Бишкек: 750 миң сом салют деп сапырылат. Мынча акчага эмне алса болот?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Абанын сапатына байкоо салган World Air Quality уюму Бишкекти абасы эң кир шаарлардын биринчи сабына койду. Көрсөткүч улам өзгөрүп, абанын абалына жараша алмашып турат. Бирок борбор калаа Бишкек күн сууктагандан бери бул тизмеден дээрлик чыкпай келе жатат. Абасы эң эле кир деген шаардын мэриясы ошого карабай 750 миң сомдук салют аттырганы турат.
Бишкекти ушул күндөрү эртели кеч боп-боз мунарык каптаганы каптаган. Тоо этектеп чыксаң көп учурда кара түтүндөн шаардагы эң эле бийик деген имараттар да көрүнбөйт. Мунун канчасы ыш, түтүн, канчасы туман экенин так айтуу кыйын.
Айрымдар дем алуусу кыйындаганын айтса, дагы бирлери жаш балдар менен карылар кантет деп убайым тартууда. Мэрия кир аба бир күндүк салюттан эч нерсе болбойт деген чечим чыгарган өңдүү. Ошентип 31-декабрь күнү 750 миң сомго салют аттырууга камынууда. Айтмакчы, бул биринчи жолкусу эмес экен. Анда (2019-жылы) салют аттыралы деп кабыл алынган чечим эмес, тендер башкы себеп болгондой...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си шаар аралап, мэриянын салют аттыруу чечимине кандай карайсыз деп бир топ кишиге микрофон сунду. Жалпылай келгенде биз кайрылган он кишинин тогузу аба ансыз да кир экенин айтып, салютка караманча каршы. Бирөө гана маанай жакшырат деди.
Калгандары ал тургай бир нече сунуш да айтып жиберишти:
- Таштанды жайды иреттегенге же таштанды челектерди жакшыртууга жумшаса болмок
- ЖЭБ борборунун бир жерин ырастап койсо
- Жакырчылыктан кыйналгандарга көмөк
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
- Экология маселелеринин бирин чечкенге жана башка
Би-Би-Си мэрия чындап эле ушунча каражатка салют алып, аттырганы жатабы деген суроолор менен бир нече жолу мэриянын басма сөз кызматына кайрылды. Бирок толук кандуу жооп ала алган жок. «Бир жолку салют абаны анчалык булгап жибербейт» деген мазмунда жооп айтышты.
Мэрия салют элдин маанайын чындап майрамдык шаңга бөлөйт деп эсептейт. Бирок эко-активисттер ага макул эмес. Алар заманбап технология абаны булгабайт, салюттан да жакшы жаркырамак дейт.
"Мисалы үчүн лазер (шоолалардын шоусу) жана башка ушул сыяктуу. Эгер андай эле мэриянын акчасы көп болуп, коротор жер таппай жатса ошол эле экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жагына, социалдык жактан колдоого муктаж делген катмарга белек, же жардам көрсөтүүгө бөлсө болмок. Негизи биз каршыбыз. Аляьнс 60тан ашык экологиялык уюмдардын башын бириктирет. Биз учурда кат даярдап жатабыз. Мэрияга кайрылабыз. Негизи каршыбыз. Эч кандай салют болбошу керек. Бул эски кылымдын көрүнүштөрүнөн»,- дейт "Кыргызстандын жашыл альянс" башкармалыгынын өкүлү Анара Султангазиева.
Эко-активисттер ансыз да ыш шаардыктарды жүдөтүп бүттү дешет.
"Эми ушунча химиялык заттарды асманга чачып, элдин өпкөсүнө дем аркылуу киргизип, ансыз деле ыш көйгөйү чечилбей жатканда фейерверк атабыз дегени бул акылга сыйбаган нерсе",- дейт Султангазиева.

Интернет колдонуучулар бул боюнча түрдүү пикирлерди жазып жатат. Алардын бири 750 миң сомго балатынын канча көчөтү келмек десе, дагы бири жок дегенде жаны курдук деп жаткан он чакты мектептин бирине күн панелдерин орнотсо салютка салыштарганда он эсе пайда болмок дешет. Дагы бирлери куурап жаткан сейил бактардын бирине суу жеткирсе ошол акча ишке жарамак дейт. Би-Би-Си Ак-Өргөгө тигилген көчөттөр куурап жатат дегендерге жолуккан эле.
Көчөт жөнүндө кеп кылгандар мэр жүздөгөн балатыны алып алып, өзү баш болуп шаардын ар кайсы жерине тиксе, мынакей жаңы жылыңыздар менен, балаты анын символу десе салюттун кубанычынан дагы ашып түшмөк, азыр да кеч эмес. Балаты чындап майрамдын символу да дешет. Болбосо аба кир деп коюп, кайра мэрия өзү баш болуп ага тескери салымын кошуп, эң башкысы аба булгамай деген жаман жорукту баштап бергени жарашпайт деп сындагандар бар.
Көк түтүн жакшыбы же көчөтпү?

Сүрөттүн булагы, AgroNova
Балаты демекчи, арча, карагайдын бир, бир жарым метрлик көчөттөрүнүн баасы канча экенин сатуучулардан сурап көрдүк.
Интернетке жарнама бергендердин бири Тянь-Шань карагайы деп аталган балатылардын 1.5 метрликтерин 3000 (үч миң) сомдон баалады. Көп санда алабыз деп соодалашкандарга мындан бир топ эле арзан болгудай. Ушул эле багбан көк карагайдын (голубая ель) 1.5 метрликтерин 5000 (беш миң) сомдон сатканын кошумчалады.
Көчөттөрдүн түрүн, анын ичинде ийне жалбырактууларды чет өлкөдөн ташып келген компаниялардын бири AgroNova экен. Алар сугаруу тутумун орнотсо көчөттөргө бир жылга кепилдик да берет экен. Маселен кымбат деп бааланган Корея пихатсы учурда 800 (сегиз жүз) сом экен. Анын бийиктиги 40 сантиметрдин айланасында. Көп санда алчуларга алар деле арзандатып бергидей.
Аймактарда кандай болду экен деп Каракол шаарындагы токой таануучу Памир Кошумбаевге дагы байланышып, бааларды сурап көрдүк. Токой таануучу бакчасында жана талаасында көчөттүн түрлөрүн жүздөп өстүрөт. Көк карагайдын кыркылган, тандамалдары 6000 (алты миң) сом. Алардын бийиктиги 1.5м. Ал эми тандамал мыктыларынын 2 метрликтери 9000 (тогуз миң) сомго чейин деп баалады. Бул баага көчөттү казып, белендеп бергени да кирет. Памир Кошумбаев 9 түрлүү көчөттүн ар бирин жүздөн миңге чейинки санда өстүрөт.
Эми 750 миң сомго канча көчөт келе тургандыгын, алар канча кычкылтек жана көрк берерин, салют канча абаны булгай турганын өзүңүз да бир таразалап көрүңүз.

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov
Ошентип Бишкек түтүнү басылбаган таштанды жайы (мэрия бул ишти түп орду менен чечебиз деп көп жылдан бери убада берип келет. Бул жолку убада так убада деп ишендирүүдө), кир аба жана салют менен Жаңы жылды тосууга камынууда. Баса, Бишкекте куурап калган жалбыракты өрттөсөңүз айып пул төлөйсүз деген эреже бар. (EB)












