Кир аба бизди өлтүргөндөн башка дагы эмне кылат?

Мэлисса Хогнебум

Академиктин калпагын кийип алган баш сөөк

Сүрөттүн булагы, Emmanuel Lafont

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Академиктин калпагын кийип алган баш сөөк

Дем алып жаткан аба жүрүм-турумдун өзгөрүшүнө алып келе алат, биз мунун себептерин эми гана түшүнүп баштадык.

Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын жарымынан көбү шаарларда жашагандыктан, мындай тыянак бизге чоң коркунуч жаратууда, анын үстүнө көпчүлүгүбүз булганган аймактарга мурда болуп көрбөгөндөй жыш жашап жатабыз.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму төбө чачты тик тургузган маалыматты келтирет - азыркы учурда 10 кишинин тогузу кооптуу деңгээлде булганган аба менен дем алат.

Кир аба жылына болжол менен 7 миллион адамдын өмүрүн алып кетет. Бирок, киши колдуу өлүмдөрдүн санын да бул статистикага жакын арада кошуп калышыбыз ыктымалбы?

BBC Future буга далилдерди топтоо аракетин көрдү.

2011-жылы Лондон экономика мектебинин окумуштуусу Сефи Рос (Sefi Roth) абанын булганышынын көптөгөн таасирлери жөнүндө ойлонуп баштаган. Окумуштуу кир аба адамдардын ден-соолугуна терс таасир тийгизерин, госпитализациялардын жана өлүмдөрдүн санын көбөйтөрүн ансыз деле жакшы билчү. Бирок, балким мунун биздин жашоо-турмушубузга башка жактан да терс таасирлери болушу мүмкүн деген ойго келген.

Алгач, Рос кир абанын когнитивдик жөндөмдүүлүккө, билим алууга, маалымат кабылдоого таасир кылып-кылбаганы жөнүндө изилдөө жүргүзгөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Рос менен анын командасы ар башка күндө сынак тапшырган студенттердин окуудагы жетишкендиктерин изилдеп, аны менен бирге сынак өткөрүлгөн күндөрү болгон абанын булгануу деңгээлин да өлчөшкөн. Калган башка өзгөрүлмө параметрлер ошол боюнча калган — сынактарды билим деңгээли дээрлик бирдей студенттер, бир эле жерде тапшырышкан. Сынак тапшыруунун күндөрү гана ар башка болгон. 

Изилдөөчүлөр, сынак жыйынтыктарынын орточо көрсөткүчтөрүн көрүшүп, айран-таң калышты. Сынакты начар баалар менен тапшырган студенттер көп болгон күндөр аба эң кир болгон күндөргө дал келип, ортодо корреляция байкалган. Ал эми аба эң таза болгон күндөрү студенттер эң жакшы бааларды алышкан. 

“Биз аба өтө кир болгон күндөрү студенттердин окуу жетишкендигинин жалпы деңгээли түшүп кеткенин даана көрө алабыз” — дейт Рос. “Ал түгүл, аба кир болгон күнгө чейин бир-эки күн мурун, же тескерисинче бир-эки күндөн кийин да, биз мындай эффектти байкаган жокпуз — дал ошол аба кир болгон күнү сынактын жыйынтыктары өтө төмөн деңгээлге түшүп кеткен”. 

Кир абадан жабыркагандар

Сүрөттүн булагы, Emmanuel Lafont

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кир абадан жабыркагандар

Кир абанын узак мөөнөттө тийгизген таасирин аныктоо үчүн, Рос 8-10 жылдан кийин да адамдардын жашоосунда кандай натыйжалар келип чыкканын талдап чыкты. Аба кир болгон күндөрү начар баа алгандар рейтинги төмөнүрөөк жогорку окуу жайларга тапшырышкан, азыраак акча иштеп табышкан, анткени сөз болуп жаткан сынак келечектеги билим үчүн абдан маанилүү болгон.

“Демек, кир абанын кыска мөөнөттүү эффектке ээ болсо да, эгер ал адамдын жашоосундагы өтө маанилүү баскычында орун алса, анын таасири кыйла узак мөөнөткө тийиши мүмкүн”, — дейт Рос. 2016-жылы жүргүзүлгөн дагы бир изилдөө, кир аба натыйжалуулуктун төмөндөшүнө алып келиши тууралуу Ростун баштапкы ачылышын дагы бир ирет далилдеди. 

Бул маалыматтар Росконун соңку изилдөөcүн жүргүзүүгө түрткү болду. 2018-жылы анын изилдөө тобу Лондондун 600дөн ашуун районунда, 2 жыл ичинде орун алган кылмыштардын статистикасын изилдеп чыкты. Изилдөөнүн негизинде майда кылмыштар аба өтө кир болгон күндөрү, бай райондордо да, кедей райондордо да күндөгүгө караганда көбүрөөк жасалганы аныкталды. 

Албетте, мындай корреляциялар жөнүндө тыянак чыгарууда сөзсүз түрдө этият болушубуз керек, бирок ошол эле кезде, изилдөөнүн авторлору мында себеп-натыйжалык байланыш бар экендигинин айрым далилдери болгонун көрүшүүдө. 

Ошол эле изилдөөнүн алкагында алар белгилүү бир убакыттын өтүшү менен конкреттүү райондорду жана абанын булганышынын деңгээлин да изилдешти. Канткен күндө да, кир аба буудак-буудак болуп, желдин сокконуна жараша төрт тарапка жайыла берет эмеспи. Башкача айтканда, кир аба шаардын ар кайсы бөлүгүнө, өз оюна келген багытта, кааласа бай райондорго, кааласа кедей райондорго жер которуп кете берет.

“Биз күн сайын кир абанын артынан ээрчип, ал туруп калган жерлерде кылмыш деңгээли кандай болуп өзгөргөнүн байкап турдук… Кир аба кайда барбасын, ошол жакта кылмыштуулук деңгээли жогорулаганын аныктадык” - деп белгиледи изилдөөчү.

Баса белгилей кетчү нерсе, абадагы мелүүн булганычтын да кыйла чоң таасири бар экен. “Изилдөөбүздүн жүрүшүндө биз муну аныктадык — жогорку кылмыштуулук учурдагы кабыл алынган нормативдик стандарттардан кыйла төмөн деңгээлде дагы орун алууда”. Башкача айтканда, АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан “жакшы” деп таанылган деңгээлдер деле баары бир жогорку кылмыштуулук менен тыгыз байланышкан. 

Куурчак театр актерлору

Сүрөттүн булагы, Emmanuel Lafont

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куурчак театр актерлору

Рос топтогон маалыматтар киши өлтүрүү жана зордуктоо сыяктуу оор кылмыштарга карата кир абанын күчтүү таасирин так билдирбесе да, 2018-жылы жүргүзүлгөн башка изилдөө ортодо байланыш болушу ыктымалдыгын көрсөттү. Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуусу Джексон Лу тогуз жылда топтолгон маалыматтарды талдап чыгып, анын бул изилдөөсүндө АКШнын дээрлик бүткүл аймагы, 9 миңден ашуун шаары камтылды. 

Бул изилдөө “абанын булганышы кылмыштын негизги алты категориясын алдын ала шарттап койгонун” аныктап чыкты, бул категорияларга этиятсыздыктан өлүмгө кириптер кылуу, зордуктоо, тоноо, унааны уурдап айдап кетүү, ур-токмокко алуу кирет. Аба булганышынын деңгээли эң жогору болгон шаарларда кылмыштын деңгээли да жогору болгон. Бул изилдөө катардагы дагы бир корреляциялык изилдөө болгону менен, мында калктын саны, жумушка орношкондуктун деңгээлдери, жаш-курак, жыныс сыяктуу факторлор эске алынган — бирок канткен күндө да, абанын булганышы кылмыштуулукту шарттаган көрсөткүч бойдон кала берген.

Кошумча далилдер 682 өспүрүмдүн “кылык-жоруктарын” (анын ичинде алдоо, уурдоо, сабактан же иштен качуу, вандализм, психоактивдүү заттарды колдонуу) изилдөөнүн негизинде келип чыккан. Түштүк Калифорния университетинин окумуштуусу Даяна Юнан менен анын кесиптештери PM2.5 деген аталыш менен белгилүү, адам чачынын энинен 30 эсе кичине болгон майда бөлүкчөлөрдү кылдат изилдешип, бул булгоочу заттардын 12 жыл ичинде кылган таасиринин кумулятивдик эффектин талдап чыгышты. Бул изилдөөнүн негизинде жаман жүрүм-турумдун ыктымалдыгы аба булганчынын деңгээли жогору болгон аймактарда кыйла жогору экени дагы бир ирет аныкталды

Кир аба менен кылмыш ортосундагы байланыштын жөн гана социалдык-экономикалык статус менен түшүндүрүлбөсүнө ынануу үчүн, Юнандын командасы өспүрүмдөрдүн ата-энесинин билимин, жакырдыкты, жашаган районунун абаттуулугун, жана дагы башка көптөгөн факторлорду да эске алышты. Бул факторлор кылмышка таасир кылган белгилүү факторлорго салыштырмалуу микро-бөлүкчөлөрдүн таасирин обочолонтуу максаты менен өз-өзүнчө эсепке алынды.

Мээсине кир аба кирип жаткан киши

Сүрөттүн булагы, Emmanuel Lafont

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мээсине кир аба кирип жаткан киши

Юнандын айтымында, анын изилдөөсүнүн жыйынтыктарындагы көрүлгөн кырдаал олуттуу кооптонууну жаратууда. Анткени баарыбызга маалым болгондой, адамдын өспүрүм кезиндеги жүрүм-туруму, анын чоңойгон кезде өзүн кандай алып жүрө турганын алдын ала шарттап коёт. Тартип бузган, эрежелерди көп сактагысы келбегендердин начар окуу, жумушка кеч орношуу ыктымалдыгы жогору болуп, психоактивдүү заттарды колдонууга оңой макул болушат. Мунун баары адамдын өспүрүм кезинде эле, кеч болуп кете электе, түзүлүп калган кырдаалга кийлигишүүгө артыкчылык берилиши канчалык маанилүү экенин түшүндүрөт. 

Кир аба биздин адеп-ахлагыбызга кантип таасир кылганын түшүндүрүүчү көптөгөн механизмдер бар. 

Мисалы, Джексон Лу “булганыч” деген ойдун өзү эле биздин психологиябызга терс ассоциациялар аркылуу таасир кыла аларын белгилейт. 

Албетте, изилдөөчүлөр изилдөөгө катышып жаткандарды булганычка физикалык түрдө аралаштыра алышкан эмес, ошондуктан алар (этикалык жактан туура деп табылган) кийинки бир кадамга барууну эң мыкты чечим деп табышты.

Изилдөөчүлөр АКШ жана Индиялык катышуучуларга өтө кир шаардын сүрөттөрүн көрсөтүшүп, алардан өздөрүн ошол жерлерде жашап жатканын элестетип көрүүнү суранышты. “Биз аларды психологиялык жактан айлана-чөйрөдөгү булганычты башынан өткөрүүгө дуушар кылдык”, — деп, Лу түшүндүрдү. “... андан кийин, таза жаратылышта ырахаттанып жашоону эмес, абанын булганышын психологиялык жактан сезип, баштан өткөрүү максатында дагы бир жолу ошондой кир шаарда, чындыгында эле жашап жатканын элестетүүнү, аларда кандай сезимдер жаралганын, ушундай айлана-чөйрөдө алардын жашоосу кандай болорун айтып берүүнү сурандык”.

Изилдөөнүн автору ушундан кийин изилдөөгө катышып жаткандардын кооптонуусу күчөгөнүн, алар түнт болуп, өздөрүнүн түйшүгү жөнүндө гана ойлонуп калганын аныктады — эки катышуучунун жообу агрессияны жана жосунсуз жоруктарды күчөтө аларын байкады. “Баарыбызга маалым болгондой, тынчың кетип, кооптонуп турганда, өз жаныңды коргоо механизми иштеп кетип, бирөөгө беттен ары муштум менен бир койгуң келип кетип, ошондо тынчып каласың”, - дейт Лу.

“Демек, адамдардын тынчсыздануусун, кооптонуусун күчөтүү аркылуу кир аба адамдын жүрүм-турумуна зыяндуу таасирин тийгизе алат”.

Гүлдөр менен курчалган аялдын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Emmanuel Lafont

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлдөр менен курчалган аялдын сүрөтү

Кийинки эксперименттердин жүрүшүндө, изилдөө тобу “булганыч” шарттарындагы катышуучулар айрым тапшырмаларды аткарууда алдамчылыкка барууга, сыйлык алуу үчүн өздөрүнүн ишине ашыра баа берүүгө көбүрөөк ынтызар болорун аныктады. 

Бул изилдөөлөр иштин башталышы гана, мында Лу сүрөттөп бергендей күчөгөн тынчсыздануу, түнт болуп калуу, өзүмчүл болуудан тышкары дагы башка көптөгөн себептер болушу мүмкүн — анын ичинде мээдеги физиологиялык өзгөрүүлөр дагы бар. Мисалы, сиз кир абаны дем алганда, ал дал ошол убакта денеңиздеги кычкылтектин көлөмүнө түздөн-түз таасир кылат — өз кезегинде мээңизге кан аркылуу жеткирилген “жакшы абанын” азайышына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле, кир аба мурун, тамакты кычыштырып, баш ооруларга себеп болуп, мунун баары сиздин ой топтоо дараметиңизди төмөндөтүшү толук ыктымал.

Ошондой эле, абадагы ар түрдүү булгоочу заттардын терс таасири баш мээнин сезгенишине алып келип, анын түзүлүшүнө, нейрондук байланыштарына зыян алып келиши мүмкүн экени да белгилүү. “Демек, абадагы бул булгоочу заттар мээнин маңдай бөлүгүнө зыян алып келүүсү мүмкүн”, - деп белгилейт Юнан. Мээнин дал ушул бөлүгү адамдын импульстарын, сезимдерин, аткаруу функциясын жана өзүн-өзү кармоосун көзөмөлдөө үчүн абдан маанилүү. 

Кир аба кылмыштын санын гана көбөйтүп тим калбастан, адамдардын психикалык ден-соолугуна да өтө чоң зыян келтириши мүмкүн. 2019-жылдын март айындагы изилдөө уулуу, булганган абаны дем алган өспүрүмдөрдө паранойя же добуштарды угуу сыяктуу психотикалык эпизоддорду баштан өткөрүү тобокелчилиги кыйла жогору экенин көрсөткөн.

Лондондогу Кингс Коллеждин (King’s College London) алдыңкы окумуштууларынын бири, Жоан Нүберинин айтымында, ал өз изилдөөсүнүн жыйынтыктарында себеп-натыйжалык байланыш бар экенин азырынча ырастай албайт, бирок бул жыйынтыктар абанын булганышы менен психикалык ден-соолук ортосунда байланыш болушу мүмкүн деген ойду сунуштаган башка изилдөөлөр менен бир катарда турат. “Мында кир абанын физикалык ден-соолук менен байланышы, жана ошондой эле кир абанын акылдан таюу менен байланышына далилдер толукталып турат. Эгер кир аба денеге зыян келтирсе, анда анын мээге да зыян келтирет деп ойлоо мыйзам ченемдүү көрүнүш”, дейт Ньюбери.

Кир абанын таасирлеринин абстракттуу сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Emmanuel Lafont

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кир абанын таасирлеринин абстракттуу сүрөтү

Бул багытта изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуулар азыркы учурда кир абанын ден-соолукка тийгизген, жалпыга белгилүү эффектилеринен тышкары, башка кыйыр таасирлерин мындан да көбүрөөк баамдап, маңызын түшүнүү мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү экенин белгилеп жатышат. «Бизге калктын башка катмарларына, башка жаш-курак топторунда да кир абанын ушундай эле терс таасирин аныктоочу көбүрөөк изилдөөлөр керек» - дейт Юнан. 

Бактыбызга жараша, бизге күн сайын зыян келтирип жаткан абанын булганышынын деңгээлине анча-мынча болсо да көзөмөлүбүз бар. Биз демилге көтөрүп, проактивдүү болуп, белгилүү бир күндөрдө айланабыздагы абанын сапатына көз сала алабыз. Заманбап технологиялар абанын булганышы өтө жогору жана ден-соолукка зыяны төмөн болгон күндөрдү бизге көрсөтүп бере алат. «Эгер абанын булганышы ден-соолукка кооптуу болсо, мен тышка чыгып, көнүгүүлөрдү кылбоону, чуркабай турууну, же физикалык активдүүлүгүңүздү үй ичинде аткарууну сунуштайт элем», - дейт Юнан. 

Көптөгөн өлкөлөр кир абага каршы күрөштө катаалыраак мыйзамдардын кабыл алынышын, же өкмөттүн кийлигишүүсүн күтүп жаткан кезде, айрым өлкөлөр көңүл жылытарлык кадамдарга барып башташты. Мисалы, Калифорния штатын алсак, ал жакта штаттын өкмөтү катуу көзөмөл жүргүзүп жатып, кир абанын деңгээлин жөнгө сала алды, эң кызыгы кылмыштардын саны да биртоп азайды. Юнан, мындай үмүттөндүргөн жыйынтыктар жөн эле кырдаалдардын дал келип калышыбы же биздеги маалыматтын жетишсиздигиби, азырынча так билбей турганыбызды баса белгилейт.

Ошол эле учурда, Лондондо 2019-жылдын 8-апрелинен тарта жаңы “булгоочу заттар өтө төмөн деңгээлдеги аймактар” киргизилген. Бул аймакта зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруунун катаал стандарттары иштеп, аймакка кирүү үчүн алынуучу 11,5 стерлинг фунту кирүү акысынан тышкары, «транспорт каражаттарынын көптөгөн түрлөрү үчүн» 12,5 стерлинг фунту (16,3 АКШ доллары) өлчөмүндө кошумча күнүмдүк акы алынат. “Лондондун абасы таза болсун” деген демилге менен көп сандагы экологиялык жактан таза иштеген автобустар да ишке киргизилген.

Академиктин калпагын кийген баш сөөк

Сүрөттүн булагы, Emmanuel Lafont

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Академиктин калпагын кийген баш сөөк

“Биз көптөгөн өлкөлөрдө абанын булганышын азайтуу боюнча кыйла көп иш кылып жатабыз, бирок мындан да көп иш кылышыбыз керек”, — дейт Рос. «Бир гана өкмөттү карап отура бербеш керек. Сиз да, мен да бул ишке салым кошушубуз зарыл. Биз бир нерсе сатып алгыбыз келгенде, бир жактарга баргыбыз келгенде, биз баарыбыз жаратылышка аздыр-көптүр таасир кылабыз. Ошондуктан, биз ар бир жолу терең ойлонуп, кыраакы болуп, ар бир иш-аракетибиз үчүн аң-сезимдүү, орундуу чечим чыгарышыбыз зарыл». 

Рос кырдаал күндөн күнгө курчуп жатканына карабастан, абанын булганышын жөнгө салуу, маселени оң жагына чечүү дагы деле адамзаттын колунда экенине үмүтү чоң. Бирок, ага чейин биз адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, бул маселе жөнүндө маалыматы болуп, көбүрөөк ойлондурууга түртүшүбүз керек. 

Эгер биз өзүбүз абанын булганыч деңгээлине күн сайын көз салып турсак, биз айрым иш-аракеттерден баш тартууну адат кылып алсак болот. Мисалы, ачык абада спорт менен машыкпай, ал түгүл аба абдан кир болуп турган күндөрү автоунаа менен жолго чыкпай койсок, эч жерибиз кемип кетпейт. Тескерисинче, денебиз, мээбиз, жүрүм-турумубузга пайда гана болот. (KGNE)