Равшан Сабиров: "Асман" шаарын куралы деп президентти мен көндүрдүм...
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, president.kg
Балыкчы шаарынан алыс эмес жерде заманбап, кылым долбоору боло турган "Асман" шаары курулат деген кабар чыккандан бери талкуу кызыды. Мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Аталган долбоорго күмөндүү иштерге тиешеси бар деп келген Тимур Файзиев аттуу ишкердин жетекчи болуп келиши, анын ошол шаардын айланасынан кытайларга, жапондорго жана башкаларга 100 гектардан жер беребиз деген мазмундагы сөзү талкууну ого бетер күчөттү.
Биринчилерден болуп бул долбоор тууралуу ошол кезде президенттин кеңешчиси болуп турган Равшан Сабиров айтып чыккан эле. Р. Сабиров азыр парламенттин депутаты.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Би-Би-Си Равшан Сабировду кепке тартып, кенен маек курду.
Би-Би-Си: “Асман” шаарын куру боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү. Сиздин ага тиешеңиз барбы?
Равшан Сабиров: Мамлекеттик дирекциянын жетекчисин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бекитет жана кызматтан алат.
Би-Би-Си: Азыр долбоорго тиешеңиз барбы же жокпу?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Равшан Сабиров: Президенттин кеңешчиси болуп турганымда бул долбоорду координациялагам. Ошол убакта бул долбоордун автору Руслан Акматалиев деген жигит аркылуу келген идея. Көп инвестор келген. Тактап айта турган болсом ошол убакта Түркиянын вице-президенти Фуат Октай өзү келген. Жеринен барып көргөнбүз. Жерди, тоону, сууну абаны талдоо үчүн тиешелүү мекеменин баары тартылган. Ошол учурда Дубайдан прниц да келген. Өзүм ошол жерге алып барганмын. Эл аралык деңгээлде бул долбоорго кызыгуу абдан чоң. Мен президенттин кеңешчиси кызматынан бошогондон кийин ачыгын айтканда бул долбоор токтоп калган. Кийин шайлоого катышып, мандат алдым. Эми бул ишти кайрадан жандандырдык. Азыр дирекцияга жетекчи кылып Тимур Файзиев дегенди шайлашыптыр. Эки күн мурун мамлекет башчысы “мурдагыдай эле кеңешмени сен координациялап, өткөр. Жумушчу топту топто” деди. Мен үч күн мурун өкмөттүн жыйындар залында жыйын өткөрдүм. Канча кабат курулат, экология, жарандар менен сүйлөшүү, сууну кайдан алып келебиз деген сыяктуу суроолордун баарын жыйында сүйлөштүк. Конкреттүү маселелер коюлду. Координация мурдагыдай эле мага өттү окшойт.
Тимур Файзиев кандайча жетекчи болуп калды деген суроолор көп...

Сүрөттүн булагы, Facebook
Би-Би-Си: Убагында кылмыш ишине, мыйзамсыз курулуштарга тиешеси бар деп келген адамдын дирекциянын башчылыгына келгени президентке маалым бекен?
Равшан Сабиров: Президенттин кабары бар жогун билбейт экем. Мен Файзиевди таанычу эмесмин. Ачык айтайын. Жыйын учурунда таанышып, телефон номерлерибизди дагы алмаштык. Чогуу иштешебиз деп макулдаштык. Ал Акылбек Жапаровдун буйругу менен бекитилди да.
Би-Би-Си: Сиз “мурдагыдай эле координациялай бер деп мага президент айтты” деп жатасыз. Ошол эле учурда А. Жапаров Т. Файзиевди бекитти деп жатасыз. Эми кимиңиздер жетектейсиздер?
Равшан Сабиров: Меники эми мындай айтканда көзөмөл жагы, координация десем болот. Файзиев жаш болгону менен көптөгөн курулуштарды бүтүргөн. Компаниясы менен дагы таанымал. Ал 10 000 чарчы метрге чейинки курулуштарды бүтүргөм деп тааныштыруу сөзүндө өзү айтты. Сүйлөшүүлөрдү баштадым деди. Ачыгын айтканда ойлору жаман эмес. Сууну кайдан алып келебиз, жашоочуларды кандай жумуштар менен камсыздайбыз, экология маселеси, электр энергиясы, күн батареясы, бир кишиге 17 чарчы метр турак жай керек экен, ал бир күндө канча суу коротот дегендин баары эсептелип жатат. Документациясы аяктап, баары такталганда гана курулуш башталат.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Би-Би-Си: Компаниясы мыйзамсыз курулушка, өзү күмөндүү иштерге тиешеси бар деп жаткан адам ушундай чоң долбоорду жетектеп калганы көп суроолорду жаратууда.
Равшан Сабиров: Бул суроого Акылбек Жапаров жооп берсе туура болот го. Мен таанышканыма 2-3 эле күн болду. Бул жигитти сүйлөшүп көрүп анан бекитишти да. Мен жаран катары токтоп калган ишти кайрадан жандандырып жатам.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Би-Би-Си: Айтканга абдан жакшы иш. Бул ишке аша турган реалдуу долбоорбу?
Равшан Сабиров: Дүйнө алдыга кетип бара жатат. Технология укмуштай өнүгүүдө. Чөнтөк телефон менен бир жерден экинчи жерге чалат десе кезинде жомок болгон да. Сингапурда, Кытайда, кийинки эле Астана, азыр Ташкент сити, Түркиядагы жаңы шаар курулуп жатат. Ачыгын айтканда биз бул жагынан артта калдык. Чындык ачуу болот. Биз замандын талабынан артта калбашыбыз керек. Жакшы максат менен бара жатабыз. Коомчулук бизди колдошу керек. Балдар инвестор деп Францияга чейин барып келди. Бул кылымдын долбоору десек жарашат. Ал шаарда банктар, академия, университеттер баары болот. Ачыгын айтканда Дубайдан да бир аз кызыгуу бар. Алар Гарварддай эле окуу жай ачалы деп жатат. Канададан келип киберпарк ачалы деп турат.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Равшан Сабиров: Коомчулук бизди колдоп берсе дейбиз...
Би-Би-Си: Ишке ашса керемет эле болгону жатат. Бирок, Бишкектин борборунда жол, суу, жарык, тазалык маселеси чечилбей жаткан шартта бул утопия эмеспи?
Равшан Сабиров: Эгер чоң бизнесмен келип, “мага 50 га жер керек, кичи район курайын” десе эч ким андай жер бере албайт. Ош, Жалал-Абад сыяктуу шаарлардын баары эле ушундай. Таштанды баскан жерди тапсаң деле ал бирөөнүкү болуп чыгат. Эч ким жерди таап бере албайт дегеним ошол. Асман шаары курулат деген жер кылымдап эле жаткан жер. Эч ким ойлогон дагы эмес, менин да оюма келген эмес. Руслан Акматалиев проектилерин көтөрүп келип, аны жылдап эч ким укпаганын айтып мамлекет башчыга жеткириңизчи деген. Ошондо мен 3-4 күн президент менен сүйлөшүп жатып, элибизде дагы жакшы дух пайда болуп, тарых алдында жакшы иш болот эле деп мен көндүргөм. Ачык айтайын, президент “колубуздан келеби, алып кете алабызбы?” деди. Мен анча-мынча сүйлөшүүлөр болуп жатат. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын дагы үйрөнөлү, муну алып кетсек болот экен дедим. Биз болгону шартын түзүп берели. Дубайда кумдан эле гүл жасап жатат го.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Баарын эсептеп,тактап бүткөндө гана шаар курулат деп айтсаңыздар болот беле?
Равшан Сабиров: Реалдуу экен. Ал жерде таштандысынан бери дароо иштетилет.
Би-Би-Си: Ошол эле таштанды маселеси Бишкекте азыр да чечилбей турат го...
Равшан Сабиров: Бишкектикинен бир аз кабарым бар. Ал маселе чечилди.
Би-Би-Си: Чечилди деп айтууга али эрте го, себеби, эми гана баштаганы турат.
Равшан Сабиров: Менин кабарым бар. Инвестор келди. Чечилип жатат. Эми эскини ондогончо эсиң кетет дейт, биз жаңыны курганы жатабыз. Баса белгилеп кетейин шаардын курулушуна мамлекеттин казынасынан бир тыйын кетпейт.
Би-Би-Си: Ошол жердин кулуну, убагында ошол областты жетектеген Эмилбек Каптагев дагы ал жерге шаар куруу туура эмес деген мазмунда жазып жатканын окусаңыз керек.
Равшан Сабиров: Ар бир инсандын ой-пикири болот. Ал киши менен ага инилик сыйым бар, абдан сыйлайм. Бир үй куруп жатканда анын долбоору даярдалат, экспертиза өтөт. Бир үйгө ушундай талап болуп жаткан соң шаар курууда баары эске алынат. Ал экологиялык шаар болот. Керек болсо ал жерде бензин менен жүргөн машина дагы айдалбайт.
Маектин видеосун толугу менен бул жерден көрүңүз:












