Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонулган чыр-чатак болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок, тажик тарапта бар болушу мүмкүн. Азыркы убакта эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүлөрү болуп жатат.

Кыргыз-тажик чек ара чатагы

Расмий маалыматка караганда, болжол менен саат 10.50 чамасында Баткен районундагы Тескей деп аталган жерде чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, кыргыз чек арачыларынын бул жактан кетишин талап кылышкан.

Тажик чек арачыларына кошумча күчтөр келип кошулуп, сандык үстөмдүккө салып, жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан.

“Ошол эле учурда кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин ниетин ишке ашырууга жол беришкен эмес. Натыйжасында ок атышуу орун алып, ал 10 минутага созулган. Ок атышуунун жыйынтыгында кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон жок”,-деп айтылат расмий маалыматта.

Дароо эле эки тараптын чек ара өкүлдөрү телефондон сүйлөшүп, натыйжада чыр-чатак болгон жерден чек ара кезметтерин эки тарап алып кетүүнү жана кошумча күч жана каражаттарды алып келбөөнү макулдашышты.

Түшкө жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды.

КР УКМКнын Чек ара кызматы Тескей жери мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына кирерин жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып жаткандыгын белгилейт.

Баткен облусундагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

Чечилбеген чек ара кризиси

Кыргыз-тажик чек ара чатагы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өткөн жылы апрелдин аягында чек арадагы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын 36 жараны, Тажикстан тараптан он эки адам курман болду. Ошондон кийин президент Садыр Жапаров эрегишпей, Рахмондун чакыруусу менен Дүйшөмбүгө барып келди. Анда эки президент эмне деп сүйлөшкөнү, кандай макулдашканы элге ачык айтылбады.

Чек арага чектеш айылдарга капыстан кол салуу убагында бейкүнөө өлүм болгон адамдар, өрттөнүп талкаланып тонолгон үйлөр үчүн ким, качан жооп берет, жазасын алат деген суроо элдин жүрөгүн эзип келатат. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан тараптан чек арага чектеш айылдарга куралдуу кол салуу боюнча ондон ашык кылмыш иш иш козгогон, ал иштердин тергөөсү эмне болду, кымындай кабар жок.

Тажиктер дагы өз кезегинде кыргыздарга каршы иш козгогон. Эки жак бири-бирин агрессор атап, тирешип турганы турган. Мамлекет башчылар жолугуп сүйлөшкөн менен андан кыйраган жылыш болбогону көрүнүп турат.

Куралдуу кагылышуу жаңы жылдын башында кайрадан кайталанды. Кыргызстандын он эки чек арачысы жарадар болду, Тажикстандан эки адам каза таап, он адам жарадар болду.

Кыргызстан чек арага чектеш айылдардан он бир миңден ашуун адамды түн катып эвакуация жасады.

Чек араны тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиялар мунаса таба алышпай, октябрда ишин токтотуп койгон эле. Эми чек арадагы соңку кагылышуудан кийин анын ишин жандантууга аракет болууда. Бирок алар кол койгон протоколдор боюнча Кыргызстандын ичинде көп нааразылык болуп жатат.

Кыргыз-тажик чек ара чатагы

Кыргыз-тажик чек арасы 976 чакырым, анын 60 пайызга жакыны такталган. Калган аймактар боюнча сүйлөшүүлөр көптөн бери жүрүп келатат.

Бир күн мурда эле Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан эки райондун бийлик өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, чек арадагы коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо багыттарын талкуулашканы кабарланган. (КС)