Трамп Афганистандагы согушту жеңишке чейин жеткирет

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ президенти Дональд Трамп Афганистандан америкалык аскерлерди шашылыш чыгарып кетүү туура эмес болорун, анткени анда алардын ордун террористтер ээлей турганын билдирди.
Трамп адегенде аскер күчтөрүн чыгарып кетүүнү ойлогонун белгилеп, бирок анын ордуна баарын азыркыдай калтырып, Ирактагы каталыкты кайталабай, жеңишке чейин күрөшүүнү чечкенин айтты.
Анын айтымында, ошондой эле Афганистандагы миссияны убакыт менен чектөө туура эмес болот, андан көрө аскерлерди алып кетүү жөнүндө чечимди өлкөдөгү реалдуу кырдаалга карап кабыл алыш керек.
Трамп анткен менен Афганистанга карт-бланш бербей турганын баса белгиледи.
"Америка афган бийликтери менен ийгилик жана прогресс болмоюнча иштеше берет", - деди ал.
Трамп Пакистандын бийликтерине кайрылып, АКШ анын экстремисттер жашынган өлкө болуп жатканына көз жума албай турганын билдирди. Эгер Исламабад америкалыктар менен кызматташпай турган болсо, анда өзүнө эле жаман болот деп эскертти.
"Биз Пакистанга миллиард жана миллиард долларды төлөп бердик - алар болсо биз күрөшүп жаткан террористтерди жаап-жашырып отурушат", - деди Трамп.
Пакистандын армиясынын өкүлү Асиф Гафур өз кезегинде мындай күнөөнү четке кагууда.
"Пакистанда террористтерди жаап-жашырып жаткан жокпуз. Биз террористтерге каршгы күрөштүн бардык багыттары боюнча кызматташып жатабыз",-деди Асиф Гафур.
Трамп өзүнүн сөзүндө Индия менен өнөктөштүк мамилени да бекемдей турганын айта кетти.
АКШ президенти ошону менен катар союздаш өлкөлөрүнөн өзүнүн стратегиясына колдоо күтө турганын да билдирип, алардан аскердик чыгымдарга АКШ менен катар эле каржылоону көбөйтүшүн күтмөкчү.
АКШнын коргооо министри Джим Мэттис өзүнүн сөзүндө Вашингтондун бир нече союздашы Афганистандагы өзүнүн куралдуу күчтөрүнүн санын көбөйтүүнү убада кылганын билдирди.
Трамп Афганистанга жибериле турган кошумча күчтөрдүн санына токтолгон жок. Бирок мурда АКШнын Афганистандагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Джон Николсон 4000 аскер сурап жатканын белгилүү болгон.
Трамптын айтымында, "Аль-Каида" сыяктуу АКШда, Россияда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган күчтөр менен күрөш дагы активдүү болот.
"Алар билип койсун, эч жакка жашына албайт. Американын колу жетпеген жер жок", - деди ал.
Джон Николсон өз кезегинде жаңы стратегия талибдерге аскердик ыкмалар менен жеңүүгө жол бербейт деп айтууда.
Трамп АКШда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган "Талибан" менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын мурда эле билдирген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын талибдерге каршы аскердик өнөктүгү расмий түрдө 2014-жылы аяктаган, бирок атайын даярдыктагы күчтөр калып, афган аскерине жардам көрсөтүп жатат.
Азыркы учурда Афганистанда 8400 америкалык аскер бар.
Афган өкмөтү согушкерлер менен согушту улантууда, бирок өлкөнүн жарымын гана көзөмөлдөп жатат.
Трамп эң башында Афганистадан америкалык аскер күчтөрүн алып кетүүнү жактап келаткан.
Бирок Пентагондун башчысы Афганистанда АКШнын күчтөрүнүн туруп турганы ислам коркунучу менен күрөшүү үчүн абдан керек деп Трампты ишендирди.











