"Коронавируска карабай": Европа балдарды мектепте кантип окутат?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Коронавирустун жаңы учурлары катталып жатканына карабастан Европанын көптөгөн өлкөлөрү 1-сентябрдан окуучуларды мектепке кайтарат.
Жаздагы карантин маалында чоңдор интернет аркылуу үйдөн билим алуу - балага толук кандуу билим бербей турганын түшүндү. Эл аралык эксперттердин сунушу менен окуучулардын бири-бири менен өтө көп аралашуусуна жол бербөө аракеттери көрүлүүдө. Башка класттар менен байланыш эң төмөнкү чекте болот. Айрым класстар майда топторго бөлүнүп окутулат. Ошондой эле класстарга кире берген жерде беткап, санитайзер жана градусник коюлду.
Британияда "беткап 11 жаштан жогоркуларга"

Сүрөттүн булагы, Reuters
1-сентябрдан тарта Англия жана Уэльстеги окуучулар мектепке кайтып келишет. Шотландия менен Түндүк Ирландияда жаңы окуу жылы августта эле башталды.
"Балдар мектепке баргандан улам коронавируска кабылып, оор кесепети болушуна коркунуч аз. Ал эми мектепке барбай калуунун кесепети көп болушу мүмкүн",-деди саламаттык сактоо маселеси боюнча өкмөттүн кеңешчиси профессор Крис Уитти.
Билим берүү департаменти 11 жаштан жогорку курактагыларды мектептин коридорунда жана башка жалпы окуучулар топтолуп калган жайларда беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирди. Сабак учурунда беткап тагынышпайт.
Коопсуздук чаралары ушуну менен гана чектелбейт. Окучуларды бири-бири менен көп аралаштырбоо, мүмкүн болсо класттан класска көчпөй бир эле жайда сабактарын толук өтүү сыяктуу сунуштарды беришкен.
Шотландияда окуучлар класстарына август айында эле кайтып келишти. Класстар майда топторго бөлүштүрүлдү. Мектеп жамааты коңгуроо учурунда окуучулар бири-бири менен аралашып кетпегендей шарт түзүүдө.
Түндүк Ирландия дагы августтун акыркы аптасында жаңы окуу жылын баштады. Бул жерде беткап тагууга милдеттүү эмес. Бирок класстарды бири-бири менен аралашуусуна жол берилбейт.
Украина

Сүрөттүн булагы, EPA
Украина аймактарында кызыл жана жашыл, кызгылтым, сары зоналар эске алынды. Башкача айтканда вирустун жайылышына карап, кайсыл аймакта мектепте окууну улантуу мүмкүн экени аныкталат. Эгерде аймак "кызыл" категорияга кирсе, ал жердеги мектепке эки апталык карантин киргизилет. Балдар окуусун үйүндө улантат.
Мугалимден же окуучудан вирус аныкталса, кайсыл зонада экенине карабай бүт классты карантинге алышат. Башталгыч класстардан башка бардык окуучулар беткап тагышат.
Украинанын Билим берүү министрлиги мүмкүн болсо сабактардын баарын бир гана класста өтүүгө жана ачык асман алдында өтүүгө кеңеш берди.
Эстония - "өзүңөр чечкиле"
Эстониянын мектептери мурдатан эле өз алдынчалыкка көнгөн. Ковид маалында дагы министрлик кандай коопсуздук чараларын көрөт, маселени мектептер өздөрү чечсин деди.
Билим берүү министрлиги сунуштарды, кеңештерди гана берүүдө. Эстониядагы билим берүү мекемелери 1-сентябрда эшигин ачат. Адатагыдай эле бийлик "олуттуу маселе жаралса, сырттан же аралыктан окутууга өтүүгө" кеңешин берди.
Германия
Германияда жаңы окуу жылы ар жеринде ар башка башталат. Августтун башында, сентябрда башталган жерлер бар.

Сүрөттүн булагы, EPA
Германиялык басылмалар миңдеген немис окуучулары кайрадан карантинге жөнөтүлгөнүн жазып чыгышты. Вирустун жаңы аныкталган учурлары Германияда, ошондой эле бүтүн Европада кайрадан күчөп жатат. Мектепте дагы вирус аныкталган учурлар катталган.
Өлкөнүн ар кайсыл аймагындагы мектептер санитардык коопсуздук чараларын сактоо боюнча өз алдынча чечим кабыл алат. Деген менен баарынын эле көргөн чаралары бири-бирине окшош. Айталы, беткап, дезинфекция, класстагы окуучуларды майда топторго бөлүп окутуу, бири-бири менен байланышта болушун чектөө, коңгуроодо ар башка чыгаруу сыяктуу.
Францияда "колду күнүгө он жолу жууш керек"

Сүрөттүн булагы, Reuters
Вирустун жаңы учурлары көп катталып жаткан Францияда деле окуучуларга ашыкча катаал чараларды киргизишкен жок.
11 жаштан өйдөңкү курактагылар сөзсүз беткап менен жүрүшү керек. Мугалимдер жана окуучуларга колун тынбай жууп туруу эскертилди.
Чүчкүрүп-бышкырганда дайыма бир жолу колдонула турган салфетка колдонуу сунушталды. Кол берип учурашпоо, бир метр аралыкты сактоо сыяктуу эрежелер бар.
Кыргызстанда "мектепке 1-класстар гана келет"

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги билдирүү таратып, жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала турганын билдирген.
"Алардын саны - 156 миң 430. Ал эми пандемия учурунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу калган класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык форматта билим берүү уюштурулат",-деп билдирген министрлик.
Мунун алдында эле өкмөт эгер кырдаал жакшырса, экинчи чейректен мектеп толук кандуу иштеши мүмкүн экенин айткан эле.
"Эгерде биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алат", - деп билдирген өкмөт башчы Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында.
1-класстарды окутууда тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо боюнча Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкты.
Эгерде класста окуучулардын саны көп болсо, алар эки топко бөлүштүрүлөт жана шахматтык тартипте отургузулат, мектептерде бардык санитардык нормалар сакталат. (AbA)
















