Афганистан: Талибдер АКШ консулдугун чабуулга алды

Афганистандын батыш бөлүгүндөгү Герат шаарындагыдагы америка консулдугунда катуу жардыруу болду. Маалыматтарга карганда, жардыруучу зат шыкалган унаа жарылган.
Алдын-ала маалыматтар боюнча бир канча афган полициячылары мерт кетти.
Талибан кыймылынан Би-Би-Сиге айтканына караганда, жанкечти жардырууну ишке ашырган, башкалары болсо комплексти чабуулга алууга аракет кылышкан.
Козголоңчулар менен коопсуздук күчтөрдүн ортосунда аткылашуу уланууда.
Афган армиясынын өкүлү, жардыруудан АКШ консулдугунун сырткы тосмолору жабыркаганын жана мындан улам талибтер консулдук имаратына түздөн-түз ок чыгарууга мүмкүнчүлүк алганын Би-Би-Сиге айтып берди.
Иран менен чектеш жайгашкан Герат шаары башка аймактарга салыштырмалуу тынч болуп келген.
Эмики жылы бул өлкөдөн чет элдик аскерлер чыгарылаар алдында чабуулдар күч алууда.




