Бразилиялык кыз полиция болуп, аны зордуктаган адамдан өч алды

Иллюстрация

Сүрөттүн булагы, André Valente/ BBC Brasil

    • Author, Фелипе Суза
    • Role, Би-би-си, Сан-Паулу

Фабрицио атуу 39 жаштагы киши Табата аттуу тогуз жаштагы кыздын үй-бүлөсү менен "тааныш" болгон. Андан эч ким шек санабаганы үчүн Фабрицио эки жылдан ашык убакыт бою кичинекей кызды зордуктап жүргөн.

2016-жылдын декабрдында, арадан 12 жыл өтүп, Табата менен Фабрицио (аттары өзгөртүлдү) кайрадан жолукту. Бирок бул жолу Фабриционун колуна кишен салынган эле. Табата бир колу менен аны кармап, экинчи колуна тапанчасын кармап турду. Ал Фабрициону темир торго киргизип, ичиндеги тоодой күйүттү жок кылгандай жеңилдеп калды.

"Бул кылмыш тууралуу айтуу жана баарын кайрадан баштан өткөрүү - жаранын айыгышына жардам берет",- деп айтты Табата Би-Би-Синин Бразилия кызматына.

Тоого саякат

Фабрицио жаратылыш койнуна чыгып, сүрөт тартканды жактырчу. Ал өзү барган жерлерин башкаларга сүрөттөп айтып берчү. Ал Табатанын атасы менен дос болуп, кээде кечинде футбол ойношчу.

Фабрицио жубайы менен бирге, Табата үй-бүлөсү болуп Уругвайдын дарыя жээктерине саякатка чыгышчу.

"Ал мага өтө жакын келип, кармалай баштады. Мен эмне болуп жатканын түшүнгөн деле жокмун. Кызыктай абалда болуп, анын жасап жаткан иштери кылмыш экенин түшүнгөн эмесмин. Ата-энем да андан эч шек санаган эмес ", -деди Табата.

Табата бул окуяларды ата-энесине көп жолу айтууга ниеттенип, бирок батына алган эмес:

"Атамдын мүнөзү абдан оор болчу. Эгерде мен ага бул окуяларды айтсам, ал Фабрициону өлтүрүп, өзү түрмөгө түшүп калат деп коркчумун. Балага түрдүү ойлор келет экен. Ата-энем мага ишенбей койсо эмне кылам деген ой мени жеп салчу".

иллюстрация

Сүрөттүн булагы, André Valente/ BBC Brasil

Чындык кантип ачыкка чыкты?

Табата бул окуяларды унутууга аракет кылып, бирок андай болбоду. 16 жашка толгондо акыры энесине баарын төкпөй-чачпай баяндап берди. Бирок апасы Фабриционун башка кыздарга да асылганын айтты. Ошондо Табата жалгыз өзү эле Фабриционун курмандыгы болбой, башка кыздардын да тагдыры талкаланганын угуп, өтө кайгырган.

Бул окуяларды жаш кыз полицияга да айтып бергени менен, кылмыш иши дароо козголгон жок. Ал түгүл алты жыл өтсө да прокуратурадан ишти карап жатат деген жооптор келди.

"Мен өзүм барып, эмнеге иш жылбай жатканын сурадым. Прокурор мага абдан жаман мамиле жасады. Ошондой эле ал бул окуялардын эчак эле болгонун, аны камоого далилдер жетиштүү болбой жатканын айтты",- деп эскерет Табата.

Табата башка жолдорду издеп, дагы бир зордукталган кызды тапты. Ал кыздын көрсөтмөлөрү кылмыш иштин алдыга жылышына түрткү берди.

Судья Фабрициону жети жарым жылга эркинен ажыратты. Бирок апелляция берилген үчүн шектүү киши эркиндикте жүрө берди.

Сүрөттүн булагы, André Valente/ BBC Brasil

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Судья Фабрициону жети жарым жылга эркинен ажыратты. Бирок апелляция берилген үчүн шектүү киши эркиндикте жүрө берди.

Сот ишти карай баштады

Сотто Фабрицио сүйлөп жатып, Табата баарын ойдон чыгарганын билдирди. Судья ишенбей, аны жети жарым жылга эркинен ажыратты. Бирок апелляция берилген үчүн шектүү киши эркиндикте жүрө берди.

Табата жыйырма төрт жашка толуп, полиция академиясын аяктады. Анын мындай кесипти тандоосуна ошол балачакта көргөн зордук-зомбулугу да себеп болду.

2016-жылы Фабриционун апелляциясы кабыл алынбагандан кийин, ал качып, жашырынып жүрдү.

"Аны менин кесиптешим кармап келди. Мен өзүм аны темир тор артына таштагым келген эле. Ошону менен бирге ушул окуялар таптакыр унутулушун кааладым", -деди Табата.

Табата Фабрициону темир торго киргизип, ичиндеги тоодой күйүттү жок кылгандай жеңилдеп калды.

Сүрөттүн булагы, André Valente/ BBC Brasil

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Табата Фабрициону темир торго киргизип, ичиндеги тоодой күйүттү жок кылгандай жеңилдеп калды.

Табатанын ата-энелерге кайрылуусу

Фабрицио өзүн абакта жакшы алып жүргөнү үчүн бир жыл өтпөй эле бошотулду.

Табата болсо өзүнүн денесинен уялып, бул окуялар аны өтө түнт кылып салганын айтты. Ал Би-Би-Сиге бул окуяларды баяндап жатып, башка ата-энелер бул көрүнүштөрдөн сабак алса деген ниетин билдирди.

"Бардык ата-энелер балдары менен жакындан сүйлөшсө дейм. Каалаган темада, анын ичинде чоңдор темасында да балдары менен пикир алмашса жакшы болмок. Эң негизгиси, ар бир ата-эне балдарына "мен сага ишенем" деп турса, баары жакшы болот",- деп Табата сөзүн жыйынтыктады. (ErA)