"Шейшепти көрсөт": Кавказдагы эскиден келе жаткан үйлөнүү салттары
- Author, Магеррам Зейналов
- Role, Би-Би-Си
Үйлөнүү, баш кошуу - адам өмүрүндөгү эң бактылуу жана маанилүү күн эмеспи. Бирок патриархалдык салттар бекем сакталган өлкөлөрдө айрым учурларда бул күн кыздар үчүн азапка айланат.

Азербайжанда азырга чейин ата-энесинин чечими менен никелешүү салты бекем сакталып келүүдө. Айылдардагы кээ бир жөрөлгөлөр жаңы келин үчүн психикалык жана физикалык зомбулукка айланып, кесепети бир топко чейин кала берет.
27 жаштагы Элмира ата-энесинин сунушу менен турмушка чыккан. Ал университетти бүтүп, котормочу болуп иштеп жүргөн учурунда ата-энеси турмушка узатууну чечет. Күйөө болчу жигитти өздөрү тандап, кыз "ата-энесин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылбаш үчүн" макулдугун берүүгө аргасыз болгон экен.
"Ал биздин коңшубуз эле. Биздин көз караштар таптакыр башка болчу. Агаларым "жакшы жигит" дешти. Апам болсо жакын жерге кызын бергенине жетине албай, "күн алыс көрүшүп турат экенбиз" деп бактылуу эле",-деп эскерет Элмира.
Бир нече жолу аны менен турмуш куруу каалоосу жок экенин апасына түз эле айтып, баш тарттырууга аракет кылып көргөн. Анысынан майнап чыккан жок.
"Тескерисинче, "сен кыз эмессиң го, эмнеге качып жатасың" деп, кайра мага шектүү карап, басым кыла башташты".
Бирок андай эмес эле. Элмира биринчи жолу нике түнүндө гана эркекке жакындады. Ошол күнү ал уятынан жерге кирип кете жаздаганын айтып берди. Күйөөсү анын кандай абалда экени маани деле берген эмес, сүйлөшкөнгө деле кызыккан жок дейт.

Бул учурда сыртта болсо Элмиранын апасы, эки таежеси, дагы бир алыс тууганы олтурган. Алар келиндин "кыздыгы" тууралуу сүйүнчүнү угуп, эки жаштын "махабатын" мыйзамдаштырууну күтүп олтурушкан эле.
"Сырттагы кобур-собурдун баары угулуп турду. Мен болсо оору менен уяттан калчылдап, нике түнү деген ушулбу деп ойлодум",-деп эскерет Элмира.
Алыскы тууганы "енгинин" - жеңенин милдетин аткарып турду. Ал жаштар жаткан үйгө келип, коңшу бөлмөдө олтурган. Анын милдети эгер зарылдык болсо жаштарга кеңеш берип, анан башкаларга сүйүнчү айтуу. Жаңы келин коңшу бөлмөгө чыга качып, "жеңеден" кеңеш алса болот.
"Жеңе" жаштар жаткан шейшепти сыйрып алып, башкаларга сүйүнчүлөш үчүн жөнөп кетет. Нике түнүнөн кийин шейшепти демонстрациялоо Кавказдагы элдердин көбүнүн салтында бар.
"Далилди" көргөндөн кийин келин алып жаткан тарап жаштарга куттук айтып, нике "мыйзамдуу" деп саналат.
Эгерде шейшеп таза болгон болсо, анда иш чатак. Кызды ата-энесине "жараксыз буюм" сыңары кайтарып беришет. Андан кийин тагдыры бузулган кыздын турмушка чыгышы кыйын болот. Ата-энесинин үйүндө дагы жакшы сөз укпайт.
Азербайжандык укук коргоочулардын айтымында нике түнүндөгү бул салт көбүнчө элет жерине мүнөздүү болуп калды. Ири шаарларда көп деле колдонулбайт. Кээ учурда кыздыгын текшерүү үчүн атайын гинекологиялык процедуралардан дагы өткөрүшөт. Өткөн жылдын күз айында БУУ жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мындай практиканы токтотууга чакырды. Мындай текшерүү кеминде 20дай өлкөдө сакталып калган. Аталган уюмдар муну кыз-келиндер үчүн кемсинтүү жана травма алып келе турган көрүнүш деп эсептейт.
Биринчи нике түнүндөгү күбөлөр жана шейшеп окуясы кыздар үчүн көп жылдык травма болуп калат, деп белгилейт психолог Эллада Горина.

"Жеңе болгон көп аялдар үчүн бул кадимки эле көрүнүш. Учурунда алар өскөн чөйрө, алар көргөн салттар ушундай эле. Ал эми травматизация, конфликт жана эмне болуп жатканына түшүнбөгөн дүрбөлөң кийинки жаңы өскөн муун менен келди",-дейт адис. Анткени алар башкача шартта, такыр башка түшүнүктө өстү.
Мурда Азербайжандын түндүгүндө жашап келген Нигяр биринчи нике түнүндө "кеңешчилер" коңшу бөлмөдө топурап эле жүргөнүн айтып берүүдө.
"Бүт айыл келип алганбы" деген да ой болду. Андагыдай уятымдан өлүп кала жаздаган учур болгон эмес эле. Өзүмдү соороттум, ушундай болуп кабыл алынгандан кийин туура го, анткени улуулардын жолу улук эмеспи деген ой болду".
"Жолдошум экөөбүздүн тең айлабыз кетип олтурдук. Элестеткиле, сыртта дем алган үндөр, үстөлдү жылдыргандарынан өйдө угулуп турду. Бирок алар дагы эрте менен шейшепти көтөрүп чуркап, сүйүнчү айтышы керек эле".
Анда Нигяр 18 гана жашта эле. Азыр отузга келди, бирок турмуштан жолу болбой ажырашып кеткен.
"Кызыл алма"
Мындай салт Арменияда, Азербайжан, Грузия жана Түндүк Кавказдын айрым элдеринде кезигет.
Армяндарды салты деле азербайжандардан көп айырмаланбайт. Бирок сырткы бөлмөнү кайтарган "жеңе" болбойт.
Баш каладаан канчалык алыстаган сайын, мындай салт ошончолук катуу кармалат, дейт Адам укугу боюнча Хельсинки ассоциациясынын Армениядагы жетекчиси Нина Карапетянц.

Алгачкы нике түнүнөн кийин эрте менен туугандары жана коңшулары келип, уктоочу бөлмөдөгү шейшепти текшерген салтты өзү дагы башынан өткөргөн. Текшергенден кийин, кыздын үйүнө бир себет кызыл алма көтөрүп барышат.
Ушундан соң кыздын ата-энеси өзүнүн коңшуларын, жакын туугандарын кызы "аруу жана абийирдүү" экенин көрүүгө чакырат.
Психолог Эллада Горинанын айтымында, айрымдар мындай абалын бат эле унутушат. Бирок андан катуу сокку алып калгандары дагы болот.
"Маселен, кээ учурда кыз чыкпай калды деп, дарыгерге текшертүү үчүн дагы алып барышат. Бир жолу түн жарымында күйөөнүн бүт туугандары коштоп, ушундай бир кызды алып келишкен,-деп эскерди психолог. -Мындай учурда кыздар өзүн зомбулуктун курмандыгы сезип, көпкө чейин кемсинген, тебеленген абалынан чыга албай калат".
Армения менен Азербайжанда акырындык менен болсо дагы мындай салттар сүрүлүп, өткөн доорду көздөй барууда дейт эксперттер.
"Мындай көрүнүштөн баш тарткан үй-бүлө тууралуу билем,-деди азербайжандык изилдөөчү Шахла Исмаил. - Менимче, ушундай күчтүү адамдар өзгөрүүнүн башатында болот эмеспи".
Грузиялык укук коргоочулардын айтымында, шейшепке байланышкан салттар өлкөдө дээрлик кездешпей калган.
(Макала кыскартылып которулду)
Магеррам Зейналовдун иллюстрациясы











