Иран: сүйгөнүн ээрчип качкан кыз атасынын колунан ажал тапты

Photo of Romina Ashrafi taken from a death notice in Gilan province, Iran

Сүрөттүн булагы, Twitter

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ромина Ашрафи полицияга үйгө баруудан коркуп жатканын айткан

Ирандын полициясы 14 жаштагы кызын өлтүргөн деп атасын камакка алды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары тараткан кабарга ылайык, Романи Ашрафи ата-энесине 35 жаштагы жигитти сүйүп калганын айтып, үйүнөн качып кеткен. Полиция алардын сары изине түшүп, жашы жете элек кызды ата-энесине жеткиришкен. Сурак учурунда өспүрүм үйүнө баргандан коркуп жатканын дагы билдирген экен.

Gilkhabar.ir маалымат агенттиги Ромина орок менен өлтүрүлгөнүн жана кыздын атасы кылмышты дароо мойнуна алганын жазды.

Үрөй учурган окуя өлкөдө жаңылыктардын баш сабына чыкты. Айрым маалымат агенттиктери мамлекеттин мыйзамдары аялдардын жана кыздардын укугун коргобойт деген сын-пикирин айтышууда.

Ал тапта коомдук медиада #Romina_Ashrafi хештеги желдей тарап, активисттер намыс үчүн жакындарын өлтүрүү "салт эмес, жапайчылык экенин" белгилешип, коомдун патриархалдык түзүлүшүн дагы сындашууда.

Аялдар жана үй-бүлө көйгөйлөрү менен алектенген мурдагы вице-президент Шахиндохт Молаверди "Ромина намыс үчүн өлтүрүлгөн биринчи жана акыркы курмандык" эмес экенин билдирди. Молаверди айым "мыйзам катаалдаштырылбаса" намыс үчүн өлтүрүүлөр токтобойт деген пикири менен бөлүштү.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Presentational white space

Ирандын жаза кодекси намыс үчүн өлтүрүү же балдарын тарбиялоо үчүн зомбулукка баргандарга жеңил жаза берет. Мисалы, кызын намыс үчүн өлтүргөн ата үч жылдан он жылга чейин гана абакка кесилет. Башка учурда адамды өлтүргөн кылмышкер өлүм жазасына тартылат же курман болгондун үй-бүлөсүнө кенемте төлөп бериши тийиш.

Өлкөдө канча киши намыс үчүн өлтүрүлгөнү боюнча так статистика жок. Бирок адам укугун коргогон уюмдар уруу түзүлүшү бекем сакталган элет аймактарында бул көрүнүш кеңири жайылганын маалымдаган.