Британия менен АКШ: "Орусияга эшик дайыма ачык"

Сүрөттүн булагы, PA Media
Британия менен АКШ Орусия менен дипломатиялык мамилесин оңдоого даяр экенин билдирди. Бирок ал үчүн Москва эл аралык аренадагы терс аракеттерин токтотушу керек, деп белгилешти эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери.
Доминик Рааб менен Энтони Блинкен "Чоң жетиликтин" Лондондогу тышкы иштер министрлердин жыйынынан кийин кайрылуу жолдошту.
"Позитивдүү мамиле жана дипломатия үчүн эшик дайыма ачык. Менимче, НАТОго кирген башка тараптар дагы ушундай эле пикирде. Бирок мамилени оңдоо үчүн өзгөрүүлөр керек. Негизги өзгөрүү БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Орусия эл аралык нормаларга каршы келген аракеттерин токтотушу зарыл. Украинага чектеш аймакта куралдарын даңазалоо болобу, киберчабуул, жалган маалымат таратуубу же оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландыруубу, мындай аракеттер токтошу керек",-деп айтты Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен болсо Вашингтон Орусия менен туруктуу алакаларды түзгүсү келгенин кошумчалады. Бирок ал үчүн Москва багытын өзгөртүшү керек экенин белгиледи.
"Биз абалдын курчуп кеткенин каалабайбыз. Тескерисинче, туруктуу жана алдын ала белгилүү болгон мамилени каалайбыз. Орусия ушул багытка жылса, биз дагы ошол аракеттерге кошулабыз",-деди Энтони Блинкен.
Блинкен Вашингтон Орусияга каршы саясат жүргүзбөгөнүн, бир гана Москванын аракеттерине жооп кайтарып жатканын айтты.
Дүйшөмбү күнү "Чоң жетиликтин" тышкы иштер министрлери Лондондо чогулуп, бир нече маселени талкууга алышты. Алардын арасында Орусия менен Кытайдын пропаганда жана жалган маалымат таратуу ыкмасына туруштук берүү механизми каралууда.
Лондондогу жыйында "Чоң жетиликтин" тышкы иштер министрлеринен тышкары Түштүк Корея, Индия, Австралия жана Түштүк Африканын министрлери катышат. Чогулуш 5-майга чейин уланат. Жыйында климаттык өзгөрүү, ачарчылыкты алдын алуу, коронавируска каршы вакцинаны туура бөлүштүрүү жана адам укуктары маселеси көтөрүлөт.















