Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу

Кыргыз-тажик чек арасында 11-мартта түнкү саат 02:50 дө эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда кайрадан атышуу болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Кыргыз-тажик чек ара чатагы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Расмий маалыматка караганда, Баткен-Исфана автожолунун Эки-Таш деген жеринде Тажикстандын чек ара отряды жолдон өтүп жаткан автоунааларга таш ыргытып баштаган. Кыргыз чек арачыларынын таш ыргытууну токтотуу талабын тоотпой коюшкан. Ошондо кыргыз чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок чыгарууга мажбур болушкан.

Ошол эле убакта Тажикстандын ушул эле жактагы башка чек ара отряды кыргыз чек арачылары турган мунараны аткылап киришкен.

Чек арачылардын ортосунда башталган атышуу 20 мүнөткө созулуп, саат 03:10дө токтоду.

Кыргыз тараптан жабыркагандар жана жарадар болгондор жок.

Кырдаалды ырбатып жибербеш үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү адегенде телефондон, андан кийин окуя болгон жерден жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тажик тарап өз кезегинде алардын аскеринин таш бараңга тиешеси жок экенин билдирди. Алардын версиясы боюнча, таш бараң жасагандар белгисиз адамдар, аларды издөө башталды.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү биргелешкен чек арада кырдаалды бузган чагымчылык иштерге жол бербөөнү макулдашты. Тараптар ошондой эле чек араны кайтарууну штаттагы наряд менен аткарууну дагы бүтүм кылышты.

Кыргыз чек арачылары чек араны кайтарууда күчөтүлгөн режимге өттү.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул кыргыз-тажик чек арасында соңку суткаларда эле болгон экинчи атышуу.

Бир күн мурда кыргыз-тажик чек арасында Баткен районундагы Тескей деген жерде дагы атышуу болгон эле.

Чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, кыргыз чек арачыларынын бул жактан кетишин талап кылышкан.

Тажик чек арачыларына кошумча күчтөр келип кошулуп, сандык үстөмдүккө салып, жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан.

“Ошол эле учурда кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин ниетин ишке ашырууга жол беришкен эмес. Натыйжасында ок атышуу орун алып, ал 10 минутага созулган. Ок атышуунун жыйынтыгында кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон жок”,-деп айтылат расмий маалыматта.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү анда дагы сүйлөшүп, 10-марттагы инцидент боюнча өздөрүнчө иликтөө жүргүзүүнү макулдашкан.

Анын алгачкы жыйынтыгы Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жетекчилеринин 12-мартка белгиленген жолугушуусунда айтылат деген кабар болгон.

Кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Тажикстан тарапта соңку күндөрү чек арага согуштук техниканын тартылып жатканы жөнүндө кабарлар чыгууда. ЖК депутаты Султан Айжигитовдун айтымында, сөз аскерлер түшкөн бир чоң автоунаа, бир бронетранспортер жөнүндө болуп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлү телефон чалып тактаганда ага бул жөн гана ички которуштуруу деп жооп беришкен.

"Россия соңку айларда Украинанын айланасына көп сандагы куралдуу күч чогултуп жатканда алар дагы өзүнүн аймагында кайсы бөлүктү, каякка, канчасын жылдырганга өлкөнүн укугу бар деп айтышкан. А бүгүн Лейлек районунда чек арачылардын ортосунда атышуу болду. Жарадарлар бар. Чек арада өткөн апрелдеги бир күндүк согуш жана тажик аскерлеринин чабуулу Москва билбей туруп жасалмак эмес. Кыязы, тажик тарап Украинадагы согуштун айынан Москванын маанайы өзгөрүп кете электе чек ара маселесин күчкө салып чечкиси келип жатат окшойт", -деп билдирди Nazarnews бандамачысы Нарын Айып.

Адатта жаз келгенде чек арадагы чыр-чатактар күчөй баштайт.

"Азыр эми жаз келди, суу талашат, жер талашат. Бирок азыр сезонго карабай эле дайыма болуп жатат. Ар бир айда, ар бир аптада эле чатак болуп атат",-деди Султан Айжигитов.

Кыргыз-тажик чек ара чатагы

Өткөн жылы апрелдин аягында чек арадагы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын 36 жараны, Тажикстан тараптан он эки адам курман болду.

Ошондон кийин президент Садыр Жапаров эрегишпей, Рахмондун чакыруусу менен Дүйшөмбүгө барып келди. Анда эки президент эмне деп сүйлөшкөнү, кандай макулдашканы элге ачык айтылбады.

Чек арага чектеш айылдарга капыстан кол салуу убагында бейкүнөө өлүм болгон адамдар, өрттөнүп талкаланып тонолгон үйлөр үчүн ким, качан жооп берет, жазасын алат деген суроо элдин жүрөгүн эзип келатат.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан тараптан чек арага чектеш айылдарга куралдуу кол салуу боюнча ондон ашык кылмыш иш иш козгогон, ал иштердин тергөөсү эмне болду, кымындай кабар жок.

Тажиктер дагы өз кезегинде кыргыздарга каршы иш козгогон. Эки жак бири-бирин агрессор атап, тирешип турганы турган. 

Мамлекет башчылар жолугуп сүйлөшкөн менен андан кыйраган жылыш болбогону көрүнүп турат.

Куралдуу кагылышуу жаңы жылдан бери үчүнчү жолу кайталанууда. Жаңы жылдын башында болгон атышууда Кыргызстандын он эки чек арачысы жарадар болду, Тажикстандан эки адам каза таап, он адам жарадар болду.

Кыргызстан чек арага чектеш айылдардан он бир миңден ашуун адамды түн катып эвакуация жасаган.

Чек араны тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиялар мунаса таба алышпай, октябрда ишин токтотуп койгон эле. Анын ишин жандантууга аракет болуп жатканы кабарланган, бирок алар эмне иш бүткөргөнү жөнүндө жарытылуу маалымат жок. (КС)