Борборазиялык дипломатия: британ премьерине тартууланган ахалтеке күлүгү
1993-жылы ошол кездеги Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов Лондонго алгачкы иш сапары менен барып, британ премьер-министри Жон Мейжорго жал куйругу сапырылган аргымактын сүрөтүн белек кылган.

Сүрөттөгү Максат атактуу ахалтеке күлүгү эле. Түркмөнбашы эл көзүнө сүрөтүн бергени менен ырасында күлүктүн өзүн тартуулаган. Ошентип ахалтеке күлүгүн күнөстүү Ашхабаддан жамгырлуу Лондонго жеткирип бермек болушат.
Мунусу менен түркмөн бийлиги британ премьери Жон Мейжорду өтө ыңгайсыз абалга калтырды. Белектин баасы минималдык суммадан ашып кеткендиктен британ премьери андан баш тартышы керек эле. Бирок жогорку даражалуу коноктун белегинен баш тартууга дагы болбойт деп чечишти.
Жакында эле Улуу Британиянын улуттук архивиндеги ачыкка чыккан документтерде британдык дипломаттардын мамлекеттер аралык олуттуу маселелерди кантип чечкени белгилүү болду. 1990-жылдардын башындагы британ дипломаттарынын ич ара кат алышуусу кызыктуу фактыларды камтыйт. Бул мурдагы СССР курамындагы өлкөлөр менен Улуу Британиянын ортосундагы байланыштар кантип түзүлгөнү тууралуу маалыматтар.
Мына ушул окуялардын ичинде Түркмөнбашынын премьер-министр Жон Мейжорго тартуулаган күлүгүнүн таржымалы өзгөчө кызыктуу.

Сүрөттүн булагы, UK National archive
Бул белектин тагдыры эмне болгону тууралуу премьерге билдирүү жазган анын жеке катчысы: "Бул Гоголдун атына татыктуу кызыктуу окуя",-деп белгилеген экен.
Максат ысымдуу күлүктөн британдыктар баш тартышкан жок. Күлүктү алып келгенден кийин аксарайдын кавалериясында кармай турган болушат.

Сүрөттүн булагы, UK National Archive
Түркмөнбашы ахалтеке күлүгүн Франциянын ошол кездеги президенти Франсуа Миттеранга дагы белек кылган. Максатка кошуп дагы бир ахалтекени түркмөндөр Москвага салышты. Казакстанга келгенде поездге каракчылар кол салып, контейнерди ачып салышкан.
Бирок кол салгандар күлүктөрдү алып келе жаткан атчылардан акча өндүрө албай калышканын элчиликтин үчүнчү катчысы Лора Брейди өз катында эскерип өткөн экен.
"Негизи жүк (аттар) поездден түшүп, казак талаасын аралай чуркап кеткиси келген эмес",-деп жазган Брейди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркмөн күлүктөрүн салган поезд Москвага жеткен учурда коогалаңдуу окуялар болуп жаткан. Президент Борис Ельцин менен Жогорку Совет каршылашып, "Останкиного" чабуул болуп, Ак үйдү танк менен атышкан. Бул кадрлар бүт дүйнөгө тараганын билебиз.
Ушул маалда британ дипломаты Лора Брейди орусиялык бажычылар жана ветеринардык көзөмөл менен "согушуп" жаткан. Түркмөн аргымактарын Москвадан ары Лондонго жөнөтүшү керек болчу. Акыры бүт уруксат кагаздарын жыйнап, ахалтеке күлүктөрүн жөнөтүштү.
Максат аксарайдагы кавалерияга берилген жок. Атты Уэльстеги Кармартеншир графтыгындагы атканага жеткиришти. Күбөлөрдүн айтымында кийин ахалтеке күлүгү ат чабыштардан бир нече байгелерди уткан.
Дипломаттардын кат алышууларында постсоветтик өлкөлөрдөгү авторитардык режимдер менен батыш өлкөлөрүнүн мамилеси кантип түзүлгөнү тууралуу да сөз болот.

Сүрөттүн булагы, UK National Archive
1993-жылы Казакстан тараптан британдык дипломатка президент Нурсултан Назарбаев Улуу Британияга биринчи жолу иш сапары менен баруу ниетинде экенин билдиришет.
"Казакстандагы британдык коммерциялык кызыкчылыктарды эске алып, премьер-министр күзүндө Улуу Британияда президент Назарбаев менен кыска мөөнөткө бейрасмий жолугушууга даяр",-деп кат жазган премьер Жон Мейджордун жеке катчысы Родрик Лайн.
Лайн Британиянын Тышкы иштер министрлигине жолдогон катында казак президенти расмий иш сапарга ашыкпай турсун деп кеңеш берет.
"Эгерде эки тараптуу мамиле солгундап кетсе, биз кайра чечимди өзгөртүшүбүз мүмкүн",-деп жазган ал.
Бирок казак тарап бейрасмий иш сапарды четке кагып, расмий иш сапар уюштургула деп көөшөрөт. Жыйынтыгында Британиянын тышкы саясат боюнча мекемеси Назарбаевди "өкмөттүн коногу" (Guest of Government) катары чакырууга сунуш берет.
Бул маселе шыр эле чечилип калган жок. Ушул эле маалда коңшулаш Өзбекстан дагы президентинин Британияга биринчи иш сапары тууралуу талкуулап жаткан.
"Эгерде премьер-министр президент Назарбаевди чакырса, анда бул анын борборазиялык атаандашы, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду таарынтат. Деген менен азырынча биздин Өзбекстанга коммерциялык кызыкчылыгыбыз жок, эгере болсо дагы Казакстандын деңгээлинде эмес. Ошол эле учурда алардын потенциалы жогору",-деп кабардар кылган Британиянын Тышкы иштер министрлиги өкмөт башчынын кеңсесине жолдогон катында.
"Эгерде биз Каримов Назарбаевдин пландарын билгенге чейин ага так датаны сунуштасак, маселени жайгара алабыз",-деп кошумчалаган.

Сүрөттүн булагы, UK National Archive
Ротшильд банкы (Rotschild and Sons Ltd) дагы премьер Жон Мейжордун кеңсесине кайрылып, Каримов менен тез арада жолугушуу уюштурууга чакырган.
"Биз үчүн маанилүү маселе бул - алтын,-деп жазган банктын жетекчиси Дерек Томас премьер-министрдин кеңсесине жолдогон катында. - Швейцариялык жана немис банктары Өзбекстанга байланышкан алтын бизнеси боюнча бизден бир аз озуп кетишти. Анткени Швейцария менен Германиянын өкмөттөрү Каримовду кабыл алып, ага көңүл бурушту".
Өзбекстандык банкирлер "эгерде Каримовду Улуу Британияда кабыл алышпаса, иштеше албайбыз" деп Дерек Томаска ачык эле айтышкан экен.
"Бул жерде мен эч кандай шантажды көргөн жокмун. Болгону бул базардын инстинкти",- деп жазган ал.
Британдык дипломаттар Назарбаевдин иш сапарына дагы артыкчылык беришкен. Соода жана индустрия башкармалыгынын жетекчиси өкмөткө жазган катында бул иш сапардын маанилүү жагдайларын белгилеп жатат.
"Эгерде биз Казакстанда ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнү кааласак, өкмөт менен байланыштарды кармашыбыз керек. Коммунисттик ой жүгүртүүлөрдөн арылганга чейин байланыштарды кармап туруу зарыл. Казак министрлери менен жеке мамиле түзүү дагы маанилүү",-деп жазган.
Сыягы британдык дипломаттар мунун баарын адашып баалап алгандай. Көрсө, бул "базардын инстинкти" деле эмес экен. Авторитардык өлкө лидерлеринин иш сапары болгону өзүнүн легитимдүүлүгүн бекемдеп алуунун эле бир жолу болгондой. Ошондуктан борборазиялык лидерлер өздөрүнүн иш сапары расмий болушун каалаган.
Мейжордун кеңсеси акыры чечим кабыл алды. Каримов менен 1993-жылдын ноябрь айында жолукмак болуп, Назарбаевди 1994-жылдын мартында расмий иш сапар менен келүүгө чакырган.
Бул жолугушууларга котормочулук кылган Тони Бишоп өзбек президенти кабыл алууга өтө ыраазы болуп кеткенин жазган. "Менимче, аны адам укугу жаатындагы кырдаал боюнча тынчын алышпаганына ыраазы болду окшойт". Каримовдо "орустардан көңүл калгандыктан жана шекшинүү дагы байкалат",-деп белгилеген Бишоп. (AbA)












