Ким Чен Ын зооттолгон поезд менен Пекинге келди
Соңку күндөрү тарап жаткан каңшаар кептер ачыкка чыгып, Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын Пекинге келип кеткени белгилүү болду.

Сүрөттүн булагы, AFP
Иш сапардын болгонун Кытай тарап ырастады. Синьхуа агенттиги Си Цзинпин менен Түндүк Корея лидеринин сүйлөшүүлөрү "ийгиликтүү" болду деп белгиледи.
КЭДР лидери 2011-жылы бийликке келгенден бери биринчи ирет чет өлкөгө иш сапары менен чыккан.
Кытай Түндүк Кореянын экономикалык негизги союздашы эсептелет. Ким Чен Ындын иш сапарын Түштүк Корея жана АКШнын жетекчилиги менен жогорку деңгээлдеги жолугушуу алдындагы Пекин менен кеңешүү, колдоо издөө аракети катары баалап жатышат.
Апрелде Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолугат. Ал эми май айында АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушу күтүлүүдө. Албетте, бул жолугушууну дипломаттар өз учурунда уюштура алса.
Маалыматтарга караганда, Ким Чен Ын Пекинге дүйшөмбү күнү келип, шейшембиде кеткени айтылууда. Ал атасы Ким Чен Ир жүргөн зооттолгон поезд менен келген. Атасы учактан жүргөндөн коркондуктан поезд менен жүргөн экен. (AbA)








