Украинадагы кыргыздар: “паникага алдыргандар бар”
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Россия-Украина согуштук кырдаал тобокелчилиги күчөп жатканда Украинада иштеп, жашап жүргөн кыргыздар кантти?
Турдубек Тентимишев жыйырма жылдан ашык Украинада жашап жаткан кыргыз жараны. Учурда ал Киевдеги авиакомпаниялардын биринде эмгектенет. Орус-украин алакасы сууп, согуштук кырдаал жаралган азыркы жагдайда кээ бир кыргыз жарандары паникага алдырып атат дейт, ал:
“Паника болгондой сезилип атат. Ошол себептүү кыргыз диаспорасынан бир канча жаран Кыргызстанга кандай жол менен кайтса болот деп сурашып, кайрылышты. Мен авиатармагында иштейм. Бирок кеткендер болбоду”.

Украинада баш-аягы бир миңге чукул кыргыз жараны миграцияда жүргөнү белгилүү. Кыргыз бийлиги азырынча аларды өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөп же аларды алып чыгып кетүү ниетин билдире элек.
Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргыз элчилиги башка чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн көбү сыяктуу эле штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
“Элчилик кайрылган кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуп турат. Аларга кырдаал боюнча ишенимдүү маалыматты биринчи кезекте украин бийлигинин расмий маалыматынан алуу сунушталат. Зарыл болсо , кыргыз жарандары жана алардын үй-бүлөлөрү коммерциялык каттамдар менен Украинадан өз алдынча чыгып кете алышат” ,- деди ТИМдин маалымат департаментинин директору Нурлан Сүйөркулов.
Ал арада бир катар өлкөлөр Украинада жашаган өз дипломаттарын эвакуациялап жатат. Өзгөчө, НАТОго мүчө мамлекеттеринин Украинадагы өз жарандарына карата тынчсыздануусу күч болууда.
Мындай шартта кыргызстандыктар арасында да тынчсыздануу өсүп жатат. Украинада кыргыз өз диаспорасу бул күндөрү WhatsApp аркылуу бирин-бири колдоп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Кырдаал анчалык деле курч эмес, бирок паника бар. Жашоо уланууда, жакынкы арада Кыргызстанга кайтуу чечимин кабыл алгыдай кырдаал жарала элек. Пандемия убагында деле, диаспора менен элчилик Европа Украинадагы жарандарды чартердик рейс менен Кыргызстанга алып барууну уюштурган. Андай эле кырдаал курчуса ошентип эле биздин жарандарды алып кеткенге мүмкүнчүлүк болот го деп ойлойм”.
Украинадагы кыргызстандыктардын көпчүлүгү Киевди, андан кийин эле Одесса, Харьков шаарларын байырлашкан.
Украинадагы кыргыз мигранттарынын басымдуусу жеке бизнес менен алектенет. Бирок эми Украинадагы азыркы кризис шартында ишкерлердин соодасы да жүрүшпөй калганы айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Maral FM
“Соода тармагында иштегендер бар, бул жакка бир нерсе алып келип сатып дегендей. IT, авиа тармагында билет сатып иштегендер бар. Бирок азыр учак учпай, билет сатылбай калды. Соода-сатык кылып жаткандардын мурункудай соодалары жүрбөй калды. Анткени согуш болот деген паника элдин соода кылуусун токтотту. Өзүбүздүн партнерлор менен сүйлөшсөк, украиналыктар деле соода-сатык токтоп калды, эл соода кылбай калды деп айтып атышат”, -деп кошумчалады Азамат Исмаилов.
Украинадагы кыргыз элчиси жакында эле алмашып, Идирис Кадыркулов бул кызматка келген. Парламент макулдугун бербей, бирок ага карабай президент Садыр Жапаров аны элчи кылып бекиткен.
Украинадагы азыркы кырдаал жаңы кыргыз элчисин да сыноодон өткөрүүдө.












