Абайла, фейк: жалган жаңылык жарытпайт

Сүрөттүн булагы, CHRIS JACKSON
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз өкмөтү жарандарды фейк жаңылыктардын таасиринен коргоо боюнча жума күнү талкуу уюштурат.
Фейктер мамлекеттик маалымат коопсуздугуна тиешелүү маселе болгондуктан, тийиштүү министрлик маалыматтык жаңы саясат иштеп чыкканы жатат.
"Саман өрттөндүбү же Самарканды жоо чаптыбы?"
"Маалымат айдыңында жалган, булагы такталбаган, такыр эле чындыкка төп келбеген, элдин ой-пикирин теңирден тескери жакка буруп жибере турган маалыматтардын жайылышы кадыресе көрүнүш болуп калды. "Саманкана өрттөнүптүр десе, Самарканд өрттөнүптүр" дегендей реакциялар көп болуп атат. Бул керек болсо мамлекеттик маалымат коопсуздугуна, өлкөнүн ынтымак-биримдигине тиешелүү маселе. Айтор, бул жаатта ыраттуу иш алып баруу үчүн кереге-кеңеш кылбасак болбойт", -деди маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ал 29-августта өтө турган талкууга ММК, медиа уюм жана мамлекеттик орган өкүлдөрү чакырылганын айтты.
Өзгөчө коомдук сайттар бүгүнкү күнү жалган маалымат таратуунун булагы болуп калды.
M-Vector компаниясы былтыр жүргүзгөн изилдөөлөр Кыргызстанда калктын 59% интернет колдонорун көрсөттү. Ал эми социалдык медиада калктын 49% активдүү. Өлкөдө эң популярдуу коомдук сайттар: Одноклассники (35%), Instagram (23%) жана Facebook (13%) . Колдоонуучулар интернетти эң көп мобилдик телефон аркылуу колдонушат. WhatsApp мессенжери жалпы интернет колдонуучулардын 96% камтыйт.
Мандаринден чыккан чыр
WhatsApp демекчи, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялардан кийин Кыргызстанда жакынкы күндөрү ири массалык тополоң болору тууралуу аудио маалымат желдей тарап, коомчулукту бир топ дурбөлөңгө салды.
ИИМ бул фейк билдирүү деген түшүндүрмө менен чыгууга аргасыз болду.
CABAR.asia аналитикалык порталынын редактору Тимур Токтоналиев бул фейк аудио көпчүлүк кыргызстандыктарды кабатыр кылганга үлгүрдү дейт.

Сүрөттүн булагы, Social media
Токтоналиев жалган маалыматтар, атүгүл, жарандар арасындагы жеке мамилеге да жик салган учурлар бар деп, өзү билген окуядан айтып берди:
"Бир тааныш эжебиз мандарин көтөрүп конокко барса, үйдүн кожойкеси "бул мандарин СПИД оорусу менен ууланган, аны албайбыз" деп уруш чыгып, жакшы катыш-мамиле ушинтип бузулуп калды. Мөмө-жемиштер ВИЧ инфекциясы менен ууланган, аны албаш керек деген жалган маалымат интернетте дагы эле таратылып жүрөт".
Токтоналиев, өлкөдө көпчүлүктүн медиасабаты чабал деп, бирок маселе Кыргызстанга эле эмес, негизинен көпчүлүк өлкөлөргө тийиштүү деди.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Объективдүү маалымат - фейкке каршы вакцина
Эксперттер дары-дармек, жугуштуу оору-сыркоо туралуу фейк жаңылыктар Кыргызстанга көбүнесе сырттан келет дешет. Жалган жаңылыктар өлкөнүн ичинде көбүнесе олуттуу саясий окуялар же шайлоо маалында активдешет.
Фейк маалыматтар, өзгөчө, кайсы бир олуттуу окуялар боюнча мамлекеттик органдар тарабынан өз убагында ачык кабар берилбей, маалыматтык вакуум орун алганда кенен жайылат:
"Эмне кылуу керек? Мамлекеттик органдар, чиновниктер, алардын пресс-катчылары текшерилген маалыматтарды оперативдүү түрдө бериши керек. Кризистик абал болгондо мамлекеттик органдар мындан да катуу иштеп, элге объективдүү маалымат менен камсыз кылыш керек. Объективдүү маалымат - бул вакцина сыяктуу. Эгер элге чын маалымат биринчи түшсө, кийинки фейктерге көӊүл бурбай калат. Дүрбөлөӊгө салган фейк биринчи келип, калыс маалымат кечеӊдеп калса, элди ынандырыш анан кыйын болуп калат", - дейт Тимур Токтоналиев.

Сүрөттүн булагы, Official
Кийинки жылы өлкөдө маанилүү саясий окуя -парламенттик шайлоолор болот. Социалдык желелердеги ушактар өткөн шайлоонун башкы тренди болгону белгилүү. Бул себептүү фейк жаңылыктар жана троллдор мындан да активдеши турган иш, мындай шартта жарандардын медиасабаттуулугун көтөрүү эң эле актуалдуу маселерден болуп турат өңдүү.












