Мамлекет тарыхый каталары үчүн кечирим сурашы керекпи?

Circa 1518, Spanish explorer Hernando Cortez meets Montezuma, king of the Aztecs.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мексика үч жүз жылдай Испаниянын карамагында болгон

Мексиканын президенти Испаниянын падышасына кат жолдоп, бир учурда Америка континентин басып алып жаткандагы куугунтугу үчүн азыр өлкөсү кечирим сурашы керек деп чыкты.

Мындай мисалдар дүйнөдө көп. Тарыхый каталары үчүн кечирим сураган да мамлекеттер болгон.

АКШ кулчулук жана сегрегация үчүн кечирим сураган

George Washington (1732 - 1799), the First President of the United States at Mount Vernon farm on the Potomac.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1865-жылы АКШ конституциясына өзгөртүү киргизип, өлкөдө кулчулукту жойгон

Кошмо Штаттары африкалыктарды кулчулукка мажбурлаганы үчүн эки жолу кечирим сурап, резолюция чыгарган. Биринчиси 2008-жылы Өкүлдөр палатасы тарабынан кабыл алынган, экинчисин 2009-жылы Сенат кабыл алган.

Резолюцияда бардык америкалыктардын атынан кулчулук жана ондогон жылдарга созулган расалык кодулоо үчүн афро-америкалыктардан кечирим сурбайбыз деп жазылган.

Коомчулук резолюцияга каршы чыкпаганы менен, Өкүлдөр палатасы менен Сенаттын ортосунда талаш чыгып, бирдиктүү документ даярдай албай калганы чоң талкууга жем таштаган.

Сенаттын резолюциясына кулчулук жана сегрегация үчүн афро-америкалыктарга кун төлөнбөйт деген да сөздөр кошулган эле. Буга Сенаттын афро-америкалык өкүлдөрү кескин каршы чыккан. Алар ондонгон жылдардан бери кулчулук жана расалык кодулоо үчүн компенсация төлөнүшү керек деген талабынан кайтпай келет.

President Barack Obama.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Обама кулчулук үчүн компенсация төлөп берүүгө каршы чыккан. Анын ордуна кажаратты мектеп куруп, жумушсуздукду жоюуга жумшоону туура көргөн

АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама Конгресстин чечимин колдогон, бирок кун төлөп берүү боюнча үн каткан эмес.

Обаманын үй-бүлөсүн мисал катары алсак, кун төлөп берүү канчалык татаал болорун көрсөтөт. Эки-президенттин энесинин үй-бүлөсүнүн кулдары болгон, атасынын үй-бүлөсү болсо кулчулук жоюлгандан кийин АКШга көчүп келишкен.

Эгерде компенсация берилет делсе, аны ким төлөйт жана кимге төлөнөт?

Кечирим сурагандан кийин кун төлөнүшү керек деген түшүнүктөн улам, көптөгөн дүйнө лидерлери мамлекеттин тарыхый каталары үчүн кечирим суроодон баш тартышат.

Британиянын Ирландиядагы ачарчылыкты күчөтүүдөгү ролу

Irish and UK flags

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британия кечирим сурагандан кийин Ирландия менен мамилеси оңолгон

150 жыл мурун, 1845-жылы Ирландияны ачарчылык каптаган. Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр өлкөнү башкарып жаткан учурда Ирландиядагы окуялар боюнча кайрылуу жасап, "Лондондо бийликте отургандар эл алдында өз милдетин аткарбай койгон" деп билдирген эле.

Ачарчылык учурунда бир миллион адам каза тапкан, эки миллион киши аргасыз жер которгон. Британ парламенти болсо азык-түлүк импортуна болгон чектөөлөрдү дароо алып салбай, ачарчылык күчөгөн.

Премьер-министр Тони Блэрдин кайрылуусу Ирландия менен Британиянын мамилеси оңолуп жатканда жасалган. Ирландия 1922-жылга чейин Улуу Британиянын курамында болчу. Андан бери эки өлкө Түндүк Ирландия жана башка талаштуу маселелер боюнча мунаса тапты.

Сынчылар Блэрдин кайрылуусун талдап, ал расмий түрдө кечирим сураган жок деп айтышкан. Британия ачарчылык үчүн Ирландияга кун төлөп бербегени менен, соңку жылдары айрым ирландиялыктарга компенсация төлөп берген учурлар катталды.

2013-жылы Британ өкмөтү 1950-жылдардагы Кениядагы Мау-Мау көтөрүлүш учурундагы куугунтук үчүн расмий түрдө кечирим сурап, 25 миллион доллар компенсация төлөп берген.

Батыш Германия Холокост үчүн кун төлөп берген

Main gates to Auschwitz Nazi concentration camp.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Холокост учурунда алты миллион жөөт өлтүрүлгөн

Батыш Германия Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттик Германиянын куугунтугу үчүн кун төлөп берүүгө дароо макул болгон.

1951-жылы канцлер Конрад Аденауэр "немис элинин атынан сөз менен айта албаган кылмыштар жасалды" деп айткан. 1953-жылы Батыш Германия Израил жана Холокостто аман калгандарга кун төлөй баштаган. Толугу менен 70 миллиард доллар төлөгөн.

Кызыгы, айрымдар Германиянын компенсациясын алуудан баш тарткан. Анткени алар акча алганын, нацисттик Германиянын кылмыштарын "кечиребиз" деген менен байланыштырышкан.

Израилге которулган каражат Европадан жер которгон жөөттөргө жардам катары колдонулган экен.

Кечирим суроодон баш тарткан мамлекеттер

Staff at the Yasukuni shrine.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапониядагы Ясукуни храмы согуш учурунда курман болгон 2,5 миллион кишиге арналган, бирок храм согуш кылмыштарды жасады делген аскер башчыларды да эскерет

Айрым мамлекеттер расмий түрдө кечирим суроодон баш тарткан.

Жапония Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Түштүк Корея жана Кытай менен ар түрдүү келишимдерге кол коюп, компенсация да төлөп берген. Ага карабастан согуш учурундагы кылмыштары үчүн Жапониянын коңшу мамлекеттер менен мамилеси солгундап кеткен учурлар байма-бай катталат.

Жапониянын премьер-министри Шинзо Абе өлкөнүн Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы кылмыштары тууралуу так кесе айтпаганы үчүн сынга кабылган. Ошондой эле лидердин согуш кылмыштарын жасады деп айыпталган аскер жетекчилерди эскерген храмга барганы да кызуу талкуу жараткан.

Ошол эле учурда Шинзо Абе Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда сексуалдык кулчулукка мажбурланган Корей аялдарына кун төлөп берүүгө макул болгон.

Көптөгөн саясатчылардай эле премьер-министр Абе жергиликтүү калктын улуттук сезимдери менен тышкы саясатты баланстоодо кыйынчылыктарга дуушар болду.

Мындай мисалдарды алыстан издебей эле, Кыргызстандан дагы тапса болот. Айталы, үч жыл мурун 1916-жылдагы көтөрүлүштүн 100 жылдыгы белгиленип жатканда, айрым активисттер Орусия кечирим сурашы керек деген талабын айткан. Ал тургай Кремль Үркүндүн курмандыктарына кун төлөп бериши керек деген талаптар да болгон. Бирок расмий деңгээлде мындай талаптар айтылбаганын белгилей кетүү керек.

Андан тышкары Түркия менен Армения ортосунда дагы 1915-жылдардагы кандуу окуяларга байланыштуу талаш жаралган. Армяндар 1915-16-жылдары 1,5 млн киши каза тапкан десе, түрк бийлиги курман болгондордун саны 300 миңден ашпайт деп белгилейт. Армения дүйнө коомчулугун окуяларды геноцид деп таанууга чакырат. Түркия болсо бул окуяларды геноцид деп эсептебейт. Осмон имериясынын карамагындагы армяндар депортация жана атуулдук согуш шарттарында кырылган жана эки тарап тең зыянга учураган деген көз карашты карманат. (AT)