Көк-Таш айылынын бүтпөгөн көйгөйү

Акыркы беш жылда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кырдаал оор. Бир нече ирет ок атышуу менен коштолгон чек ара чатагы болуп, кан төгүүгө чейин жетти.

Көк-Таш айлына кирген Дахма деген жерде кыргыздар менен тажиктер көптөн бери катарлаш жашап келатат.

Сүрөттүн булагы, Askar Baimuratov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көк-Таш айлына кирген Дахма деген жерде кыргыздар менен тажиктер көптөн бери катарлаш жашап келатат.
Кыргыз-тажик жарандары пайдаланган “Ортолук” деген көчөдө Тажикстандын дүкөнү бар, ал кыргыздарды дагы тейлейт.

Сүрөттүн булагы, Askar Baimuratov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-тажик жарандары пайдаланган “Ортолук” деген көчөдө Тажикстандын дүкөнү бар, ал кыргыздарды дагы тейлейт.
Чек арада кыргыздар менен тажиктер аралаш жашап, үйлөр кыйма-чийме салына берген.

Сүрөттүн булагы, Askar Baimuratov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чек арада кыргыздар менен тажиктер аралаш жашап, үйлөр кыйма-чийме салына берген.
Жаңжалдар тактала элек тилкелерге кайсыл бир тарап өз алдынча курулуш баштап жибергенден тутанып жатты.

Сүрөттүн булагы, Askar Baimuratov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тактала элек тилкелерге бир тарап өз алдынча курулуш баштап жибергенден жаңжалдар тутанып жатты.
Чек арада чыр-чатактар ырбаган Көк-Таш айылынын ондогон тургуну Бишкекке келип президентке кайрылуу жасашты. Алар мамлекеттик тийиштүү мекемелерди чек арага жакын көчүрүүнү суранышты.

Сүрөттүн булагы, Askar Baimuratov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чек арада чыр-чатактар ырбаган Көк-Таш айылынын ондогон тургуну Бишкекке келип президентке кайрылуу жасашты. Алар мамлекеттик тийиштүү мекемелерди чек арага жакын көчүрүүнү суранышты.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970,8 чакырым, анын ичинен 70 жер тилкеси боюнча талаш-тартыштар бар.

Сүрөттүн булагы, Askar Baimuratov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970,8 чакырым, анын ичинен 70 жер тилкеси боюнча талаш-тартыштар бар.
Чек ара маселесин чечүүнү создуктурган башкы себептердин бири - тажик тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары карманууда.

Сүрөттүн булагы, Askar Baimuratov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чек ара маселесин чечүүнү создуктурган башкы себептердин бири - тажик тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары карманууда.