BBC

BBC navigation

НАТОнун Афганистандагы стратегиясы өзгөрдү

Соңку жаңыланышы: 18-сентябрь, 2012 - 10:22 GMT
Орусиянын Кабулдагы элчилиги Интерфакс агенттигине берген маегинде, Кабул аэропортунун жанындагы жанкечти бомба чабуулунда бир Кыргызстандык, жети Түштүк Африкалык жана эки Афган атуулу көз жумганын билдирди.

Орусиянын Кабулдагы элчилиги Интерфакс агенттигине берген маегинде, Кабул аэропортунун жанындагы жанкечти бомба чабуулунда бир Кыргызстандык, жети Түштүк Африкалык жана эки Афган атуулу көз жумганын билдирди.

Орусиянын Кабулдагы элчилиги Интерфакс агенттигине берген маегинде, Кабул аэропортунун жанындагы жанкечти бомба чабуулунда бир Кыргызстандык, жети Түштүк Африкалык жана эки Афган атуулу көз жумганын билдирди. Орус элчилиги мындай маалыматты жардырууда Орусия атуулдары дагы мертинген деген кабарларды четке кагуу үчүн жарыялаган.

Көз жумган Кыргызстандык атуул тууралуу Кыргызстан бийликтери азырынча билдирүү жасай элек.

Стратегия өзгөрдү

Ал ортодо Афганистандагы НАТО баштаган эл аралык күчтөр Афган күчтөрү менен кызматташуу стратегиясын өзгөрттү. Мындай чечимди кабыл алууга соңку учурлары НАТО аскерлерине Афган өнөктөрү тарабынан кол салуулар күч алганы себеп болгон.

Афганистандагы НАТОнун стратегиясына бир катар чектөөлөр киргизилди. Буга чейинки планда Афганистандын полициясын жана аскерлерин машыктыруу негизги орунду ээлеп, бирдиктүү коопсуздук күзөттөрү жүргүзүлүп келген.

Афганистандагы НАТО баштаган эл аралык күчтөр Афган күчтөрү менен кызматташуу стратегиясын өзгөрттү.

Афганистандагы НАТО баштаган эл аралык күчтөр Афган күчтөрү менен кызматташуу стратегиясын өзгөрттү.

Жаңы кабыл алынган өзгөрүүлөргө ылайык, эми мындан ары чет элдик күчтөр менен афгандар ири операцияларга гана чогуу катыша алат. Ал эми күндөлүк коопсуздук иш-аракеттери жогорку аскерий жетекчилердин ураксаты менен гана жүргүзүлөт.

Америкалык аскерлер буга чеийн эле базаларынан чыкпай калган. Анын ордуна Афган күчтөрү өз алдынча коопсуздук күзөттөрүн жүргүзүп жаткан чагы. Мындай кырдаал соңку учурлары Афган тараптын чет элдик өнөктөрүнө кол салуусунун күч алганынан улам келип чыгууда. Апта соңунда эки британ аскери жана төрт америкалык афган аскерлеринин кол салуусунан көз жумган эле.

Бул жылы набыт болгон биртаниялык аскерлердин бештен бири, Талибан эмес, Афган күчтөрүнүн колунан каза тапкан. НАТО жетекчилери мындай көрүнүштөрдү ооздуктоого Афган расмийлери жетиштүү чара көрбөй жатат деп нааразы. Афганистандагы эл аралык күчтөр соңку өзгөртүүлөрдү Афганистандын Коргоо министрине айтпай туруп кабыл алды.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.

]]>