Кыргыз-тажик чек ара чатагы: “Россиянын ортомчулугу керек”
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстан менен Тажикстандын ырбаган чек ара жаңжалынын бүтө турган аягы көрүнбөйт. Ал ортодо эки өлкөгө Орусиянын ортомчулугу керек деген сунуштар көтөрүлө баштады.
Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов Би-Би-Сиге берген маегинде мындай кадамдын зарылдыгына өзүнүн жүйөлөрүн айтты:
“Москваны чакырып, алар жардам берсе кризистен чыгып кетербиз. Анткени, биз өзүбүз чече албай атпайбызбы. Россия ортомчу болушу керек. Анткени, чек ара боюнча документтер Россияда. Алардын архивдеринде көптөгөн-көптөгөн материалдар бар. Бул менин жеке оюм. Ортомчуну албасак болбойт. Өзүбүз чече албайбыз эки мамлекет. Бул оркоюп көрүнүп калды”.
Зарылдык болсо, Россияга кайрылуу жөнүндө маселени ойлонуп көрөрүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “РИА Новостиге” өткөн жылы айткан эле.
"Эгерде кандайдыр бир себептерден улам биздин өлкөлөр мунаса таба алышпаса, анда биз, албетте, Орусия же башка боордош өлкөлөрүбүздү жана аймактагы өнөктөштөрүбүздү сүйлөшүүлөргө тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз",- деген ТИМ башчысы.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чатагын чечүүгө ортомчулук ролу жөнүндө Россиянын өзүндөгү бийлик чөйрөсүндө да сөз болууда. “Интерфакстын” кабарлашына караганда, Федерациялык кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысынын орун басары Владимир Жабаров эгер аталган өлкөлөрдөн кайрылуу болсо, Россия ортомчулук ролду аткармак деген:
“Бирок буга чейин жетпейт деп ойлойм. Эң башкысы, Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери кыраакылык кылып, конфликттин күчөшүнө жол беришкен жок. Биз Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрүбүз да".

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өткөн жылы апрелдин аягында чек арадагы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын 36 жараны, Тажикстан тараптан он эки адам курман болду. Ошондон кийин президлент Садыр Жапаров эрегишпей, Рахмондун чакыруусу менен Дүйшөмбүгө барып келди. Анда эки президент эмне деп сүйлөшкөнү, кандай макулдашканы элге ачык айтылбады.
Чек арага чектеш айылдарга капыстан кол салуу убагында бейкүнөө өлүм болгон адамдар, өрттөнүп талкаланып тонолгон үйлөр үчүн ким, качан жооп берет, жазасын алат деген суроо элдин жүрөгүн эзип келатат.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан тараптан чек арага чектеш айылдарга куралдуу кол салуу боюнча ондон ашык кылмыш иш иш козгогон, ал иштердин тергөөсү эмне болду, кымындай кабар жок. Тажиктер дагы өз кезегинде кыргыздарга каршы иш козгогон. Эки жак бири-бирин агрессор атап, тирешип турганы турган. Мамлекет башчылар жолугуп сүйлөшкөн менен андан кыйраган жылыш болбогону көрүнүп турат.
Куралдуу кагылышуу жаңы жылдын башында кайрадан кайталанды. Кыргызстандын он эки чек арачысы жарадар болду, Тажикстандан эки адам каза таап, он адам жарадар болду. Кыргызстан чек арага чектеш айылдардан он бир миңден ашуун адамды түн катып эвакуация жасады.
Чек араны тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиялар мунаса таба алышпай, октябрда ишин токтотуп койгон эле. Эми чек арадагы соңку кагылышуудан кийин анын ишин жандантууга аракет болууда. Бирок алар кол койгон протоколдор боюнча Кыргызстандын ичинде көп нааразылык болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, PRESIDENT.KG
Чек ара чатагын жөндөөгө башка өлкөлөрдү ортомчу кылуу жөнүндө маселе мурда-кийин талкууланып келген. Атап айтканда, Орусияны, Казакстанды чакырып, БУУнун өкүлдөрүн ортого алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө убагында сөз болгон. Бирок Кыргызстан убагында бул сунушту четке каккан эле.
“Чек араны эки эле мамлекет чечиш керек, бирөөгө кийин доомат кылбагандай кылып. Бир тарап дагы эч качан ыраазы болбойт экен ортомчунун чечимине. Ошондуктан кандайдыр бир тараптарды аралаштырыш туура эмес”,-деген эле Би-Би-Сиге Кыргызстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын мурунку башчысы Саламат Аламанов.
Ырас, Москва четте карап турган жок, бир уюмдагы эки союздаш өлкөнүн кармашып тытышканынын, балким, ага кереги жок, бирок кайсы кырдаалда гана болбосун анын өзүнүн кызыкчылыгы бар эмеспи. Бул өлкөлөр жардам сурап турса, аларды чоң агасындай болуп жараштырып койсо, Кремлдин эле кадыры өсөт. Бул өлкөлөр анын тилинен чыкпай, айтканын аткарып, этегин кармап, жармашып турса, мындан артык саясий упай барбы?

Сүрөттүн булагы, KREMLIN.RU
Байкоочулардын баамында, Кремль азыр деле кайсы бир деңгээлде бул ишке көшөгө артында киришип жатканы шек туудурбайт. Өткөн жылы Садыр Жапаровдун Сочиге болгон сапарынын, Рахмондун Москвага болгон сапарынын негизги темасы жалаң эле Афганистан болгон жок. Чек арадагы куралдуу чыр-чатактар дагы биринчи кезекте турган маселе эмеспи.
Москва кандай кеңеш айтты, шарт койду же көрсөтмө берди, анын баары дипломатиялык протоколго ачык жазылбайт. Бирок, чек ара кризиси создугуп курчуган сайын, Орусия үчүн кийлигишүүгө ыңгайлуу маневр түзүлүп жаткандай. Бул жагынан Москванын дагы өзүнүн планы, алыска караган стратегиясы бар экени шексиз.
Кыргыз-тажик чек арасында кайра-кайра кайталанып аткан куралдуу кагылышуулардын бир себеби чек арадагы талашуу жерлерди чечүүнүн оор болуп жатканында эле эмес, ошол көйгөйдүн геосаясий кызыкчылыкта колдонулуп жатканында деген пикир айткан эксперттер болууда. Москва башкарган аскердик блоктун пассивдүү позициясынын да себеби ушул жакта, дейт Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов:
“Негизи ЖККУ өзүнүн ичинде ушундай чыр-чатак чыкканда өзү басып коюш керек. Кезексиз саммит чакырып маселени чукул карап, чара көрүш керек эле, бир блоктогу союздаш өлкөлөр чабышып атат. Алар Рахмонго болушат, ошон үчүн карап турат. Рахмон ошондон пайдаланып атат. Мындай болушу керек эмес. Биз ЖККУда калганга аргасызбыз. Кыргызстан качан жардам сураганда алардын аскери кирет. Бул саясат. Аскердик каражаттар менен саясий оюн болуп атат. Беш миң жылдан бери болуп жаткан принцип, бөлүп-жарып анан башкар деген. Бири менен бирин согуштурат, анан келип тартип орнотот”.












