Кыргызстан: жаңы окуу жылында 1-класстар гана мектепке келет

мектеп

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги билдирүү таратып, жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала турганын билдирди.

"Алардын саны - 156 миң 430. Ал эми пандемия учурунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу калган класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык форматта билим берүү уюштурулат",-деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Мунун алдында эле өкмөт эгер кырдаал жакшырса, экинчи чейректен мектеп толук кандуу иштеши мүмкүн экенин айткан.

"Эгерде биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алат", - деп билдирди өкмөт башчы Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында.

1-класстарды окутууда тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо боюнча Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкты.

Эгерде класста окуучулардын саны көп болсо, алар эки топко бөлүштүрүлөт жана шахматтык тартипте отургузулат, мектептерде бардык санитардык нормалар сакталат.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрү карантин жана анын эрежелери жеңилдетилип, мектептерди кайра ачууда.

Covid-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча баардык окуучулардын 60 пайызынын окуусун үзгүлтүккө учуратты. Кытайда мугалимдер беткап кийип, ошондой эле окуучулардын дене табы текшерилип турат. Түштүк Кореяда окуучулар отурган парталар бири-биринен бир метр аралыкта тизилген. Окуучуларды желим тоскучтар сактайт.

Данияда окуучулар майда топторго бөлүнүп алып сыртта сабак өтүүдө. Кайсы бир окуучуда вирустун симптомдору байкалса ошол топтун ичиндеги окуучулардын баардыгы изоляцияга алынат.

Индияда болсо аралыкты сактоону мүмкүн кылуу учүн окуучулар кезектешип күн алыс мектепке барат. Бул сыяктуу чараларды төмөндөгү видеодон көрүңүз.

Видеонун түшүндүрмөсү, Covid-19 шартында мектептер кандай иштейт?

БУУ: коронавирус билим берүүнү бүлүндүрдү

Августттун башында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш коронавирус пандемиясы билим берүүнү үзгүлтүккө учуратканы планета калкынын бүтүндөй бир мууну үчүн катастрофа болуп калышы мүмкүн экенин эскерткен эле.

Окуучулардын коопсуздугун камсыздап, мектепке кайтаруу маселеси дүйнө коомчулугунун алдындагы приоритет болушу керек деди уюмдун жетекчиси видео кайрылуусунда.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Июлдун ортосундагы маалыматка ылайык, азыр мектептер 160 өлкөдөгү бир миллиард окуучу үчүн жабык турат. 40 миллион чамалуу бала мектепке чейинки билим берүүдөн куржалак калды.

Пандемияга чейин эле 250 миллион бала билим алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп келген. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү окуучулардын көпчүлүгү базалык билим албай туруп эле мектептен кетип калган мисалдар бар.

БУУнун Баш катчысы окуучуларды мектепке кайтаруу үчүн коопсуздукту камсыздоо боюнча сунуштар ар бир өлкөнүн өкмөтүнө жолдоно турганын айткан. (AbA)