"Президент катары тааныбайбыз": Беларустагы укук бузууларды ЕККУ иликтейт

Александр Лукашенко

Сүрөттүн булагы, Reuters/tut.by

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европарламент президент Лукашенконун мурдагы мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны президент катары тааныбай турганын билдирүүдө

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Беларустагы президенттик шайлоо учурундагы укук бузуулар боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн атайын топ түздү.

Оппозиция Александр Лукашенконун жеңишин тааныбай турганын, добуштар бурмаланганын айтып чыккан. Бейшембиде Европа парламенти Лукашенкону президент катары тааныбай турганын жарыялаган. Өлкөдө каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. Митингчилерге карата зомбулук жана кыйноолор болгону тууралуу маалыматтар бар.

Беларусь президенти Александр Лукашенко Литва жана Польша менен чек араны жабуу туралуу билдирүү жасады.

Беларусь президенти Александр Лукашенко Литва жана Польша менен чек араны жабуу туралуу билдирүү жасады

Сүрөттүн булагы, Natalia Fedosenko/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беларусь президенти Александр Лукашенко Литва жана Польша менен чек араны жабуу туралуу билдирүү жасады

Мунун алдында эле Брюсселде Беларусь бийлигинин өкүлдөрүнө карата катаал санкция киргизүү чакырыгы менен резолюция кабыл алынган эле.

Атайын комиссия түзүү чечимин Дания баштаган 16 өлкө колдоду: Бельгия, Канада, Эстония, Финляндия, Франция, Исландия, Латвия, Литва, Нидерландлар, Норвегия, Польша, Румыния, Словакия, Улуу Британия, Чехия жана АКШ.

Бирок ЕККУ тергөөчүлөрүн беларустун бийлиги өлкө аймагына киргизбейт. Ошондуктан алар маалыматты аралыктан туруп алып чогултушу мүмкүн. Расмий Минск уюмдун өкүлдөрүн президенттик шайлоого чакырган эмес. Уюмдун кайрылуусун бир нече жолу четке каккан.

Европалык басылмалар ЕБнын Минскке санкция киргизүү аракетине Кипр каршы экенин жазууда. Кипр ушундай эле санкцияны ЕБ Түркияга да киригизиши керек деген жүйөнү карманган.

Кипр аралдын жээктеринен мунай жана газ алууга Анкара уруксат бергени үчүн бир катар түркиялык компанияларга жана бийлик өкүлдөрүнө санкция киргизүү маселесин көтөрүүдө. Аймактагы чыңалуу акыркы айларда ачык байкала баштады. Ага түркиялык жана Греция менен Франциянын аскер кемелери дагы катышкан.

Guardian басылмасы ысымы аталбаган европалык дипломаттарга шилтеме берип, Беларуска каршы санкция киргизүү маселесин Кипр "барымталап" турганын жазды. Басылманын маалыматында, ЕБ Беларусь бийлигиндеги 40 чиновниктин активдерин тоңдуруп, чек арадан өтуүсүнө тыюу салышы мүмкүн.

Митингчилерге карата зомбулук жана кыйноолор болгону тууралуу маалыматтар бар

Сүрөттүн булагы, Reuters/tut.by

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Митингчилерге карата зомбулук жана кыйноолор болгону тууралуу маалыматтар бар

Ал ортодо оппозициялык талапкер катары президенттик шайлоого катышкан Светлана Тихановская БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинде сөз сүйлөйт. Албете, видео байланыш аркылуу чыгат. Ага Европа Кеңешинин демилгеси Женевада өтүп жаткан уюмдун Беларустагы чукул кырдаал боюнча талкуусунда сөз берилмекчи.

БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет "Беларуста кишилердин уурдалышы, журналисттердин, каршылык акциясына чыккандардын крамалышы боюнча" кабарлар талкуу өткөрүүгө түрткү болгонун айтты. Тихановская коркутуулардан улам өлкөсүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Ал азыр Литвада башкалкалап жатат.