Ким Чен Ын Кытайдын колдоосун алды

Сүрөттүн булагы, AFP
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын зооттолгон поезди менен Бээжинге келип, АКШ менен саммит өткөрүү боюнча Кытай лидери Си Цзиньпиндин колдоосун алды.
Буга чейин АКШ президенти Трамп жакын арада Ким Чен Ын менен экинчи саммит өткөрүлөт деп жар салган эле. Эки лидер июнь айында тарыхый сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Кытай Түндүк Кореянын экономикалык жана дипломатиялык негизги өнөктөшү катары эсептелет. Ушуну менен Ким Чен Ын бир жыл ичинде төртүнчү ирет Бээжинге келип-кетти.

Сүрөттүн булагы, EPA
Си Цзиньпин Ким Чен Ын менен жолуккандан кийин, АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери "мунаса табат" деген үмүтүн айтып, эки тарапты колдой турарын кошумчалады.
Түндүк Кореянын лидери буга чейин да Түштүк Корея жана АКШ жетекчилиги менен жогорку деңгээлдеги жолугушуу алдында Бээжинге келип, Кытайдын лидери менен кеңешип кеткен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда өзөктүк куралды жок кылууга даяр экенин айтып, бирок АКШ санкцияларды алып салбаса, өзөктүк курал программасын кайра жандантарын билдирген.
"АКШ дүйнөнүн алдында берген убадаларын аткарбаса, санкцияларды улантып, мамлекетибизди кысымга алса, эгемендүүлүгүбүздү жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн аргасыздан жаңы кадамдарга барабыз", -деген Ким Чен Ын.
Ал ошондой эле президент Трамп менен кайрадан жолугууга даяр экенин айткан.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Ким Чен Ын июнь айында Сингапурда тарыхый саммит өткөрүп, атайын декларацияга кол коюшкан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Төрт бөлүктөн турган декларацияда Түндүк Корея өзөктүк куралынан кантип арылышы керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда Пхеньянга салынган санкциялар тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралынан баш тарта турган болсо, АКШ тарап буга жооп кылып Ким Чен Ындын коопсуздугуна кепилдик берерин билдирген.
Сентябрь айында Түндүк менен Түштүк Корея лидерлери өзөктүк куралдан арылуу боюнча декларацияга кол коюшкан. Эки лидер Корей жарым аралын "өзөктүк куралсыз тынч аймакка айлантуу" каалоосун билдирген.
Декларацияга ылайык, Түндүк Корея бир нече өзөктүк полигондорун жок кылып, Түштүк Корея болсо аскердик машыгууларын токтотмок. Ошондой эле эки өлкө тең чек аранын эки тарабынан темир жол жана унаа жолдорун бириктирүү жумуштарын баштамак.
Түндүк Корея соңку ондогон жылдардан бери эл аралык изоляцияда калган. Анын себеби адам укугун жана эл аралык мыйзамдарды бузуу менен өзөктүк куралга ээ болуу аракети эле. (AT)









