Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандар саны бир миллиондон ашты

Сүрөттүн булагы, EPA
Дүйнөдө Covid-19 вирусунан каза тапкандар саны бир миллиондон ашты. Учурда вирустун жайылышы кайрадан күч алып, айрым мамлекеттер чектөөлөрдү киргизүүдө.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, вирустан ажал тапкандардын дээрлик жарымы АКШ, Бразилия жана Индияга туура келет. Эксперттер болсо вирустан каза болгондордун чыныгы көрсөткүчү мындан кыйла жогору экенин айтууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Гутерриш бул көрсөткүчкө дүйнө лидерлери олуттуу карашы керек экенин белгиледи.
"Ар бир сандын артында адам турганын эстен чыгарбашыбыз керек. Алар бирөөнүн атасы жана энеси, жубайы жана күйөөсү, биртууганы, досу жана кесиптеши болгон",-деди ал.

Сүрөттүн булагы, EPA
Covid-19 вирусу он ай мурун Кытайдын Ухань шаарында тарай баштаган. Андан бери пандемия 188 мамлекетке жетип, 32 миллиондон ашуун адам вируска кабылды. Коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн катаал карантин чектөөлөрү дүйнө экономикасын олку-солку абалга кептеди.
Ал тапта коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда жарыш жүрүүдө. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму натыйжалуу вакцина даяр болгончо ирустан каза тапкандар саны эки миллионго чыгышы мүмкүн экенин эскертүүдө.
Вакцинаны иштеп чыгуу
Учурда 240 чукул вакцина иштелип жатат, алардын кыркка чукулу клиникалык сыноодон өттү, тогузу текшерүүнүн акыркы баскычына жетти. Вакцина бир нече жылдын ичинде гана даяр болот. Бирок азыркы пандемиянын шартын эске алып, окумуштуулар ишин тездетүүгө белсенип турат.
Оксфорд университети даярдап жаткан вакцина сыноонун акыркы баскычына жетти. Ал иммундук системаны вирус менен күрөшүүгө түрткү болору аныкталды. Оксфорд университети 100 миллион вакцина чыгаруу үчүн AstraZeneca компаниясы менен келишимше кол койгон.
Кытай чыгарган вакцина дагы вирус менен күрөшкөн антитулку пайда кылат. Бээжин эмитен эле вакцинаны аскер кызматкерлерине сунуштап жатат. Бирок клиникалык сыноолор өтө тез жүргүзүлгөндүктөн, эксперттер анын канчалык коопту экенине чоочулап турушат.
Ал тапта Орусия чыгарган "Спутник-V" вакцинасы дагы иммундук системада антитулкуларды иштеп чыгууга түрткү болгон. Абройлуу The Lancet медициналык журналына жарыяланган баяндамада, эмдөөдөн өткөн ар бир ыктыярчыда антитулку пайда болгону жана дарынын олуттуу кыйыр таасирлери жок болгону айтылган. Орусия август айында вакцинаны каттоодон өткөргөн. Буга чейин бир дагы мамлекет вакцинасын расмий каттай элек болчу.
АКШнын президенти Трамп коронавируска каршы вакцина октябрь айында сунуштала баштайт деп билдирген. Бирок АКШнын Жугуштуу илдеттерди алдын алуу борбору вакцина 2021-жылдын ортосунда гана даяр болорун айтууда.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму болсо Covid-19 вирусуна каршы жапырт эмдөө 2021-жылдын экинчи жарымында башталат деп болжоп турат.












