"Дүйнө чабыт": пандемия шартында балдарды окутуу кандай болот?

Аудионун түшүндүрмөсү, Дүйнө чабыт: пандемия шартында балдарды окутуу кандай болот?

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынын биринчи чейреги эпидемиологиялык кырдаалга жараша аралыктан окутуу режиминде башталып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

“Дүйнө чабыт” түрмөгүбүздөгү бүгүнкү тема дүйнө өлкөлөрүндө пандемия шартындагы балдарды окутуу кандай болуп жатканы, жаңы окуу жылы кандай тартипте башталары жөнүндө болмокчу. Талкууну коомдук ишмер Алмаз Окин менен журналист Азимжан Ибраимов алып барат.