Александр Лукашенконун шашылыш инаугурациясы

Лукашенко инаугурация учурунда

Сүрөттүн булагы, Belta

Минскиде Александр Лукашенконун инаугурациясы өтүп жатат. Бул тууралуу БелТА мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Лукашенконун инаугурациясы тууралуу алдын ала эч кандай маалыматтар болгон эмес. Ошондуктан анын президенттик кызматына киришип, ант кармап жатышы өлкө жарандары жана журналисттер үчүн күтүүсүз болду.

БелТА маалыматында салтанат Эгемендик сарайында өтүп, "ага бир нече жүз" киши чакырылганы айтылган.

Беларустун Баш мыйзамына ылайык шайлоо бүткөндөн эки айдан кийин президент кызматына киришүүгө тийиш. Бүгүн эрте менен эле Лукашенконун маалымат катчысы Наталья Эйсмонт РИА Новости агенттигине берген маегинде инаугурация качан өтөрү тууралуу так датаны айтуудан баш тарткан. "Жакын калган маалда силерге кабар беребиз" деген эле ал.

Жергиликтүү басылмалар Лукашенко инаугурациядагы сөзүндө "түстүү ыңкылаптарга" жол берилбей турганын айтканын жазууда.

"Беларустун президенти тууралуу мыйзамда" ант берүү салтанаты радио жана теле аркылуу түз көрсөтүлөөрү белгиленген. Next телеграм-каналы ырастагандай, салтанат маалында "Беларусь-1" жана ОНТ телеканалдарынан сериал көрсөтүлүп турду.

Беларусь оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөсү, мурдагы маданият министри Павел Латушко муну "өзүн инаугурациялоо операциясы" атап, Лукашенконун аракетин сынга алды.

Интернетте тургундарды кечинде борбордук райондорго каршылык жүрүшүнө чогулууга үндөгөн чакырыктар чыгууда.

9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. БШК шайлоодо Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жетишкенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда.

16-23-августта Минскиде өлкө тарыхындагы эң масштабдуу митингдер өттү. Жүз миңдеген кишилер көчөгө чыгып, Лукашенконун отставкасын талап кылды. Шайлоодон кийинки жүрүштөрдүн биринчи аптасында 7 миңдей киши кармалган. Ошондон соң нааразылык күчөп кетти. Камакка алынгандар зомбулукка кабылганын айтып чыккан. Европарламент президент Лукашенконун мурдагы мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны президент катары тааныбай турганын билдирген. (AbA)