Кыргыз-тажик чек арасы: Кырдаалдын өнүгүшү

Чек ара кызматынан кабарлашкандай, кыргыз-тажик чек арасында абал турукташкан. Кечинде ок атышуулар токтоп, тынч өткөн.

Түз алып баруу

  1. Түз алып баруу аяктады

    Урматтуу окурмандар,

    Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал тараптардын тынчтык сүйлөшүүсү менен бул саатка турукташты. Ок атышууну токтотуп, аскерлерди чек ара сызыгынан чыгарып кетүү макулдашылды. Жаңжалга кабылган айылдарда электр берүү калыбына келтирилип жатат.

    Биз менен бирге болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

    Ар дайым тынчтык күндөрү жолугушалы!

  2. Кыргыз-тажик расмийлери сүйлөшүү жүргүздү

    УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана тажик тараптан Раджаббой Ахмадзода баштаган делегация тажик тараптан 28-январда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Asiaplus.tj сайтынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөр Тажикстандын Чоркух жергесинде өттү.

    УКМКнын басма сөз борборунан кабарлашкандай, эки тарап ок атышууну токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө даярдыгын билдиришкен.

    Жолугушууда тараптар чек араларды делимитациялоону жана демаркациялоону тездетүү маселеси көтөрүлгөн. Ошондой эле, атышуулардын себептери жана келтирилген чыгым боюнча айыптоолор айтылды.

    Кыргыз тарап чыңалууну басаңдатуу боюнча бир катар чараларды сунуштаган.

    1. Чыр-чатактын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн эки тараптуу комиссия түзүү;

    2. Аскерлерди чек ара сызыктарынан тышкары алып чыгуу;

    3. Чек араларда коомдук тартипти сактаган чек арачылар менен милиция кызматкерлерин гана калтыруу;

    4. Келишимдердин аткарылышы үчүн делегациянын жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.

    Чыңалуу басаңдаганга чейин Ташиев Баткенде болорун УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

    Тажик медиалары сүйлөшүүлөр эртең 29-январда дагы уланарын белгилешүүдө.

    Камчыбек Ташиев

    Сүрөттүн булагы, УКМК

  3. Кыргыз тарап Bayraktar TB2 колдонгону тастыкталган жок

    Орусиянын айрым маалымат агенттиктери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда кыргыз тарап Bayraktar TB2 колдонгонун жазышты.

    Factchek.kg сайты бул боюнча иликтөө жасап, жогоруда айтылган маалыматтар жалган деген билдирүү менен чыкты.

    Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы бул маалыматтар жалган деп айтууда.

    Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары сатылып алынган. Алар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана чек араларды кайтаруу үчүн колдонулары маалымдалган.

    архив сүрөт

    Сүрөттүн булагы, president.kg

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архив сүрөт
  4. Баткен облусунда жалпысынан 24 237 жаран эвакуацияланды, КР ӨКМ эвакуцияландардын санын жаңыртты

    Саат 13:00гө карата Баткен облусунун аймагында коомдук кырдаал туруктуу.

    КР ӨКМнин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

    Облус боюнча кооптуу аймактагы жарандар убактылуу жайларга жана туугандарына жайгаштырылууда.

    Облус боюнча жалпы 24 237 жаран эвакуацияланды.

    Убактылуу жайларга көчүрүлүп келген жарандар тамак-аш азыктары, зарыл каражаттар менен камсыз болууда.

    Баткен облусунда жалпысынан 24 237 жаран эвакуацияланды

    Сүрөттүн булагы, КР ӨКМ

  5. Баткенде электр берүүнү калыбына келтирүү иштери башталды, Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлиги кабарлайт

    электр зымдары

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Электр өткөрүүчү зымдар

    Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Ошэлектронун кызматкерлери ал жакта оперативдүү түрдө иштеп жатышат. Жакын арада ар бир үйгө электр энергиясы кошулат. Эске сала кетсек 2022-жылдын 27-январында Таджикистан тараптан ок атылып Баткендин “Ак-Сай”, Көк-Таш”, “Орто-Боз”, “Жаны-Бак”, “Таш-Тумшук”, “Көк-Терек” айылдарында электр энергия өчкөн болчу.

  6. Баткендеги кырдаалга байланыштуу 11052 адам эвакуацяланды, КР ӨКМ эвакуциялангандар тууралуу маалымат берди

    Бообек Ажикеев, КР ӨКМ министри

    Сүрөттүн булагы, ӨКМ КР

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бообек Ажикеев, КР ӨКМ министри

    КР ӨКМдин соңку маалыматы боюнча, чек арадагы айылдардан болжол менен 11052 адам эвакуацияланды. Алардын 10410 коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.

    Берилген маалыматка ылайык:

    Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар а/а, Самаркандек а/а Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6000 ге жакын тургуну Рават айылына убактылуу көчүрүлдү;

    Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына көчүрүлдү;

    Ошондой эле, Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана И.Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды;

    Ага катар эле, Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.

    Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды.

    Баткен облусундагы абалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде ӨКМдин иш-чараларын кординациялоодо.

    Маалымат ӨКМдин расмий вебсайтында жарыяланды.

  7. Россия сенатору кыргыз-тажик чек ара чатагына Москванын ортомчулук ролу жөнүндө айтты

    “Интерфакстын” кабарлашына караганда, Россияда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чатагын чечүүгө ортомчулук ролу жөнүндө сөз болууда. Федерациялык кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысынын орун басары Владимир Жабаров эгер аталган өлкөлөрдөн кайрылуу болсо, Россия ортомчулук ролду аткармак деген пикирин билдирди:

    “Бирок буга чейин жетпейт деп ойлойм. Эң башкысы, Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери кыраакылык кылып, конфликттин күчөшүнө жол беришкен жок. Биз Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрүбүз да”.

    Бирок сенатордун оюнча, азыркы убакта кырдаалга ЖККУну тарткан туура болбойт.

    “Менимче, азыр ЖККУну тартыштын кереги жок, анткени, бул ыкчам чечилет. Мындай болуп келген мурда, мен кырдаал кандайдыр бир антагонизмге өтүп кетет деп ойлобойм”,- деген Владимир Жабаров. (КС)

  8. Тажикстан чек арадагы куралдуу кагылышта эки адам каза тапканын билдирди

    Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтте эки тажик жараны каза тапканын кабарлады. Чек арага чектеш айылдын бир тургуну "кыргыз аскерлери аткан минадан" , ошондой эле "тез жардам" автоунаасынын айдоочусу атышуу убагында өлгөнү айтылат. Он адам жарадар болгон, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургундар.

    Азыркы убакта эки өлкөнүн ортосундагы чек арада кырдаал туруктуу, эки жактан түзүлгөн комиссия куралдуу кагылышуунун себептерин териштирүүгө киришти. (КС)

  9. Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду, КР ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү

    Аталган факт боюнча Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды.

  10. 28-январдын таңына карата маалыматтар

    • Чек ара кызматынан кабарлашкандай, саат 8:00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной айылдарында абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

    • Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди. Кечинде ок атышуулар токтоп, тынч өткөн.

    • Президент Садыр Жапаров чек арадагы кырдаал толугу менен көзөмөлүндө турганын билдирди. Ал баары “тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилерин” айтып, “кабатыр болбой турууга” чакырды.

    • Облус башчыларынын жолугушуусу өттү. Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын губернаторлору жолугушуп, ок атууну токтотуу, күчтөрдү мурдагы жайгашкан жерине кайтаруу, Баткен-Исфана жолун ачуу жана кыргыз-тажик тартип сакчыларынан биргеликте кайгуул уюштуруу боюнча макулдашты.

  11. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, КР УКМКнын Чек ара кызматынын билдирүүсү

    2022-жылдын 28-январы саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной тилкелеринде абал туруктуу.

    Түн күтүүсүз окуяларсыз, тынч өттү.

    КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүп жатканын белгилейт.

  12. Садыр Жапаров: абал толук менин көзөмөлүмдө, Президент билдирүү жасады

    Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу президент Садыр Жапаров коомчулукка билдирүү жасады.

    Анда: "Урматтуу Кыргызстандыктар! Чек арада болуп жаткан окуялар толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула," - деп билдирилет.

  13. Чек арадагы кырдаал: облус башчылары жолугушту, Тараптар бир катар маселелер боюнча макулдашышты

    Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев жана Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согдий облусу боюнча губернатору жана алардын чек ара өкүлү менен жолугушуусунун жыйынтыгында төмөндөгүлөр макулдашылды:

    • ок атууну токтотуу;
    • эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;
    • Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;
    • чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

    Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы КР УКМКнын Чек ара тарамдары кырдаал турукташканга чейин күчөтүлгөн тартипте кызматын уланта беришет.

  14. Көчө-Бою жана Дахма аймактарында кагылышуу уланууда, Саат 00:20га карата, Көчө-Бою жана Дахма аймактарында кагылышуу уланууда

    Саат 00:20га карата, Көчө-Бою жана Дахма аймактарында эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп жатат. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

    27-январда саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу 10 мүнөткө токтогон.Ок атышпоо маалында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаевдин Тажикстандын Согди облусунун губернатору, ошондой эле тараптардын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган болчу.Бирок, тажик тарап ок атышпоо боюнча эки тараптуу келишимдерди кайрадан бузуп, кыргыз аскер кызматкерлеринин позицияларын аткылоону улантты.

  15. Тажик тарап кайрадан кыргыз аскерлеринин позициясына ок ата баштады

    Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кабарлагандай, 27-январда саат 23:50 гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аскерлеринин ортосунда ок атышуу токтоду. Ошол убакта Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев менен Тажикстандын Согди областынын губернаторунун жолугушуусун өткөрүү пландаштырылган экен.

    Бирок тажик тарап эки тараптуу бүтүмдү бузуп, кыргыз аскерлеринин позициясын кайрадан аткылай баштады.

    Саат 00.20 карата эки өлкөнүн аскерлеринин атышуусу Көчө-Бою жана Дахма деген жерлерде болуп жатат. (КС)

  16. ЖККУнун жардам берүү жөнүндө сунушуна Кыргызстан жооп бере элек

    ЖККУнун чек арадагы куралдуу кагылышууну жөнгө салууга жардам берүү сунушуна Кыргызстан азырынча жооп бере элек. Бул жөнүндө “Интерфакс” билдирди.

    “Бул боюнча азырынча эч кандай комментарий жок, кырдаал оңой эмес, аны жөндөөнүн ар кандай варианттары каралууда”,- деп билдирген агенттикке кыргыз президентинин администрациясындагы булак.

    Ошол эле убакта ал кыргыз тарап ЖККУдан жардам сурайбы деген суроого жооп берген эмес.

    Андан мурдараак ЖККУнун баш катчысы Станисла Зась Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын катчысы Нрасрулло Махмудзода менен телефондон сүйлөшүп, конфликтти чечүүгө жардам көрсөтүүгө аскердик блоктун даяр экенин билдирген.

    Мурдагы улуттук коопсуздук министри Феликс Кулов Фейсбуктагы баракчасынан кыргыз-тажик чек арасындагы курчуган кырдаалды жөнгө салууга ЖККУнун тынчтык күчтөрүн чакыруу сунушу менен кайрылды.

  17. Тажик тараптан бир киши каза болду

    Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тажик тараптан бир киши каза болгонун "Озоди" радиосу айтып чыкты. Айыл башчысы да 36 жаштагы Обиджон Туйчиев ок тийип набыт болгонун билдирген.

    "Ал аскер адамы эмес, жөнөкөй адам болчу. Ага кыргыз тараптан ок тийди", - дейт "Озодиге" айыл башчы.

    "Азия-Плюс" маалымат агенттигинин маалыматына караганда, учурда Исфара шаарындагы ооруканага алты тажик жараны жаткырылган. Алардын экөө аскерлер.

    Кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону маалымдалды. Учурда алар Баткен ооруканасына жеткирилди.

    Бул жаңжалда кыргыз тарап тажик тарапты айыптап, ок атууну биринчи болуп баштаганын билдирди. Тажик тарап болсо кыргыз тарапты айыптап жатат.

  18. Чек ара кызматтарынын башчылары кайрадан телефон аркылуу сүйлөштү

    Кыргыз Республикасынын УКМКасынын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы, тажик тараптын демилгеси боюнча, саат 221:18де УКМК төрагасынын биринчи орун басары, чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстан Республикасынын Чек ара аскерлеринин башчысы Раджабали Рахмоналинин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Сөз кайрадан атышууларды токтотуу тууралуу болгону белгиленет.

    Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, тажик тарап ок атууну токтотпой жатканын, ошондой эле чек арага оор аскерий техниканы жана аскерлерди тартууну улантып жатканын билдирди.

    Билдирүүдө саат 23:00гө карата тажик аскерлери кыргыз аскерлеринин позициясына карай кез-кези менен ок атып жатканы жана Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында ок атышуу токтобогону айтылат.

    Билдирүүдө тажик аскерлери КР ички аскерлеринин жайгашуусун минометтон аткылашканы, Көчө-Бою аймагында тажик тараптын аткылоосунан улам кыргыз жаранын үйү өрттөнүп кеткени дагы айтылат.

  19. Баткен облусунун саламаттыкты сактоо мекемелери күчөтүлгөн режимге өттү

    Баткен облусунун саламаттыкты сактоо мекемелери күчөтүлгөн режимде иштеп баштады. 10 тез медициналык топ нөөмөттө коюлуп, кан жана анын компоненттери камсыздалды. Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жана Кызыл-Кыядан дагы бир бригада жөнөтүлдү.

    Саат 23.00кө карата Баткен облусунда саламаттыкты сактоо мекемелерине кайрылуулар боло элек.

  20. 4 кыргыз аскери жаракат алды

    Көк-Таш айылынан жаракат алган 4 кыргыз аскери облустук ооруканага алынып келүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

    Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.