден [Лейлек] анклавда калат деп айтылууда — Лейлекти биз эч качан анклавда калтырбайбыз”, - деген Ташиев. 

Баткендин өзгөчө макамы жана “чек ара ыйгарым укуктуулар”

чек ара

Сүрөттүн булагы, Дамира Юсупова

Чек ара чырынан кийин Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-июлунда “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырган. Анда Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн 62 айылга “өзгөчө макам” ыйгарылып, тургундарга бир катар артыкчылыктар жана жеңилдиктерди берилген.

Аны менен бирге депутаттар “Чек ара ыйгарым укуктуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн. 

Чек ара ыйгарым укуктуулар — УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлерине көмөк көрсөтүп, аларга ар түрдүү маалымат берүүчү жергиликтүү тургундар. Мыйзамга ылайык, чек ара ыйгарым укуктуулар буга чейин аскер кызматынан өткөн болушу керек.

Демилгечилердин бири Абдывахаб Нурбаев, депутаттар башка өлкөнүн аскерий агрессиясы учурунда “чек ара ыйгарым укуктуу” статусуна ээ болгон жергиликтүү тургундарга курал берүүнү көздөп жатканын билдирген. Ошондой эле Нурбаев чек ара ыйгарым укуктуулар мезгили менен машыгуудан өтүп, жарадар болгон учурда “чек ара аскери” статусуна ээ болот деп белгилеген. Ал эми аларга берилчү куралдар чек ара заставаларында сакталат.

2021-жылдын июль айында Жогорку Кеңеш “Чек ара ыйгарым укуктуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Өлкө башчы Жапаров эки мыйзам долбооруна тең 2021-жылдын сентябрь айында кол койгон.

Козголгон кылмыш иштер

Башкы прокуратура чек арадагы куралдуу кагылышууда Тажикстандын аракеттерин “аскерий агрессиясы” катары баалап, “Тынчтыкка каршы кылмыш” беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган - тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасына жүктөлгөн.

Көп өтпөй Ички иштер министрлиги чек ара чыры боюнча жалпысынан 11 кылмыш иши тергелип баштаганын тактаган. 

Ал эми укук коргоочулар, тажик күч органдары тарабынан барымтага алынган Интернационал айылынын 10 тургуну кыйноолорго кабылганын аныкташкан. Кийинчерээк кыйноо фактыларын кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору да тастыктап, Башкы прокуратурага кайрылган.

Ошондой эле көз карандысыз юристтер жана активисттер тажик аскерлеринин аракеттери боюнча тергөө иштерин баштоо өтүнүчү менен Гаага шаарындагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Ханга арыз жолдогон. Арыз каттоого алынгандан кийин президенттик аппарат юристтердин аракетин сынга алып, “айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн”, - деп билдирген. Учурда бул арыз боюнча тергөө башталганы же башталбаганы белгисиз.

Барымтага алынган кыргыз жарандары ИИМге кайтарылууда

Сүрөттүн булагы, Дамира Юсупова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Барымтага алынган кыргыз жарандары ИИМге кайтарылууда

Өз кезегинде Тажикстандын Башкы прокуратурасы кыргыз жарандарына жана чек арачыларына “киши өлтүрүү” жана “аскер агрессиясы” беренелери менен айып таккан.

Лейлек райондук соту 2021-жылдын сентябрь айында Тажикстандын эки жаранын — Абдурозик Каххоров жана Аскар Юнусовду “тынчтыкка каршы кылмыштар” жана “мародёрчулук” беренелери менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Ал эми соттолуучуларга “турак жайларды өрттөп, талап-тоноо иштеринде жардам берген” Лейлектин үч тургуну — Акмалжон Исоев 15 жылга, Аюбжон Урунов менен Амонжон Бабожонов 8,5 жылга кесилишкен.

Үч айдан кийин Баткен облустук соту Каххоров жана Юнусовдун өкүмдөрүн өзгөртүп, аларды 20 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.

Ал эми Тажикстандын бийлиги, чек ара чырына байланыштуу соттолгон кыргыз жарандары тууралуу маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештин 6-апрелдеги отурумунда башкы прокурор Курманкул Зулушев чек арадагы куралдуу кагылышуу боюнча тергөө аяктаганын, бирок иш токтотулуп турганын маалымдаган. Зулушев айыпталуучулар башка өлкөнүн жарандары болгондуктан, аларды жоопкерчиликке тартуу көйгөйлүү болгонун белгилеген.

Кийинки чырлар жана жаңы техника

2021-жылдын апрель айындагы куралдуу кагылышуудан кийин кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар токтогон эмес: өткөн жылы Баткен, Лейлек жана Чоң-Алай райондорунда бир нече инцидент катталган.

байрактар

Сүрөттүн булагы, Президенттин басма сөз кызматы.

Ал арада кыргыз бийлиги УКМКанын чек ара кызматына түркиялык 40 сооттолгон жолтандабас, кийинчерээк “Байрактар” аскерий дрондорун жана снайпердик куралдарын тапшырган. Камчыбек Ташиев бул техникага 300 млн сомго чукул каражат сарпталганын айткан.

Ал эми быйыл 27-28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 11 кыргыз жараны жарадар болгон. Тажик тарап 13 киши жабыркаганын, дагы экөө каза тапканын кабарлаган.

10-11-март күндөрү Баткен районунда эки өлкөнүн чек арачылары ок атышып, бирок жабыркагандар болгон эмес

25-мартта президент Жапаров чек ара кызматына 50 сооттолгон жолтандабас тапшыруу аземинде, 2022-жылы чек араны коргоого 3 млрд сом бөлүнгөнүн айткан

Чек арадагы акыркы чыр-чатак 11-апрелде катталды — анда Тажикстандын күч органдары Лейлектин Селкана жериндеги шарттуу сызыкка кирип келишкен. Кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарган соң тажик тарап аларды көздөй ок чыгарган.

Ок атышуунун кесепетинен бир аскер жана бир жергиликтүү тургун жарадар болгон. Мындан сырткары, тажик аскерлери Достук айылынын мина аткычтардан аткылап, эки үй жабыркаганы маалымдалган.