Блог: Өз бактыбыз үчүн күрөшөлү, кыздар

Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын кайгылуу окуясынан бери толук бир жыл өттү. Кыргыз коомун селт эттирип, үрөйүн учурган бул окуя баарыбир кыз ала качууга карата көз караштарды өзгөртө алган жок деп ойлойм.

мээрим догдурбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзүм тарткан кыскаметраждуу көркөм тасмам менен бир нече өлкөдө Кыргызстандын атынан сынактарга катышып, жогору бааланды

Бул окуяны укканда дароо өзүмдү эстегем.

Биринчи курста окуп жүргөн кезимде мени айылдагы туугандарымдын кошунасы ала качып кеткен. Аламүдүн-1 кичи районунда эки таежем менен чогуу батирде турчумун. Бизге ата-энебиз айылдан азык-түлүк салып жибергенде, үйдүн улуусу катары мага табыштап коюшчу.

Андай жүктү шаарга келген таенебиздин кошунасынын улуу баласы эки-үч жолу жеткирип бергени эсимде. Анан бир күнү сабактан кеч келатсам ошол байке чалып:

-Бүгүн үйдө болосуңбу?,-деди.

Айылдан бирдеме салып жиберишкен экен деп, үйдө болорумду айттым. Белгиленген саатта келип чалды. Мурдагыдай эле үйдөгү кийимим менен сыртка чыктым. Ал мени машинасынын арткы эшигин ачып отургузуп, телефонумду колуман жулуп алгыча, эки жагыман эки чоң байке отурду. Дароо эмне болуп жатканын түшүндүм.

"Мен баарыбир олтурбайм, убара болбоңуз", - дедим. Өзүмдү жоготпой, ыйлабастан, ачууга алдырбастан, барган жерине барайын деп чечтим. Себеби алар баарыбир менден күчтүүлүк кылышмак. Жолдон жанымдагылар улам какшыктап тийишип жатышты. Алардын айтканы боюнча, ызы-чуу кылбасам, демек күйөөгө тийгим келип араң турган экенмин. Ого бетер ачуум келип жатты, бирок өзүмдү колго алдым.

Айылга жеткиче үч жолу "отурбайм" деп айттым. Сыр бербегеним менен ичимден коркуп баратканым чын. Ага чейин түрдүү окуяларды уккам. Мен да ошолордой болуп отуруп каламбы? Бүттүбү? Окуум, максаттарымчы? Бул ойлор мени жеп жатты.

Жакындаган сайын дене-боюм титирей баштады. Короого кирип бардык. Унаадан эркектер түшүп кетишти. Мени тааныган эле жеңелер келип үйгө сүйрөп жөнөдү.

Алдары жетпей, жанагы эркектердин бирөө келип көшөгө илинген бөлмөгө көтөрүп кирди. Ак көшөгөгө мындай зордук-зомбулук менен киргим келген эмес болчу. Карманып араң турган жаным, жашымды кармай албай калдым. Бирок көпкө алсыздыгымды билгизгим келген жок. Жоолук салып башташканда жашымды токтотуп, жөнөкөй тилде, жай түшүндүрүүгө аракет жасадым. Көнүшкөн жок.

Аргасыз катуу сүйлөөгө туура келди. Мыйзамды эске салып, жоопко тарттырарымды эскертип отурдум. Тарбия көргөн кыз катары кээде алдымда чоң эле кишилер чөгөлөп жатканына жаман болуп жаттым. Бирок башка аргам жок эле. Топурап кирген көшөгөдөгү топ аялдардын ар биринин белгилүү бир миссиясы бардай сезилди. Анткени улам бирөө мага жаңы окуяларды айтышып, отурбай кетип калгандар бактысыз болуп калышарына ишендиргилери келип жатышты.

Түнкү саат 12ден өтүп барганбыз, алышып отуруп таңкы төрт болоюн деп калды. Бир маалда мага үйлөнчү байкенин апасы көшөгөнү жай серпип ачты: "Сенин ата-энеңди жакшы тааныйбыз, энесин көрүп кызын ал дейт..." деп баштаганда эле, сөзүн бөлүп:

-Кечирип коюңуз. Атамды чакыргыла!,-дедим.

Ал чыгып кеткенден кийин баласы келди.

-Бул эмне кылганыңыз, мен сизге айткам. Азыр элге экөөбүз тең жаман көрүнөбүз. Мен үйдүн улуу кызымын. Иним бар. Иниме жалгыз жөлөк боло турган менмин. Ата-энем мага ишенет. Мен максатыма жаңыдан талпына баштадым. Ага сиз тоскоол болбошуңуз керек!

Ошентип аны түшүнөөр деп, бир топ максаттарымды айттым. Ал бала акыры менин отурбашыма көзү жеттиби же кайсыл бир айткан сөзүм таасир эттиби, колуман жетелеп эшикке жөнөдү. Алдыбыздан баягы ажылдаган аялдар чыгып, экөөбүздү бөлүп, мени көшөгөгө кайра сүйрөштү. Ачуумдун бардыгы топтолуп тургандыктан, ошол жерден жарылдым окшойт. Тепкиленип, жулкунуп отуруп эшикке чыгып унаага отуруп алдым. Артыман туугандары келип, "сотко бербейм" деп тил кат жазып бер дешти. Кетүүнүн айласын ойлоп, жазып берип койдум. Бала туугандары менен мени шаарга эртең менен жеткирип келишти.

Эртеси атам менен апам ала качкан баланын үйүнө барышты. Кызыгы алар келип кечирим сурабаганы аз келгенсип, ата-энем барганда милдет кылгандай опурулуптур.

Атам аларга "апаңардын арбагын сыйлаганым үчүн сотко бере албай турам. Азыр кызыбыздын ал-акыбалын текшеребиз, бир кирпиги түшүп же тырмагы сынса жоопко тартыласыңар!", -дегенде анан кечирим сурашканын айтышты.

Атама сотко бербей эле коелу деп өзүм айттым. Себеби, менин айыман туугандар арасында, кошуналар арасында келишпестик болушун каалаган жокмун. Ансыз да ата-энеме, туугандарыма ал окуядан кийин жаман сөздөр айтылды. Менин отурбай кетип калганым аларга сабак болсо болду деп койдум.

Алгач бул окуя чын эле мени менен болгондугуна ишене албай жүрдүм. Стресске кабылдым. Бактысыздык жөнүндө айтылган түрдүү имиштер улам эске түшүп жатты. Бирок ата-энемдин колдоосу менен оор абалдан чыгып кеткем. Алар да мен үчүн ар кандай сын-пикир угушту, бирок мага дайыма туура кылганымды айтып, эч нерсеге өкүнбөшүм керектигине ынандырышты.

Кыз баланын өзүнө болгон ишеними тарбиясынан көз каранды деп ойлойм. Мага атам кичинемден баарына өзүм гана жоопкерчиликтүү экенимди үйрөтүп келген, менин кызыкчылыгымды биринчи орунга коюп, оюмду угуп көндүргөн. Мага окшогон ала качууга дуушар болгон кыздар Кыргызстанда жүздөп саналат.

Алардын саналуусу гана укугун коргоп, эркиндиги, келечеги үчүн күрөшө алышат. Кыргызстанда ала качылган кыздардын көпчүлүгү моюн сунуп, белгисиз тагдырга туш болушат. "Кыргыздарда кызды кырк үйдөн тыюу" деген түшүнүк менен тарбиялашат эмеспи.

Албетте, каада-салт улук, бирок кыз өз алдынчалуулукка да үйрөнүшү керек. Укугун билип, өзүнө бекем болушу керек. Өзүнүн ою, чечими, максаты менен жашашы абзел. Азыр билимдүү, акылдуу, ишкер аялдардын заманы.

Учурда мен режиссерлук кесипти аркалап, Бишкекте жеке студиялардын биринде эмгектенем. Өзүм тарткан кыскаметраждуу көркөм тасмам менен бир нече өлкөдө Кыргызстандын атынан сынактарга катышып, тасма жогору бааланып келет. Бул ийгиликтерге ошондо отуруп калганда жетишет белем? Албетте, жок!

Жогоруда башыман өткөн окуя менен бөлүшүп гана коюу максатым эмес, жаш кыздар окуп, ала качканда отурбай кетип калса, улуулардын бул "салтына" каршы чыкса, жаман эч нерсе болбоорун, тескерисинче баарына сабак болуп, ала качуунун тыйылышына жол ачарын түшүнүшсө дейм.

Мээрим Догдурбекова, Бишкек шаары

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.