Эл аралык кризис тобу: Диний радикализм Борбордук Азияга коркунуч жаратууда

Эл аралык иликтөөлөр "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринин катарында Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн эки миңден төрт миңге чейинки жарандары бар экенин көрсөтүүдө.

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл аралык иликтөөлөр "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринин катарында Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн эки миңден төрт миңге чейинки жарандары бар экенин көрсөтүүдө.

Эл аралык кризис тобунун кезектеги изилдөөсүндө “Ислам мамлекети» кыймылы Сириядагы согушка жана радикал күчтөрдүн байланышын бекемдөө үчүн Борбордук Азиядан адамдарды азгырып жатканы, эгер бул региондогу өлкөлөр күч-аракеттерин бириктирип, коопсуздук чараларын эле көрбөй, социалдык, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзбөсө, радикализмдин өсүшү акыр түбү бул региондун келечегине олуттуу коркунуч жаратат деп айтылат.

Аталган уюмдун эксперттеринин көз карашында Сирия менен Ирактагы чыр-чатактын кесепеттери Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн олуттуу көйгөй жаратууда. Бул региондогу өлкөлөрдүн эки миңден төрт миңге чейин жарандары Мекенинен чыгып кетип, Ислам мамлекетинин согушкерлеринин катарына кошулду.

Коррупцияга чырмалган, башкаруусу жана полициясы начар Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ѳзбекстан өлкөлөрү радикалдуу исламды ооздукташ үчүн көп иш аткара алышпады. Анын ордуна алар жарандык эркиндиктерди чектеп, куугунтук саясатын күчөтүп, радикал күчтөрдү кайра күчөтүп жатышат.

Эл аралык кризис тобунун эксперттеринин «Сирия коркунучу: Борбордук Азиядагы радикализация» деп аталган изилдөөсүндө бул региондогу радикализмди күчөтүп жаткан себептер иликтөөгө алынат жана аталган өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтарынын ортосундагы координацияны жакшыртуу, диний мыйзамдарды либералдаштыруу, жаштар, анын ичинде кыз-келиндер үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү зарылдыгы айтылууда.

Негизги тыянактар жана сунуштар

• Жихад идеологиясын колдоо Борбордук Азияда ислам кыймылына тартылууга алып келген негизги себеп болуп жаткан чакта социалдык, экономикалык жана саясий көйгөйлөр буга жакшы кыртыш болуп берүүдө. Диний сабаттуулуктун төмөндүгү жана диний эркиндиктердин күч менен басылышы радикал исламдын күчөшүн шарттап жатат.

• Ѳзбекстандын Ислам кыймылынын (ИДУ) мүчөлөрү Фергана өрөөнүндөгү жашоочуларды «Ислам мамлекетинин» катарына азгырган активдүү күч болуп калууда. Аталган уюм ошондой эле Борбордук Азиядагы согушкерлердин башын бириктирген күч болуп, анын ичинде Батыш Кытайдагы уйгурлардын да таламын талашууда.

• Мурда радикал күчтөрдүн катарында болгондорду, анын ичинде аялдар менен эркектерди реабилитация кылуу жагын карап көрүү үчүн Борбордук Азиянын атайын кызматтары үчүн европалык жана азиаттык полициянын иш тажрыйбасын өздөштүргөн атайын программа зарыл.

• Борбордук Азиядагы расмий өкүлдөр, орус жана батыш дипломатттары жана региондук эксперттер баары Казакстан менен Ѳзбекстандын коопсуздук кызматтары согуштан кайтып келип жаткан согушкерлерге каршы аесуз катуу чараларды көрөт деп күтүп жатышат. «Ислам мамлекетинде» болуп үйүнө кайтып жаткан адамдар өзүнүн өлкөсүндөгү куугунтуктан коркуп, Кыргызстанга барууну чечиши мүмкүн. Бул алардын абалын ого бетер тобокелдикке кептейт.

«Коңшулаш Афганистан менен Пакистанга караганда Борбордук Азиядан жаңы согушкерлерди азгыруу оңой», - дейт Эл аралык кризис тобунун Борбордук Азиядагы долбоордун директору Дейдре Тинан. - Анткени өздөрүнүн өлкөлөрүндө социалдык жана саясий өзгөрүүлөрдү болбой жатканы аларды бул уюмга тартып аткан башкы себеп болууда.

«Ислам мамлекетинин» жактоочуларынын образы да ар башка болууда – булар бай жана кедей, билимдүү жана караңгы, жаш жана кары, аял жана эркек адамдар болуп саналат.

«Сириянын алыс болуп калганы Борбордук Азияга жакшы болду, анткени чоң чыр-чатактар болгон жок, бирок коркунучтар акырындап түйүлүүдө",-дейт Европа жана Борбордук Азия боюнча программанын директору Пол Куинн-Джадж.

Анын ишениминде бийликтер алдыда боло турган жихадизм коркунучтарын так көрө билиши абзел жана анын алдын алуу чараларын көрүшү керек. «Көйгөйлөрдү чечпей эле четке сүрүп салуу же аны аны күчөтүп көрсөтүү кырдаалды ого бетер курчутат»,-дейт Пол Куинн-Джадж.