Афганистандагы узак согуш

Афганистанга АКШ баштаган күчтөр киргенине 10 жыл толду

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Афганистанга АКШ баштаган күчтөр киргенине 10 жыл толду

2001-жылдын 11 сентябрындагы Нью-Йорк жана Пентагондогу кол салууларга «Аль-Каида» жооптуу деп табылып, Америка Кошмо Штаттары эларалык террорго каршы согуш жарыялаган жана алгачкы сокку Афганистанга жасалган. Ал күндөн бери туура 10 жыл өттү.

"Бузулбаган эркиндик" аттуу аскердик операциянын алкагында абадан да, жерден да сокку жасалып, Афганистанда өкүм сүргөн Талибан режими бир нече аптада жок болду.

Бирок чагылгандай тез согуштук аракетке карабай, өлкөдөгү куралдуу кагылышуулар, зордук-зомбулук дагы да болсо уланып жатат.

Афганистанда азыркы тапта 130 миң четэлдик аскер кызматта. Көптөгөн талибандар коңшу Пакистанга жана башка өлкөлөргө качып, жан айласын кылышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча акыркы беш жылда эле өлкөдөгү салгылашуудан улам 10 миңден ашык Афган атуулу көз жумду. Көбү америкалык 2750дөй аскер курман болду.

2001-жыл, Кабул

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2001-жыл, Кабул

Америкалык командир нааразы

Афганистандагы четэлдик аскерлерге 2009-2010-жылдары командир болгон америкалык эс алуудагы генерал Стэнли Мак Кристал батыш өлкөлөрү жеңишке жете тургандай деңгээлде маалыматка ээ эмес экендигин айтып чыкты.

"Ал учурда Афганистанды жакшы билбейт элек. Азыр деле терең маалыматыбыз жок. Мен жана мен баштаган аскерлер өлкөнүн тарыхы, географиялык абалы жана азыркы учуру тууралуу үстүртөн эле маалыматка ээ. Акыркы 50 жылдагы тарыхы тууралуу элементардык билимибиз жок. Бул абдан коркунучтуу", - деди Стэнли Мак Кристал. Ошондой эле ал АКШ менен НАТО Афганистандагы өз максаттарын ишке ашырууда жарым жолго эле араң жеткенин айтты.

Эң узун согуш

Согуш дагы деле басыла элек

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согуш дагы деле басыла элек

Афганистанда кыска мөөнөттө эле жеңишке жетебиз деп башталган согуш мөөнөтү улам барган сайын узарып жатат. Вьетнам согушун ашып түшүп, Америка жана дүйнө тарыхындагы эң узун согушка айланды.

НАТО 2014-жылы бул өлкөдөгү миссиясын аяктап, аскерлерди чыгарып кетүүнү пландоодо. Бирок Талибандарды тыйбай туруп, согушту бүтүрүү туура эмес дегендердин саны барган сайын көбөйүүдө.

Эларалык жардам уюмдары тарабынан миллиарддаган доллардык көмөк көрсөтүлгөнүнө карабай өлкөнүн инфраструктурасын талкаланган бойдон оңдолбой жатат. Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөгө берилген жардамдын суммасы 57 миллиард доллардын ашты.

Афган расмий маалыматтары боюнча 2001-жылы калктын 9 пайызы эле медициналык жактан тейленсе, азыр бул сан 80 пайыз болду. Ошентсе да ооруканалар согуштан улам жабылып калып, калк жетишерлик тейленбей жатат.

Жөнөкөй афгандыктардын жашоо турмушу дагы оңолбоду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жөнөкөй афгандыктардын жашоо турмушу дагы оңолбоду

Буга кошумча акыркы 10 жылдагы кургакчылык да абалды курчутууда. Дүйнө Тамак-аш Программасынын маалыматы боюнча өлкөдө 2,6 миллион киши ачкачылыктан жабыр тартып, жардамга муктаж. Эларалык адам укуктары уюму өлкөдө адам укуктары жаатында жылыш бар экенин билдирип, буга мисал катары билим берүү жана саламаттыкты сактоодо аялдарга маани бериле баштаганын айтты.

Ошентсе да тең укуктуулук, коопсуздук ж.б. багыттарда абал мурдагыдан да курчуп кеткени маалымдалды.

Президент Карзай мүчүлүштүктөрдү моюндайт

Бүгүнкү Афганистан күнүмдүк чабуулдардын өлкөсү. Жакында эле Кабулдун чордонунда мурунку президент Раббанини өлтүрүп кетишти. Афганистанда эмнеге жетишилди, алдыда эмне турат? Би-Би-Синин суроолоруна Афган президенти Хамид Карзай жооп берди:

Карзай: Афган элинин коопсуздугун камсыздоо жагынан өто начар иштедик. Бул биздин өкмөттүн жана биздин эл аралык өнөктөрүбүздүн эң чоң кемчилиги.

Хамид Карзай

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хамид Карзай

Биз Афган атуулдарына ишеничтүү коопсуздук чөйрөсүн түзүп беришибиз керек болчу. Муну эл аралык күчтөр жана Афган өкмөтү ишке ашыра алган жок.

Би-Би-Си: Чет элдик аскерлер 2014-жылы чыгып кеткенде эле жагдай оңолуп кетеби?

Карзай: Биз билбейбиз, оңолуп да кетиши мүмкүн. Эгер биз коопсуздукка байланыштуу туура багыттарга басым жасасак. Мисалы, Пакистанда согушкерлер жашынып жүргөн лагерлер. Алар Пакистанга да Афганистанга да зыян алып келүүдө. Алар бул мамлекеттерде абалды бузууну көздөгөндөргө көмөк көрсөтүүдө.

Пакистандагылардын колдоосу болбосо Талибан чыпалагын да кыймылдаталбайт. Талибандын саясий жана аскердик чордону Пакистанда жайгашканы шек туудурбайт. Муну барыбыз билебиз. Пакистан дагы билет, биз да билебиз.

Биз муну айыптоо катары айтып жаткан жокпуз. Биз муну маселенин чечилиши үчүн айтып жатабыз. Пакистандын өкмөтү Афганистан менен кызматташпаса, эл аралык коомчулук жигердүү киришпесе, Пакистандагы лагерлерди жоюш кыйын.

Карзай Пакистан лидери Юсуф Реза Гилани менен

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карзай Пакистан лидери Юсуф Реза Гилани менен

Би-Би-Си: Бирок сиздер маселеге түздөн түз тиешелүу адамдар менен сүйлөшпөйбүз десенер ал кантип чечилет?

Карзай: Сүйлөшө турган эч ким болбой жатпайбы! Ооба биз талибанды чакырдык, сүйлөшөлү деп талап кылып жатабыз. Бирок ким менен сүйлөшөбүз? Мына президент Раббанини өлтүрүп кеткенден кийин, талибандын өкүлүмүн деп келген кимисине ишенебиз?

Жанкечти менен сүйлөшмөк белек? Биз талибандын өкүлү деп так билген, белгилүү бир даректе жолуккан шартта гана сүйлөшө алабыз. Болбосо талибдер кайда экенин табыш кыйын.

Би-Би-Си: Мына, Сиздин кичинекей уулуңуз жүрөт, ал жана ага окшогон балдар кандай Афганистанды мурастап калат?

Карзай: Демократиялуу Афганистанды өз күчү менен өнүккөн, коопсуздугу бекем, коңшулары менен тынчтыкта жашаган Афганистанды мурастап калышат.

Эл аралык коомчулук менен соода аркылуу, башка багыттар боюнча байланышкан, кадимки тынчтыкта жашаган өлкөнү мурасташат.

Олег Кулаков Афганистандагы Советтик согушта үч жолу жарадар болгон

Сүрөттүн булагы, BBC World Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Олег Кулаков Афганистандагы Советтик согушта үч жолу жарадар болгон

Орус офицеринин эскерүүлөрү

Афган өкмөтү менен эл аралык күчтөр келечекти пландап, АКШ менен НАТО 2014-жылы өлкөдөн чыгып кеткенде эмне болот деп божомолдоп жаткан чакта, орус байкоочулары мындан 30 жыл мурун Афганистанга чабуул коюп, кайра чыккан Советтик аскерлердин тажрыйбасын эске салууда.

Советтик армиянын полковниги Олег Кулаков Афганистанда 5 жыл согушкан, 3 жолу жарадар болгон, Афганистандан 1989-жылы Советтик лидер Михаил Горбачев Афганистандан аскерлерди чыгарууну буйурганда өлкөдөн кеткен. Олег Кулаковдун эскерүүлөрү:

- Эң кызыгы, аскерлерди адеп киргизүү учурунда Советтер Союзу тарабынан дагы, НАТО тарабынан дагы өздөрүнө болгон ишеним ушунчалык күчтүү болгондуктан, өлкөдөн кайра чыгуу стратегиясы ойлонулган эмес.

Азыр Олег Кулаков Афган согушу катаачылык болгон дейт

Сүрөттүн булагы, BBC World Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыр Олег Кулаков Афган согушу катаачылык болгон дейт

Кокус иштер ойлогудай болбой калса эмне кылабыз деген экинчи план бизде да аларда да болгон эмес. Азыр бул стратегияны, мындайча айтканда, басып баратып жасап жатышат. Бул дагы бир катаачылык.

Мен башынан эле айткамын, силер ката кетирип жатасыңар деп. Силер бир катааны жасап аласыңар, анан эгер аны оңдойбуз десеңер, аны оңдош үчүн айланып жөнөйсүңөр. Биз кетирген катанын барысын силер да баштан өткөрөсүңөр дегем.

Чет элдик аскердик бөлүктөрдүн болгону алар үчүн кайра жакшы. Алар мындай абалдан өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат, жеке проблемаларын чечүүгө умтулушат. Алар туш тараптан акча алып турган болот.

Алар менен күрөшүп жаткандай болгону менен алар туш тараптан акча алып, өздөрүн кыйла бактылуу сезишет.

Стэнли Маккристал

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стэнли Маккристал

Афганистан АКШ үчүн узак согуш

Афганистандагы аскер операциясы тууралуу дагы бир аскер өкүлү пикири менен бөлүштү. Афганистандагы эл аралык коалициялык күчтөрдүн мурунку командири генерал Стэнли Маккристал АКШ менен анын союздаштары өлкөгө кирип келгенине он жыл болгону менен алар өз максатын көздөй аралыктын жарымын гана басып өттү деди.

"Америка Афган тарыхын өтө жөнөкөй түшүнүктөр менен ченеп алып согушка киришиптир", - деди генерал Маккристал.

Афганистандагы АКШ баш болгон аскердик чабуулдун 10 жылдыгы майрамдоого эмес, ойлонууга түрткөн дата. Афган согушу Америка тарыхындагы эң узак согуш болуп калды.

Америка Афганистандан чыгууга даяр. Мөөнөт белгиленген. 2014-жылы Америкалык аскерлер афганистандан чыгышат. Бирок бул стратегияга Талибдердин чабуулдары тоскоолдук жаратууда.

Коопсуздук толук көзөмөлдө эмес

Сүрөттүн булагы, BBC World Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коопсуздук толук көзөмөлдө эмес

Талибдер жагдай боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө ашыккан жок. Анын үстүнө Афганистан, Пакистан, Вашингтон ортосунда саясий, дипломатиялык тирешүүлөр да күч алып кетти. Генерал Стэнли Маккристал 2009-2010-жылдары коалициялык күчтөрду башкарып турду.

Анын айтуусунда АКШ менен НАТО он жыл ичинде максаттарын көздөй жарым жолду гана басып өтүштү. Катуу айтылганы менен бул сөздөр афган согушуна байланышкан маанайды чагылдырып турат. Америкалык аскердик кийлигишүүнүн негизги катаачылыгы катары генерал Маккристал эч ким Афган реалдуулугун, Афган маселесин терең билбегендигин айтат.

Ал өзү да ишин аягына чыгаралган эмес. Ал кызматынан чегинген. Генерал Маккристал Чет элдик мамилелер боюнча кеңеште чыгып сүйлөгөн сөзүндө Афганистан боюнча маселенин чечилиши аскердик аракеттер менен бирге саясий аракеттерде да жатат деп белгиледи.

АКШ баштаган күчтөр максатына жарым жартылай гана жетти дешет

Сүрөттүн булагы, Juan Cantlie

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ баштаган күчтөр максатына жарым жартылай гана жетти дешет

"Эң башкысы афгандыктар ишенген легитимдүү өкмөттү түзүү керек, бул өкмөт талибдердин таасирин айкалыштыра билүүсу абзел", - деди Генерал Маккристал.

Бирок он жыл өткөн соң коррупция, жаатташчылык, жергиликтүү башкармалардын өз алдынчалыгы өкүм сүрүп жаткан учурда мындай келечек Афганистанга жакында келчүдөн эмес.