"50 тыйындардын армиясы": Кытайдын маалыматты бурмалоо тактикасы

Street view of riot police and protesters in Hong Kong

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылы Гонконгдогу нааразылык акциялар учурунда "Фейсбук" менен "Твиттер" Кытай бийлигине таандык делген миңдеген баракчаларды жапкан

Би-Би-Синин Кытайдын маалыматты бурмалоо өнөктүгү жөнүндө документалдык тасмасы жарыялангандан кийин Кытайдын Лондондогу элчилиги нааразылыгын билдирди.

Соңку айларда Бээжин Шинжаң аймагында мусулман азчылыктары куугунтукталып жатканы боюнча маалыматтарды четке кагып келет. Жакында эле Кытай бийлиги Би-Би-Сиге маек курган уйгур аялды "актриса" деп атады.

Кытай маалыматты бурмалап, жалган жаңылыкты таратуу үчүн кандай тактиканы колдонот?

Би-Би-Сини каралоо аракети

Февраль айынан тарта Кытайдын мамлекеттик медиасы Би-Би-Сини жамандаган макалаларды жарыялап жатты. Буга чейин Британия Кытайдын мамлекеттик CGTN каналынын лицензиясын жокко чыгарган эле. Ага жооп кылып, Кытай Би-Би-Сиге тыюу салды.

Бээжин көп жылдан бери Батыш медиа булактары Шинжаңдагы окуяларды бир тараптуу чагылдырып келгенин айтууда. Кытай Батышты ички иштерине кийлигишпөөгө чакырып келет.

Кытайдын жергиликтүү медиасы Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматына тыюу салынганын колдоду. Бирок Бээжиндин кадамы символикалык гана мааниге ээ. Себеби Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы Кытайда кеңири тараган эмес. Бир гана чет өлкөлүк туристтер барган мейманканаларда гана көрсөтүлчү.

Коомдук медиадагы "карышкыр дипломаттары"

Соңку айларда Кытай боюнча адистер коомдук тармакта активдүү иш алып барган аккаунттарды байкашты. Бул аккаунттар Кытай элчиликтерине жана алдыңкы дипломаттарга таандык.

Эксперттер аларды "карышкыр дипломаттары" деп атап калышты. Коомдук медиадагы аккаунттардын эң белгилүүсү Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жао Лижианга таандык. Жогорку даражадагы дипломат март айында коронавирус АКШдагы лабораторияда жасалган деген пикирин "Твиттерге" жазган.

Composite picture of websites
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ менен Кытай коронавирус лабораторияда жасалганы боюнча бири-бирин айыптап келет

Digital Forensic Research Lab уюму (Санарип экспертиза лабораториясы) Жао Лижиандин "Твиттерде" жазган пикири 54 тилге которулуп, 40 миң жолу бөлүшүлгөнүн аныктаган. Кытайда дагы бул боюнча атайын хештэг жаралып, Weibo коомдук сайтында постту 300 миллион колдонуучу көргөн.

Декабрь айында, Жао Лижиан "ооган баланы өлтүргөн Австралиянын жоокери" деп аталган аскердин сүрөтүн жарыялаган. Ал учурда Кытай менен Австралия тирешип келген эле. Кийин бул сүрөт жасалма экени такталган. Бирок Кытай кечирим сурабай койгон.

"Клавиатура армиясы"

Кытай бийлиги миллиондогон жарандарды интернеттеги маалыматты байкоого алып, коомго таасир этүүгө колдонот. Аларды "50 тыйын армиясы" деп аташат. Айрым маалыматтарга ылайык, бул багытта иштегендер маяна катары ар бир пост үчүн 0.5 юань же 50 тыйын алышат.

"Клавиатура армиясы" көп жылдан бери Кытайдын социалдык медиасында иштеп келет. Бирок соңку жылдары алар Кытайдын чет өлкөдөгү аброюн коргоо үчүн дагы колдонула баштады.

Кытайдын "клавиатура армиясын" Орусиянын "троллдор фермасы" менен салыштырылууда. Жөнөкөй окурманга бул кишилер өз өлкөсүнүн жана лидерлеринин кызыкчылыгын коргогон патриоттордой сезилиши мүмкүн. Бирок көп учурда аларды Кытай бийлиги же бийликке байланышы бар киши каржылап жаткан болот.

A Hong Kong protester

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылы Гонконгдогу каршылык акцияларда "клавиатура армиясы" демонстранттардын полиция менен кагылышуусун "террордук чабуул" катары атаган

Мисалы, 2019-жылы Гонконгдогу каршылык акцияларда "клавиатура армиясы" демонстранттардын полиция менен кагылышуусун "террордук чабуул" катары атап, кеңири жайылткан. Ошол эле күнү болгон тынчтык демонстрациялар тууралуу сөз кылышкан эмес, тескерисинче бул маалыматты цензура кылуу аракети жүргөн.

2019-жылы августа айында "Фейсбук" менен "Твиттер" Кытай бийлигине таандык делген миңдеген "фейк" аккаунттарды жапкан. "Твиттер" Кытай бийлигинин каралоо өнөктүгүнө 200 миң аккаунт катышканын билдирген.

Коомдук сайттагы фейк аккаунттар

2020-жылы Май айында Би-Би-Си журналисттик иликтөө жүргүзүп, "Фейсбук", "Твиттер" жана "Ютубда" Кытай бийлигинин пропагандасын жайылтып жаткан жүздөгөн аккаунттарды аныктаган. 1200 аккаунт Бээжиндин коронавирус пандемиясына каршы аракетин сындаган кишилерди жамандаганы байкалган.

Бул аккаунттардын Кытай бийлигине түздөн-түз байланышы бар экенин далилдөөгө мүмкүн болгон жок. Бирок "Фейсбук" менен "Твиттер" 2019-жылы ушундай аккаунттарды жапкан.

Finger pointing at mobile phone screen

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Твиттер" Кытай бийлигинин каралоо өнөктүгүнө 200 миң аккаунт катышканын билдирди

Би-Би-Синин иликтөөсүнөн кийин "Твиттер" Кытай бийлигинин пропагандасын жайылтуу менен алек болгон, жалган маалымат таратты делген 23 миң аккаунтту жаап салган.

Би-Би-Си Шинжаңдагы окуяны чагылдырып жатып "уйгур актрисасын жалдады" делген Кытайдын Британиядагы элчисинин сөзүнө, Би-Би-Си "дооматтарды четке кагабыз жана иликтөөбүздү колдойбуз. Би-Би-Си Шинжаңда бейтараптуу жана так маалымат берүүгө умтулууда - жасалма сүрөт колдонулган эмес жана интервьюда өз окуясын айтып берген аял "уйгур актрисасы" эмес" деген билдирүү таратты.