Карабах: дүйшөмбү күнү эле 28 армян аскери набыт болду

Раненый в НКР

Сүрөттүн булагы, Foreign Ministry of Armenia

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасынын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнкү эле кагылышуудан 28 аскер кызматкери набыт болгонун кабарлады.

"28-сентябрдагы кармашта 28 аскер кызматкери каза тапты",-деп айтылат маалыматта. Каза тапкандардын ысымдары жарыяланды. Буга чейин 31 аскер кызматкеринин набыт болгону айтылган.

Азербайжан менен Армения өздөрүнүн жоготуулары тууралуу айтпастан, каршылашынын жоготуулары тууралуу тастыкталбаган маалымат таратууда.

Жекшкембиде курчуган Карабахтагы кырдаал оор бойдон калды. Эки өлкө тең согуштук аракеттер жүрүп жаткан видеолорду жарыялады. Бакудагы эл аралык аэропорт убактылуу жабылган. Жекшембидеги кагылышта дагы эки тараптан тең аскер кызматкерлери набыт болгону айтылган эле. Жүздөгөнү жаракат алган. Армян тарап 31 аскер кызматкери каза тапканын ырастап, ысымдарын жарыялады. Алардын көбү 18-20 жаштагылар.

Азербайжан жоготуулар тууралуу расмий кабарлаган жок. Армян булактары каза тапкан азербайжандык аскерлер делген видеону жарыялашкан. Мындан улам азербайжандык телеграм-каналдар болжолдуу тизме түзүүгө киришти.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов армян тараптан калктуу конуштарга аткылоо болуп, алты жайкын тургуну каза тапканын билдирди. Мунун алдында эле армян тарап азербайжандык аскерлердин аткылоосунан эки кишиси каза тапканын айткан.

Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гаджиевдин кеп "тынчтыкка мажбурлоо тууралуу" жүрүп жатат деп түшүндүрдү. Азербайжан тарап өз аракетин коргонуу абалында деп мүнөздөдү жана Армениянын тынчтыкка мажбурлоо деп баалады.

Азербайжан Карабахтагы стратегиялык жерлерди көзөмөлгө алдыбы?

Тоолуу Карабах

Сүрөттүн булагы, EPA

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасынын президенти Араик Арутюнян "Фейсбук" баракчасына коргонуу армиясы "фронт тилкесиндеги участкаларда ийгиликтүү операцияларды өткөргөнүн" жазды. Мурда алдырып жиберген позицияларды кайра кайтарып алдык, деди ал.

Мунун алдында эле Азербайжан күчтөрү Талыш айылы тараптан чабуулга өтүп, Тоолуу Карабахтын түштүгүндөгү бир катар позицияларды ээлегени айтылган. Азербайжандын Коргоо министрлиги армия жаңжал болуп жаткан аймактагы алты айылды жана бир нече стратегиялык бийиктиктерди ээлеп алганын бышыктаган эле.

"Талыш айылынын жака-белиндеги бир нече стратегиялык жактан маанилүү бийик жерлер окупациялык аскер бөлүктөрүнөн тазаланды. Каршылашкан тараптын жоготуулары чоң. Ракеталык, артиллериялык жана аба соккуларынан соң алар артка чегинүүгө мажбур болду",-деп айтылган билдирүүдө.

Ал ортодо Армениянын Коргоо министрлиги билдирүү таратып, Азербайжан тараптын Карабахта 550 армян аскери жок кылынганы тууралуу маалыматын четке какты.

"Мындай маалымат чындыкка дал келбейт",-деди журналисттерге берген маегинде Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян.

Армения тарап дагы Азербайжан аскердик жоготууларга учураганын айтып жатат. Бирок мындай билдирүүлөрдү дагы Баку четке каккан.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахта кырдаал күчөп кеткенден кийин аскердик абал жарыялады.