Велосипед – жакырлардын транспорту эмес...
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, BBC WORLD SERVICE
Экология, мунайдын кымбаттыгы жана ашыкча салмак сыяктуу көйгөйлөр велосипедди транспорт катары мурдагыдан да актуалдуу кылды. Өзгөчө Европанын бир катар өлкөлөрүндө вело сүйүүчүлөрдүн саны тез арбып, алардын клубадары түзүлүүдө. Абасы кир, жолдору тыгын, бензини асмандын башы деген Бишкекте велосипед транспорт боло алабы?
Бишкекте кээде унаа менен кысылып, жөөлөшүп, урушуп-талашып жарым саатта жеткен жерге велосипед менен 5-10 мүнөттө эле жетип алсаң болот. Бирок коопсуз деп айтууга али эрте. Ошондон улам далай шаардыктын велосипеди "байлоодо" калып, унаанын тыгыны жакында азайбайт өңдүү.

Сүрөттүн булагы, BBC WORLD SERVICE
Кастюм шым менен велосипед тебүү өтө эле ыңгайсыз дегендер арбын. Бирок жайы-кышы велосипедден түшпөгөн Нуршат ал курулай эле сөз дейт. Бирок баары эле велосипедди минтип жеке транспорт кылып алууга даяр эмес. Ал үчүн эң башкысы коопсуздук жана жөнөкөй болсо дагы шарт керек. Бишкекте веложолу келе жатып эле жерге сиңгендей жок болуп кеткен, электр мамысын, дубалды же тепкичти сүзүп токтоп калган мисалдар аз эмес.

Алкогол ичпеген киши деле Бишкекте мамы сүзүшү толук мүмкүн...
Жолдун чок ортосуна мамыны ошол бойдон асфальттап салуу далайларды кыжырдантканы менен өзгөрүү жок.
“Бишкек Башкы архитектура тарабынан берилген долбоорлордо ошол жолдун ортосунда калган столбалар алынышы керек эле. Алардын жылдырылбай калышы эми биздин компетенцияга кирбейт”,- дейт мекеменин жол курулуш бөлүмүнүн башкы адиси Улукман Маматов.
Бул тоскоолдуктардын бир эле чети. Ошентсе да соңку жылдары бир аз болсо дагы веложолдорго көңүл бурула баштады. Архитектура билдиргендей Бишкекте 29 километрден ашык веложол бар. Дагы 70км вело жол куруу паландалганы менен ал качан ишке ашаары белгисиз. Тактаганыбызда быйыл бир метр дагы веложол курулбайт, аң-чөнөгү гана оңдолот дешти. Жол куруу мекемеси буйрутма болсо дароо киришкенге даярбыз дегени менен азырынча андай иш жок. Курулган 29 км веложол деле толук кандуу жол дегенге жарабайт. Көп жерде бири-бирине карама-каршы келе жаткан велочулар кайчылаш өтө албайт. Жолдун боюна эле чийип анда-мында белги коюп койгон жолдорду жөө баскандар ээлеп алат. Көбү кулакчын менен жүргөндүктөн жол сурап кыйкырганды же шыңгыракты укпай сүзүшүп кеткен мисалдар арбын.

“Канчалык ыңгайлуу шарттар түзүлсө, нормалдуу жол болсо аялдар дагы тебе баштайт. Мисалы кар жааган учурда жолдоор толук тазаланбайт. Веложолду гана күрөп коёт. Демек, эл ошол жол менен басат. Анан “жол эле жол” деп кыйкырып кете бересиң. Жаш балдар, улгайган адамдар чыгат. Кооптуу жагдай түзүлөт. Велочунун дагы бир баш оорусу азыр чынжырдын түрүнө карабай кесип, чечип кетип жатышат. Ал жерде сөзсүз камера турушу керек. Себеби коркпой таштап жумушка киргидей болуш керек да. Велосипед эки эле мүнөт кароосуз туруп калса “сүйрөп кеткиси келгендер” четтен чыгат. Ыңгайлуу шарт болсо көбү ойлогондой көл-шал түшүп деле тердебейсиң, кийимиң деле булганбайт”,- дейт Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкери Нуршат Абакиров.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өнүккөн өлкөлөрдүн өрнөгү кандай?...

Лондондо велочу эч кооптонбой автоунаа, керек болсо эки кабат автобус менен жанаша же жарыша тебе алат. Ал жолдо кадимки эле айдоочудай орду бар. Бирок азырынча Бишкек көчөлөрүндө мындайды кайталоо бир топ эле кооптуу. Велочуну сүзүп кетиптир, каза болуп калыптыр деген суук кабарлар маал-маалы менен чыгарын унутпаш керек. Ошол эле учурда Лондондо деле велону уурадагандар аз эмес экенин айта кетели. Вело кароосуз калса деле эч ким тийбейт дегенге ишенип болбойт. Кээде жумалап байланган бойдон калган велосипеддердин рамасынан башкасын бүт чечип кеткен же уурдай качкан мисалдар деле бар. Ошентсе дагы чынжырлап байлап койчу жайды табуу машакат эмес.

Сүрөттүн булагы, BBC WORLD SERVICE
Нуршат: Бишкекте дагы бир чоң өксүк бар...
“Баракчамда сурамжылоо өткөргөнүмдө кээ бир досторум: Велосипед тепсе, “ай бул иши жүрүшпөй калыптыр, велосипед тээп калган турабайбы” дегендер да бар экенин жазышты. “Велосипед бул жакырлардын транспорту” дегендей түшүнүк калыптанып калган. Андай болбошу керек”.

Эл эмне дейт? Эл эч нерсе дебейт...
Бишкекте айрымдар кымбат баалуу велосипед аларын алып коюп, теппейт дегендер бар. Балким ал велосипеддер дагы эми жол таптап калаттыр. Велосипед экология, ден-соолук үчүн мыкты транспорт экени күн сайын актуалдашууда.
Жол тыгында турганча велосипед менен зуулдап жүрсө кантет?

Бишкекте автожолдор курулуп, жаңы салынып жатканы менен унаа токтотуу баш оору бойдон калууда. Натыйжада жол жээгин кайра эле унаалар ээлеп, тыгын көйгөйү чечилген жок. Урбанисттер жол кеңейип, автого канчалык ыңгайлуу шарт түзүлсө ошончолук автоунаа көбөйөт дешет. Атайын веложол болбогон соң рулда жүргөндөр велочуну жөө жүргүнчүнүн жолуна, жөө жүргөндөр унаанын жолуна сүрүп салгылары келет. Шаар бийлиги шаар ичинде жолдор тар экенин айтканы менен кеңейтүүгө толук шарты бар, башаламан курулуш ээлеп кете элек жаңы конуштарда деле кенен вело жол курбайт. Андан улам вело тебүү машакат, кооптуу дегендер арбын. Веложол болгондо эң болбоду дегенде аба азыраак булганат эле.
Картада баары сонун, бирок...

Лондон менен салыштырганда иш жүзүндө асман жердей айырма болгону менен картадан карай келгенде кыйла эле “окшош”. Ал картада керек болсо Бишкектин чыгышы менен батышы, түндүгү менен түштүгү веложолдор менен туташып, кыйма-чийме. Бирок бул азырынча кагаз картадагы чийме. Ал сары (даяр веложол), жашыл (долбоорлонуп жатканы), кызыл (ушундай болсо болот деген божомол) түстө. Кыйынчылыгына карабай вело тээп алгандар борбордун борборундагы белгилүү эле дүкөн, мекемелердин алдынан вело токтоуучу жай таппай убара. Билинбеген мындай майда ыңгайсыздыктар далай шаардыкты велодон баш тартууга чейин жеткирет.
Ден-соолук жана велосипед...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шаар ичинде айласы жогунан вело тебе албаганын айткан бир топ таанышым эс алуу күндөрү шаар четинде, капчыгайларда күчүн велодон чыгарабыз дейт. Кадимкидей дене бой жазылып, кабак ачылып, көкүрөк толо дем алып калаарын айткандар шаар бийлиги муну качан түшүнөт деп суроо салууда. Арасында ашыкча салмактан велосипеддин көмөгү менен кутулганын, уйкусу калыбына келип, дем алуусу жакшырып, күүлү-күчтүү жүрүп калганын айткандар бар.
Жакшы велосипед арзан эмес...

Сүрөттүн булагы, bbc world service
Соңку жылдары металл, анын ичинде алюминийдин баасы бир топ кымбаттап, айлык дагы жогорулагандыктан велосипеддин баасы дагы бир топ көтөрүлдү. Бишкектин өзүндө деле 300 миң сомдук велосипеддерди көрүүгө болот. Мурун көпчүлүк үчүн велосипед 10-15 чакырымга чейинки аралыкка мыкты транспорт деп саналса азыр ал аралык кыйла узарды дешет. Бир жагынан жол кире кымбаттаса, экинчи жагынан пандемиядан улам таза абаны, адамдар арасында аралыктын кенен сакталышын каалагандар велого өтүүдө. Ошондон улам вело өндүрүшүндө жаңы тенденция пайда болуп, моторлошкон (гибрид) велосипеддердин тренди башталгандай. Мындай велосипеддер кыйла узак аралыкка чарчабай, ылдам жетүүнүн бир жолу. Алардын айрымдарынын баасы машиненикинен кем эмес...











