Чек арадагы кошумча күчтөр артка кайтууда

Сүрөттүн булагы, Akipress
12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кечинде башталган атышуу токтоп, кырдаал турукташып калды. Кыргыз-тажик расмийлери кечээ түндө болгон окуялар боюнча экинчи ирээт сүйлөшүүлөр өткөрдү.
Окуянын чоо-жайы: расмий маалымат
Кыргызстандын Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираков сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү кабарланды.
Биринчи кезекте атышуу болгон жерге тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра ордуна кайтаруу жөнүндө бүтүм болду.
12-апрелде кечинде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуулар болду. Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматы боюнча Лейлек районундагы Селкана деген жерде тажик чек арачылары пайда болуп, чек аранын шарттуу сызыгына келе беришкен. Кыргыз чек арачылары аларды токтоп артка кайтуусун талап кылган.
Тажик чек арачылары эскертүүгө баш ийбей, Кыргызстандын аймагына 20 метр өтүп барышкан. Ошондо кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга чыгарган. Ага жооп кылып, тажик чек арачылары кыргыз аскерлерине карай ок атышкан. Сүйлөшүүлөр болуп жатканда атышуулар токтоп калган.
Андан кийин сүйлөшүү жүрүп жатканда ал жакка кошумча күч катары келген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарган. Атышуу жарым саатка созулуп, бир кыргыз чек арачы жарадар болду.
Ошондой эле ушул убакта Тажикстан тараптан Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылашканы кабарланды. Бул айылда кеминде эки үй зыян тартканы айтылууда.
Түн ичинде Лейлек районунун чек арага чектеш жайгашкан бир нече айылынан 17 миң жашоочу эвакуация болду.
Кайчылаш айыптоолор
Баткендеги кыргы-тажик чек ара аймагында абал турукташканын Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайирбек Орозалиев да тастыктады.
“Атышуу башталганда эле биздин айыл өкмөткө караштуу Максат жана Интернационал эки айыл тургундары үйлөрүнөн таштап, бүт чыгып кетишкен. Түнү эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктаган соң, абал турукташып алар кайрадан үйлөрүнө кайта башташты. Алысыраак кетип калгандары эми кайтып атат.”
Чек арага жакын жашаган кыргыз тараптын өкүлдөрү соңку чек ара чырына тажик тарап күнөөлү экенин айтып жатышат.
“Тажик тарап чек арадан бери карай 20-30 метр бери кирип келишкен. Кыргыз чек арачылары эскертүү ирээтинде асман ок чыгарып, атышуу башталган. Бир кыргыз чек арачысы жарат алып, азыр Разаков шаарындагы ооруканада. Ал Максат айылындагы заставасынын чек арачысы болчу”,- дейт жергиликтүү тургун Шайирбек Орозалиев.

Сүрөттүн булагы, Өзгөчө кырдаал министрлигинин сүрөтү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги соңку ок атышууда Кыргызстандын чек арачысы менен кошо дагы бир жергиликтүү тургун жараат алганын билдирди. Жараат алган жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Тажик расмийлери чек арада болгон соңку окуяларга азырынча расмий комментарий бере элек.
Бирок тажик журналисттери окуянын чоо-жайы боюнча өз версияларын айтууда.
"Кыргыз чек арачылары машина менен келип биздин чек арачыларга ок атып, качып кетишкен. Жооп катары биздин чек арачылар ок чыгарганын шылтоолоп, тажик аймагын аткылашып башташкан. Бул кечээ түнү кыргыз чек арачылары баштаган жаңы чагым. Окуя 18.20да Жаңы-Жер жана Хистеварз деген жерде орун алган. Жаңы аскердик кагылыштарга шыкактоо аракети болуп жатат", -деп жазды белгилүү тажик журналисти Негматулло Мирсаидов.
Чек арадагы соңку чыр Баткендеги президенттин ыйгарымдуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзоданын 12-апрелде болгон жолугушуусунан кийин бир нече саат өтпөй орун алды.
Бул жолугушуу чек арадагы суу бөлүштүрүүдөн чыр-чатактар ырбап жатканы үчүн уюштурулган.
Ошондой эле чек арадагы соңку атышуу кыргыз тарап Эрлан Абдылдаевди Тажикстанда жаңы элчи кылып дайындаган күнү болду.
Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүктөлдү.
Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду
Бүгүн түштө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган кыргыз аткаминерлери чек арадагы кырдаалга байланыштуу тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрдү.
Анда тараптар чек арага жакын аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайтарууга келишишти. Мындан тышкары, Канибадам-Худжант трассасынын чек араны бөлүп турган тилкесин эки тараптын милициясы биргелешип кайтара турган болду.
"Аскердик прокуратурасы бул соңку окуяны иликтеп жатат”, - деп билдирди облус башчысы.
Учурда чек арада жайгашкан кыргыз, тажик айылдарында окуяны курчутуп ийбөө үчүн түшүндүрүү иш-чаралары өтүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
Адатта жаз келиши менен чек арадагы чыр-чатактар күчөй баштайт. Былтыр дагы апрелдин аягында чек арадагы чыр, куралдуу кагылышууга жетип, Кыргызстандын 36 жараны, Тажикстан тараптан он эки адам курман болгон.
Мындан кийин президент Садыр Жапаров Рахмондун чакыруусу менен Дүйшөмбүгө барып келди. Анда эки президент эмне деп сүйлөшкөнү, кандай макулдашканы элге ачык айтылбады.
Чек арага чектеш айылдарга капыстан кол салуудан бейкүнөө өлүм болгон адамдар, өрттөнүп талкаланып тонолгон үйлөр үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан тараптан чек арага чектеш айылдарга куралдуу кол салуу боюнча ондон ашык кылмыш иш иш козгогон, ал иштердин тергөөсү эмне болду, жыйынтыктоочу маалымат бериле элек.
Эки тараптуу чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын иши Лейлектеги Майты айылынан чейин жеткенде токтоп калган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев февралда чек ара тактоо иштери эң татаал, чырмалышкан бөлүгүнө келип жетти деген.Былтыр май айынан бери эки тарап 81 километр боюнча орток пикирге келгени кабарланган.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 километр болсо, анын 519 гана такталганы буга чейин айтылган.
Калган чек аралар негизинен калктуу конуштарга туура келип, маселени бир жаңсыл чечүүгө жер, эки тараптын суу, жол талаштары тоскоолдук жаратып жатат. (КС EK)












