"Чоң жетилик" Орусия менен Кытайдын пропагандасына туруштук берүү жолдорун талкуулайт

Доминик Рааб
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугат

Дүйшөмбү күнү "Чоң жетиликтин" тышкы иштер министрлери Лондондо чогулуп, бир нече маселени талкууга алат. Алардын арасында Орусия менен Кытайдын пропаганда жана жалган маалымат таратуу ыкмасына туруштук берүү механизми каралат.

"Чоң жетиликтин" министрлери эки жылдан бери чогула элек. Бул жолу альянстын өкүлдөрү эл аралык эрежелерди бузган өлкөлөргө координацияланган чара көрүү жолдорун талкууга алынат.

Британия жана Европанын атайын кызматтарынын маалыматына ылайык, Кытай менен Орусия Батыш өлкөлөрүндө Covid-19 вирусуна каршы вакцина тууралуу жалган маалымат таратууга аракеттенген.

"Калп, пропаганда же фейк жаңылыкты көргөндө биз кандайдыр бир реакция жасашыбыз керек. Ар бирибиз өз алдынча эмес биригип, жарандарыбызга, ошондой эле орусиялык, кытайлык жана бүтүндөй дүйнөгө туура маалыматты, чындыкты жеткирүүгө умтулушубуз зарыл",-деди Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб.

G7 туусу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондогу жыйында "Чоң жетиликтин" тышкы иштер министрлеринен тышкары Түштүк Корея, Индия, Австралия жана Түштүк Африканын министрлери катышат

Орусия бул дооматтарды четке кагып, Батыш мамлекеттери "орусияга каршы маанай калыптанганын" билдирди.

Ал ортодо абройлуу Sunday Times гезити, соңку изилдөөлөр Орусиянын троллдору британиялык гезиттерди бутага алып, орус бийлиги каалаган пикирди жеткирүүгө умтулуп жатканын жазды.

Изилдөөнү Британиянын Тышкы иштер министрлиги каржылаган. Ага ылайык, Орусиянын троллдору Times, Daily Mail, Sun жана Daily Express гезиттеринин коомдук баракчаларына чагымчыл пикирлерди жазып, талкууну Москванын саясатын жактагыдай кылып буруп, жалган маалыматты жеткирүүгө аракеттенген. Кийин ушул эле "пикирлерди" Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиктери британиялыктар Москванын саясатын колдойт деген маанайда колдонгон.

Дал ушундай чабуулдар 14 башка мамлекеттин негизги маалымат каражаттарында дагы болгон. Алардын арасында "Чоң жетиликке" кирген Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ бар.

Лондондогу жыйында "Чоң жетиликтин" тышкы иштер министрлеринен тышкары Түштүк Корея, Индия, Австралия жана Түштүк Африканын министрлери катышат. Чогулуш 5-майга чейин уланат. Жыйында климаттык өзгөрүү, ачарчылыкты алдын алуу, коронавируска каршы вакцинаны туура бөлүштүрүү жана адам укуктары маселеси көтөрүлөт.