Согуш жарасы: Жыныстык кулчулукка мажбурланган корей кыздары

Kim Bok-dong pictured in 2016

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Бөк Доң 92 жашында көз жумду
    • Author, Flora Drury
    • Role, BBC News

Түштүк Корея белгилүү активист Ким Бөк Доңду жерге берди. Анын тажыясына жүздөгөн кишилер катышып, табытын Жапониянын Сеулдагы элчилигинин алдынан көтөрүп өтүп баратышканда, "Жапония кечирим сура!" деген чакырыктар жаңырды.

Маркум менен коштошуу зыйнаты өзгөчө өттү. Ким Бөк Доң дагы өзгөчө адам эле дейт замандаштары. Ал өмүр бою адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн. Көзү өткөндөн кийин деле анын күрөшү уланып жаткандай.

Ким Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда сексуалдык кулчулукка кабылган миңдеген корей кыздардын бири болгон. Согуш жылдарында корей кыздарды жапон аскерлери зордуктап, намысын кордогон.

Ким Доң 92 жашында көз жумду. Ал өмүрүнүн аягына чейин Жапониядан "кечирим суроону" талап кылып, бирок аны укпай оо дүйнө салып кете берди.

"Мен аял болуп төрөлгөм, бирок өмүр бою аял болуп жашай албай өттүм", -деген Кимдин сөзү тарыхта калды.

"Өмүрдү соолуткан кордук"

Ким Бөк Доң кырк жылдан кийин гана башынан өткөндөрүн айтып берүүгө эрки жеткен. Жапон аскерлери аны 14 жашында Янсан шаарындагы үйүнөн алып кетишип, жыныстык кулчулукка мажбурлаган. Башында аны заводдо иштейсиң деп айтышкан экен. Каршылык көрсөткөндөрдү "үй-бүлөсүн жок кылабыз" деп коркутушкан.

Ошентип Кимди Жапониянын Империалдык армиясы түзгөн жүздөгөн "сойкуканалардын" бирине алып барып ташташкан. Сойкуканаларда 200 миңге чукул корей кыздары зордукталган деген божомолдор айтылат.

Видеонун түшүндүрмөсү, Сексуалдык кулчулукка мажбурланган өспүрүм кыздар

Ким Доң 2018-жылы берген маегинде жапон армиясы аны Кытайга алып келгенин, аскерлердин "тиги өтө эле жаш го" деп сүйлөшкөндөрүн укканын эскерет. Бирок анын секелек курагы аскерлерди токтото алган эмес.

"Биринчи жолу зордукталганым эсимден эч качан кетпейт. Бөлмөлөрдүн бирине алып кирип, сабашты. Аргасыз көндүм".

Ким айым 14 жашында шейшептер кыпкызыл кан болгонго чейин зордукталганын, бул жерден кутулуунун бир эле жолу - өлүп тынуу гана бар экенин ойлогон.

Liberated Comfort Women on Okinawa during World War Two

Сүрөттүн булагы, Mary Evans Picture Library

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сексуалдык кулчулукка мажбурланган кыздарды америкалык аскерлер куткарган. Сүрөт Кытайда 1945-жылы апрель айында тартылган

Бөлмөлөрдү жыйнап жүргөн кызматкерди көндүрүп, энеси берген акчага эң күчтүү делген алкоголдук ичимдикти саттырып алат. Алкоголду Ким менен чогуу эки кыз дагы ичип, өз өмүрүн кыймай болушат. Бирок кыздар аман калышкан.

Кийин бул окуяларды бүтүн дүйнөгө айтып чыгууну чечкени дагы ошондон кийинки чечими эле. Бир өлүмдөн калды, эми өмүрүнүн маңызы болушу керек.

"Башымдан өткөн кейиштүү окуяларды кантип айтып берем?"

Жапониянын армиясы 1930-жылдары аскерлери үчүн атайын "сойкуканаларды" ача баштаган. Армия "сойкуканалар" жоокерлерди жугуштуу илдеттерден сактап, согуш учурундагы "сексуалдык зордуктарды" токтотот деп ойлогон.

Башында өз ыктыяры менен келгендер гана иштеген. Кийин аскерлердин саны өскөндүктөн, жаш кыздарды жыныстык кулчулукка мажбурлашкан.

Ким жоокерлер "сойкукананын" сыртында тизилип, кезеги келгенде кирип турганын маектеринин биринде эскерген эле.

Presentational grey line
Presentational grey line

Дем алыш күндөрү өтө оор болчу. Ишенби күнү жаш кыздар алты саатка чейин эч токтобой зордукталчу. Мындай азап жана кордук жекшемби күнү тогуз саатка чейин уланчу.

Ким айым бир күндө элүү эркек зордуктап кеткенин айткан. Жаш кыздар санап жатып, адашып калчу экен. Кыздардын "иши" бүткөндө бутуна тура албай калышкан.

Ким өспүрүм кезинде бир "сойкуканадан" экинчисине көчүп жүрүп, 1945-жылы Сингапурга жеткирилген. Согуштун аягында жапон армиясы сексуалдык кулчулуука мажбурланган кыздарды башка иштерге тарта баштаган. Ким айым ооруканада медайым болуп иштеп калган.

Kim Bok-Dong (87), a former comfort woman, who served as a sex slave for Japanese troops during World War Two, attends a rally to mark 67th Independence Day in front of Japanese embassy on August 15, 2012 in Seoul, South Korea.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким айым окуясын 1992-жылы айтып берип, атактуу активистке айланган

Ким Бөк Доң 1947-жылы гана Түштүк Кореяга кайтып келген. Ал канча убакыт алыста жүргөнүн билген эмес жана окуясын жакындарына айтып бере алган эмес.

"Башымдан өткөндү кантип айтып бермек элем. Мени каалагандай колдонушту, аны сөз менен айтып бере албайсың".

Кимге окшогон башка кыз-келиндер да окуясын ачык айтуудан баш тарткан. Түштүк Кореянын консервативдик коому да мындай окуяларга терс карайт эмеспи.

Presentational grey line
Presentational grey line

Ким бир нече жылдан кийин жыныстык кулчулукка мажбурланганын энесине ачык айтууга аргасыз болгон. Көрсө, ата-энеси Кимди күйөөгө чык деп үндөп, анын буга каршы болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылышкан.

"Мен баарын айтып бердим. Башымдан өткөн кыйынчылыктардан кийин организм деле жарабай калган. Бейкүнөө адамдын турмушун талкалагым келген эмес".

Кимдин энеси кабатыр болуп, көп өтпөй жүрөгү кармап көз жумган.

"Кеп акчада эмес"

Ким Бөк Доң окуясын ондогон жылдан кийин гана кайра ачык айткан. Ал Пусан шаарына көчүп барып, деңиз азыктарын даярдаган ашкана ачкан.

1991-жылы Ким Хак Сун Жапониянын армиясы аны сексуалдык кулчулукка мажбурлаганын ачык айткан биринчи түштүккореялык болду. 1992-жылы март айында Ким Бөк Доң да өз окуясын айтып берген.

Эки аялдын окуясынан кийин туш тараптан сексуалдык кулчулукка кабылгандар башынан өткөндөрдү ачык айта баштады. Вьетнам, Кытай жана Түштүк Кореядан жаш кыздар зордук-зомбулукка кабылганын айтышкан.

2014-жылы сексуалдык кулчулукка мажбурланган аялдарга жардам берүү үчүн Ким айым "Көпөлөк" деп аталган фондду негиздейт. Фонд Азия өлкөлөрүнөн тарта Конго, Уганда сыяктуу мамлекеттердеги аялдарга жардам берип келди.

A painting of Kim Bok-dong with women carrying butterflies in front of it

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сеул шаарындагы коштошуу зыянатына жүздөгөндөр чогулду

2015-жылы Ким айым согуш жүрүп жаткан аймактарда жабыркаган балдарга билим берүү үчүн фонд түзгөн. Ал өзү билим албай калганына көп жолу өкүнгөн экен. 2018-жылы рак илдетине чалдыкканын билгенде, Ким болгон акчасын кайрымдуулукка которуп жиберген.

Ким Бөк Доң дүйнө жүзүн кыдырып, өз окуясын айтып берди. Ар апта сайын, шаршемби күнү Жапониянын элчилигинин алдында демонстрация өткөрүп, "кечирим сурагыла" деп талап кылып келди. Бирок расмий Токио кечирим сураган жок.

2015-жылы Түштүк Корея менен Жапония Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы окуялар боюнча келишимге жетишип, Токио 8,3 миллион доллар кенемте төлөп берген. Ошондой эле Түштүк Корея Жапониянын Сеулдагы элчилигинин алдына сексуалдык кулчулук курмандыктарына орнотулган эстеликти алып салышы керек болчу. Бул келишимге Ким Бөк Доң каршы чыккан. Ал Жапония күнөөнү мойнуна алышы керек деп талап кылган. Себеби Жапониянын айрым расмийлери кыздар өз ыктыяры менен "сойкуканаларга" барганын айтышат.

"Жапония 10 миллиард иен берсе да алмак эмесмин. Кеп акчада эмес. Алар дагы деле бизди "өз ыктыяры менен келген" деп айтып жатышат", -деп айткан эле Ким айым.

Ким Бөк Доң миңдеген жаш кыздарга эргүү берди. Кыз-келиндерди билим алууга, максатына жетүүгө түрткү болду. (AT)