"Дүйнө чабыт": Илимдеги плагиат, абийири төгүлгөн аткаминерлер
Би-Би-Синин ар аптанын шаршемби күндөрү обого чыккан "Дүйнө чабыт" түрмөгүнүн бул жолку талкуусу илимдеги уурулук же плагиат тууралуу болду.

Сүрөттүн булагы, iStock
Белгилүү журналист Азимжан Ибраимов жана коомдук ишмер Алмаз Окин илимдеги уурулукка дүйнөдөгү мамиле тууралуу айтып беришет.
Алмаз Окин: Эл аралык изилдөөлөрдө Кыргызстандагы белдүү чиновниктердин, танымаал саясатчылардын илимий эмгеги плагиат деп табылып, коомчулукта кызуу талкууга түштү. Айрым ашкере таанымал саясатчылардын соңку мезгилде экзотикалык идеяларды, сунуштарды айта калганы - "Мурда плагиат менен алектенген саясатчы эле. Идеяны кайдан уурдап алды?",-деген ойлорго дагы жем таштап олтурат.

Бул эми бир гана Кыргызстанга мүнөздүү нерсе эмес. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Европада ушундай плагиат менен алектенген учурлар ачыкка чыга калып жүрөт. Мисалы, 2003-жылы Румыниянын премьер-министри Виктор Понтанын докторлук диссертациясынан плагиат табылып, кызматынан четтетилген. 2011-жылы Германиянын коргоо министри Карл-Теодор цу Гуттенберг илимий наамынан ажыратылган. Андан кийин иштен кетүү тууралуу Ангела Меркелге кат жазууга мажбур болгон. 2009-жылы плагиат менен күнөөлөнгөн Ирандын тарнспорт жана агартуу министри кызматынан кеткен эле. Дүйнөдө мындай мисалдар арбын. Айталы, Таиланддын иновациялык иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси, Индия өкмөтүнүн экономика боюнча кеңешчиси илимдеги уурулук боюнча күнөөлөнгөн. Бирок бул мисалдардан даана көрүнгөнү - плагиат экени билинип калса, чиновниктердин кызматтан өз эрки менен кеткени.
Азимжан Ибраимов: Плагиат көп өлкөлөрдө ар кандай формаларында жүрүп келген. Бул негизинен автордук укукту бузуу, мыйзамды бузуу деп саналат. Бир учурда "пиратчылык" деп дагы айтып калышкан эле. Бүгүнкү күндө интернеттин кеңири жайылышы менен мындай көрүнүш күчөдү. Мунун кесепетинен көптөгөн илимпоздор, чыгармачыл адамдар, искусствонун өкүлдөрү, кино чеберлери соттук иштерге кириптер болушкан. Илимдеги уурулук Орусияда Кылмыш-жаза кодекси менен жөнгө салынат. Автордук укуктар бузулса, аны бирөөлөр энчилеп алса, жасаган күнөөсүнө жараша, уурдаган материалдын көлөмүнө карап айыпка жыгылат. Орточо алганда 200 миң рубль тегерегинде айып салынат же болбосо бир жылдан бир айга чейин абакка камалат. Жеңил жазасы 480 саатка чейин кара жумушка кесилет. Ошого карабастан Орусияда плагиаттык абдан күчөп, жайылып турган мезгили. 2014-жылдары Владимир Путиндин аппаратынан бир жооптуу кызматкер кандидаттык диссертациясында илимий уурулук бар экени билинип калып, илимий даражасынан ажыратылган. Илимпоздорго, ойлоп табуучуларга өздөрүнүн эмгектерине дайыма патент алуу кеңешин беришет. Казакстан дагы 2011-жылдан тарта катуу эскертүү бере баштады.
Алмаз Окин: Саясатчыларга байланыштуу мунун экинчи жагы да бар - саясий плагиаттык. Бирөөнүн сөздөрүн, тезистерин уурдап алуу. Мисалы, 1987-жылы президенттик ат салышкан Жо Байденди лейборист Нил Киноктун сөзүн уурдап алган деп күнөөлөшкөн. 2008-жылы Канаданын премьер-министри Стивен Харпердин Ирактагы согушту колдогон сөзүн Австралиянын премьер-министри Жон Говарддын сүйлөгөн сөзүнөн уурдап алган деп айтышкан. Булагын айткан эмес деп катуу сындашкан. Австралиянын премьер-министри Энтони Абботту Майкл Дугластын тасмасындагы сөз айкаштарын уурдап алган деп айыпташкан. Обамага дагы ушундай сын-пикирлер айтылды. Бул жагынан алганда, алар саясий зыян тартат. Ал эми кылмыш жана административдик жазага тарткан мыйзам Европанын дээрлик бардык мамлекеттеринде бар.

Сүрөттүн булагы, Social media
Азимжан Ибраимов: Коңшулаш Казакстанда бул жагынан алганда коомдук жаза берүүгө басым жасашууда. Казакстандын Жогорку сотунун алдындагы академиянын кафедра башчысы бирөөнүн макаласын уурдап алгандыгы үчүн кызматынан төмөндөп, моралдык жазага тартылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда, Казакстанда дагы Орусияда 2013-жылы түзүлгөн "Диссернет" уюмун пайдаланып жатышат. Бул уюм илимпоздор тарабынан түзүлүп, Орусиядагы миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн. Илим жаатындагы плагиаттыкты аныктап, коомчулуктун алдына ачык жарыялап келишет. Булар түпкүлүгүндө муну Германиядан үлгү кылып алышкан. Анткени Германияда көп жылдардан бери эле, ушундай илимий уурулукту жарыялап, уурдап алгандарды коомчулук алдында сындап, өздөрүнүн порталдарына жарыялап келишкен. Ушундай көрүнүш биздин кыргыз коомчулугуна дагы жайыла баштады.





