Ким Чен Ын АКШны санкциялар боюнча эскертти

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзөктүк куралды жок кылууга даяр экенин айтып, бирок АКШ санкцияларды алып салбаса, өзөктүк курал программасын кайра жандантарын билдирди. Бул тууралуу Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда айтты.
"АКШ дүйнөнүн алдында берген убадаларын аткарбаса, санкцияларды улантып, мамлекетибизди кысымга алса, эгемендүүлүгүбүздү жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн аргасыздан жаңы кадамдарга барабыз", -деди Ким Чен Ын.

Сүрөттүн булагы, Europoean Photopress Agency
Ал ошондой эле президент Трамп менен кайрадан жолугууга даяр турат.
Түндүк Корея лидеринин өткөн жылкы жаңы жылдык куттуктоосунан кийин обочодо калган өлкө багытын өзгөрткөн.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Ким Чен Ын июнь айында Сингапурда тарыхый саммит өткөрүп, атайын декларацияга кол коюшкан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Төрт бөлүктөн турган декларацияда Түндүк Корея өзөктүк куралынан кантип арылышы керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда Пхеньянга салынган санкциялар тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралынан баш тарта турган болсо, буга жооп кылып АКШ тарап Ким Чен Ындын коопсуздугуна кепилдик берерин билдирген.
Сентябрь айында Түндүк менен Түштүк Корея лидерлери өзөктүк куралдан арылуу боюнча декларацияга кол коюшкан. Эки лидер Корей жарым аралын "өзөктүк куралсыз тынч аймакка айлантуу" каалоосун билдирген.
Декларацияга ылайык, Түндүк Корея бир нече өзөктүк полигондорун жок кылып, Түштүк Корея болсо аскердик машыгууларын токтотмок. Ошондой эле эки өлкө тең чек аранын эки тарабынан темир жол жана унаа жолдорун бириктирүү жумуштарын баштамак.
Түндүк Корея соңку ондогон жылдардан бери эл аралык изоляцияда калган. Анын себеби адам укугун жана эл аралык мыйзамдарды бузуу менен өзөктүк куралга ээ болуу аракети эле. (AT)











