"Элдик инаугурация": Беларустагы демонстрациялардын 50-күнү

Mass protest in Minsk on 27 September 2020

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Минск шаарындагы демонстрациялар жети аптадан бери уланууда

Беларустун баш калаасы Минскиде президент Александр Лукашенкого каршы демонстрациялар уланды. Полиция жүздөгөн кишини камакка алып, демонстранттарга каршы күч колдонду.

Коопсуздук кызматкерлери "башаламандыкты көздөгөн демонстранттарга көздөн жаш агызган газ колдонгонун" айтты. Бирок жергиликтүү медиа полициянын демонстранттарга өтө жакын келип, беттерине көздү ачыштырган зат чачып жаткан видеосун таратты. Нааразылык акцияга чыккандардын көбү аялдар болгон, алар коопсуздук кызматкерлерине "фашист" деп кыйкырып турушту.

Элүү күндөн бери каршылык акциялар токтобой келгенине карабастан, президент Лукашенко өткөн жумада президенттик кызматка киришип, ант берди. Анын инаугурациясы тууралуу алдын ала эч кандай маалыматтар болгон эмес. Ошондуктан анын президенттик кызматына киришип, ант кармап жатышы өлкө жарандары жана журналисттер үчүн күтүүсүз болгон.

Police detain a protester in Minsk on 27 September 2020

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүздөгөндөр камакка алынды
Riot police arrest a protester in Minsk, Belarus. Photo: 23 September 2020

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат

Жекшембидеги нааразылык акцияда демонстранттар "элдик инаугурациясын" ишке ашырып, президенттикке талапкер Светлана Тихановскаяны жакташты. Лукашенконун шайлоодогу негизги атаандашы Светлана Тихоновская учурда бозгунда жүрөт. Ал Лукашенконун "мыйзамсыз жана легитимсиз президент" деп атады.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер жана АКШ Лукашенконун президент катары тааныбай турганын жар салган. Буга жооп катары Лукашенко, бул "логикага таянса" Франциянын президенти Макрон 2018-жылы "сары кемселчендердин" массалык демонстрациясынан кийин кызматтан кетиши керек эле деп белгиледи. Макрон Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган лидерлердин бири.

9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. БШК шайлоодо Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жетишкенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда.