Корей жарым аралын "өзөктүк куралсыз тынч аймакка айлантуу" убадасы

Пхеньянда Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Индин сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Негизи жыйынтык - өзөктүк куралдан арылуу боюнча декларация болду.

Пхеньянда Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Индин сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пхеньянда Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Индин сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды.

Кореялык лидерлер мындан башка дагы кандай келишимге жетти?

Пхеньяндагы саммиттин экинчи күнүндө тараптар биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Билдирүүдө эмне маселе камтылганын лидерлер басма сөз жыйынында шардана кылышты. Жыйынды Сеулда түз көрсөтүп турушту.

Андагы негизги пункттар:

  • Эгерде АКШ буга чейин жетишилген келишимдерди аткарса, анда Түндүк Корея Йонбендеги негизги ядердик полигонун жок кылууга даяр;
  • КЭДР Тончхандагы ракеталык сыноолор ишке ашкан полигонун жок кылганын жарыялады;
  • Тончхандагы полигон бузулганын көрүү үчүн чет элдик байкоочуларды киргизгенге даяр;
  • Йонбендеги полигонду жок кылуу боюнча келишим июнь айындагы Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрүндө каралган эле.

Мындан сырткары:

  • Түндүк-Түштүк Корея чек арадагы аскерсиз аймакка жакын жерде ири масштабдагы артиллериялык машыгууларды өткөрүүдөн баш тартат жана ага жакын жерден аскер учактарын учурбайт;
  • Деңизде аскердик машыгууларды өткөрбөй турган атайын буфердик аймак түзүү планы;
  • Түндүк жана Түштүк Кореянын чек арадагы байкоо тосмолорун чыгарып кетүү;
  • Ушул жылдан тарта эки өлкө тең чек аранын эки тарабынан темир жол жана унаа жолдорун бириктирүү жумуштарын баштайт;

Лидерлер эки өлкөнүн спортчуларын Олимпиада оюндарына бирге жөнөтүү жана 2032-жылдагы Олимпиада оюндарын биргелешип өткөрүү боюнча арыз берүү ниетин билдиршти.

Ошону менен бирге Ким Чен Ын жакынкы убакытта Сеулга барууга даяр экенин айтты. Эгерде мындай болсо, бул Түштүк Кореянын тарыхындагы алгачкы иш сапар болуп калмакчы. Буга чейин бир дагы Түндүк Корея лидери Сеулга барган эмес.

Лидерлер Корей жарым аралын "өзөктүк куралсыз тынч аймакка айлантуу" каалоосун билдиришти.

Түштүк Корея лидерин Түндүктө кандай тосуп алышты?

Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин КЭДР баш калаасы Пхеньянда кечээ күнү жолугушкан. Акыркы он жылдан бери Түштүк Корея президенттери КЭДРге барган эмес.

Түштүк Корея лидерин майрамдык маанайда тосуп алышты. Пхеньяндын көчөлөрүндө жүздөгөн кишилер колуна гүл жана желектерди кармап турушту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Корея лидерин майрамдык маанайда тосуп алышты. Пхеньяндын көчөлөрүндө жүздөгөн кишилер колуна гүл жана желектерди кармап турушту.

Жыл башынан бери Түндүк Корея АКШ жана түштүк коңшусу менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын үчүнчү жолугушуусу. Апрелдеги эки лидердин чек арадагы жолугшуусу тарыхый окуя болуп калган.

Лидерлер алдыдагы саммитте жетишилген келишимдерди кандай аткаруу жагын талкуулайт.

12-июнда АКШ президенти Дональд Трамп менен КЭДР лидери Ким Чен Ын Сингапурда жолуккан. Анда Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу, Кореядагы согуштук абалды жоюу, мамилелерди жакшыртуу боюнча убадаларды беришкен.

Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин КЭДР баш калаасы Пхеньянда жолугушту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

1950-1953-жылдардагы Корей согушунан кийин жарашуу боюнча гана келшим болуп, АКШ Тынчтык келишимин түзүүгө барган эмес.

Түштүк Кореянын алдында эки негизги тапшырмасы бар:

Келечегинде КЭДР менен кызматташуу үчүн жакындашуу;

Өзөктүк куралдан арылуу боюнча Пхеньян менен Вашингтон ортосунда арачылык милдетти аткаруу;

Бул Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын үчүнчү жолугушуусу.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын үчүнчү жолугушуусу.

Апрель айында Ким менен Мундун жолугушканы биринчи жолу болгондуктан, бул окуяга өзгөчө көңүл бурулган. Бул жолу жолугушуу таң калычтуу деле эмес, Түштүк Корея президенти бул жагдайды жакшы түшүнүп турат. Бирок, ал бул жолку жолугушуудан реалдуу жыйынтыктарды алууга умтулат. Тагыраагы, КЭДРди өзөктүк куралдан арылтуу үчүн конкреттүү кадамдары боюнча деп болжойт Би-Би-Си кабарчысы Лора Бикер.

Түштүк Кореянын делегациясынын чоң бөлүгү - ири компаниялардын бизнес өкүлдөрү. КЭДРге Samsung, LG, Hyundai сыяктуу гиганттардын өкүлдөрү келди.

Ошондой эле Сеул маданий кызматташтыкка дагы умтулуп жатат. Пхеньянда Түштүк Кореянын популярдуу музыканттары концерт бермекчи. (AbA)